Электрондук күндөлүк системасы – мугалимдин жана баланын билим деңгээлин аныктайт жана коопсуздукка кам көрөт
22 октябрь

Электрондук күндөлүк системасы – мугалимдин жана баланын билим деңгээлин аныктайт жана коопсуздукка кам көрөт

Кыргызстанда орто мектептер 2-чейректен тартып толугу менен электрондук күндөлүккө өтөт. Буга байланыштуу система кандай иштейт жана анын бала үчүн кандай пайдасы бардыгын Билим берүү жана илим министрлигинин Санарип технологиялар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу түшүндүрдү. 

– Ноябрдан тартып өлкөдөгү бардык мектептерди электрондук күндөлүк системасына өткөрүү алдында турабыз. Анын биринчи артыкчылыгы, акысыз, экинчиден, билим берүү жаатына тиешелүү дагы бир топ маселелерди чечкенге жардам берет, – деди ал. 

Айтымында, электрондук күндөлүк ата-эне менен мектептин байланышын бекемдейт жана мурдагыдай ата-эне баласынын сабакка катышуусун жана билим алуу деңгээлин көзөмөлдөө үчүн мугалим менен байланышууга зарылчылдык жаралбайт. Анын баары электрондук күндөлүктө көрүнүп турат. Ошондой эле, министрлик үчүн аналитикалык кызматты да аткарат. 

“Кыргызстандагы бардык мектептер, анда окуган жалпы окуучулардын билим деңгээли, кайсы предметтер канчалык деңгээлде өздөштүрүлүп жатканы жана кандай багытта баратканына көз салуу жана талдоо министрлик үчүн оңойурак болот. Андан сырткары, жогоруда айтылгандай, бала-мугалим-ата-эне баарлашуусу калыптанат”, – деп белгиледи Шаршенбай уулу. 

Бул жаатта мугалимдердин ой-пикири кандай? Кагаздан санарипке өтүүгө бардык мугалимдер даярбы деген суроолорго бөлүм башчы төмөнкүдөй жооп берди: 

“Санариптештирүү 5-6 жылдан бери уланып келатат. Андагы максаттардын дагы бири – мугалимдерди, мектеп кызматкерлерин кагаз иштеринен арылтуу болгон. Алардын жумушу кыскарып, түйшүгү жеңилдейт. Биздин тармак абдан чоң, дээрлик 1,5 миллион окуучу, 90 миңге жакын мугалим бар, алардын алган билими жана жасаган жумушунун жыйынтыгын талдоо, ага жараша чечим кабыл алуу санарип менен ылдам болот. Бул жаатта 12 миңдей мугалим атайын окуудан өткөрүлдү. Андан тышкары ар кандай курстар иштеп жатат жана колл-борборубуз бар. Ага системаны түшүнбөй жаткан мугалим болобу, ата-эне болобу, байланышып, суроолоруна жооп таба алышат”. 

Айтымында, мектептер жеке компаниялардын электрондук күндөлүктөрүн колдонушат. Мында, тандоо укугу ар бир мектептин өзүндө, кайсы автор менен иштешүүнү, кандай багытта иш алып барууну мектеп өзү чечет. Ошондой эле, мында баланын коопсуздугу да жатат. 

“Учурда иштебеген ата-эне дээрлик жок. Баары эртеден-кечке жумушта. Алар баласынын сабакка катышканын, кандай баа алганын, үй тапшырмасын аткарганын онлайн көрө алышат. Андан сырткары, президенттин жарлыгынын негизинде санариптештирүүгө чектөөлөр бар. Ал – жогоруда айтылгандай электрондук күндөлүктү акысыз кылуу. Өзүңүздөр билгендей, азыр баштагыдай ата-энелер комитети же башка фонддор мектептерде жок, ага жараша ар кандай акча чогултуулар да токтогон. Буйруса, мамлекет тарабынан ата-энелер акча чогултпасын деген максатта мектептерге чоң каражаттар бөлүнүүдө”, - деди Шаршенбай уулу. 

Ал белгилегендей, аталган министрлик электрондук күндөлүк системасын этап-этапка бөлбөй, жалпы бир киргизүүгө аракеттенип жатат.