Дүйнө рекордсмени Адилет Муроков: Жеңишимди апама арнадым
8 август

Дүйнө рекордсмени Адилет Муроков: Жеңишимди апама арнадым

Кыргызстандык спортчу Адилет Муроков Таиландда өткөн стренглифтинг боюнча дүйнө чемпионатында бицепс менен 87,5 кг көтөрүп, дүйнөлүк рекорд койду. Маекте ал күч спортуна кантип келгенин, апасынын ишенимин эмне үчүн эң маанилүү колдоо деп эсептээрин жана стренглифтинг  эмне үчүн уникалдуу экенин айтып берди.

– Адилет, өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз. Бул өзгөчө, ошол эле убакта популярдуулукка ээ болуп жаткан спорттун түрү – стрэнглифтингге кантип келип калгансыз?

– Кичинекей кезимде анча деле күчтүү эмес болчумун. Күрөшкө, бокска барып, салмак кошуп, күчтөнүүгө дайыма аракет кылчумун. Жаштыгымда грек-рим күрөшү боюнча белгилүү машыктыруучу Хаким Махмудовдун колунда машыктым. Ал менин килемге караганда темирге жакын экенимди байкады, качалкадан чыкчу эмесмин да. Бир жолу ал: «Сен качок болгуң келеби? Анда штангисттерге бар», – деди. Баары ошентип башталды.

Кийинчерээк, университетте пауэрлифтинг боюнча спорт чеберлери болгон эки бала менен достошуп калдым. Алар мени машыктыруучум Галим Шалкатанурович менен тааныштырышты. Дал ушул киши мага спорттук чыйралуу берди жана олуттуу иштөөгө шыктандырды. Тилекке каршы, ал жакында эле дүйнөдөн кайтты... Ар бир устат үчүн артында шакирттерин калтыруу маанилүү. Мен анын жолун улантууга аракеттенип, жаштарга спорт жана сергек жашоо алкоголдон, тамекиден же бош жүрүүдөн алда канча жакшы экенин жеткирип келем.

– Стренглифтингдин өзгөчөлүгү эмнеде? Ал күч спорттун башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?

– Стренглифтинг – бул пауэрлифтинг менен бодибилдингдин ортосундагы нерсе. Пауэрлифтингдегидей үч гана стандарттуу кыймылга же бодибилдингдегидей сырткы көрүнүшкө эле басым жасалбайт. Бул күч, чыдамкайлык, функционалдуулук маанилүү болгон дисциплина. Мисалы, бурч менен жатып штанганы көтөрүү, полдон бицепске штанганы көтөрүү жана штанганы аркадан көтөрүү – Гаккеншмидт көтөрүүсү деп аталат. Мунун баары кызыктуу, жаңы, ар түрдүү. Мен, мисалы, пауэрлифтингден чарчагам, ал эми бул жерден экинчи дем пайда болду.

– Таиландда өткөн дүйнө чемпионатына катышууңуз тууралуу айтып бериңиз. Кантип рекорд койдуңуз?

–м Мелдештерге чейин бул салмакты көтөрө алчу эмесмин. Бирок помостто, бүт өлкө сени карап турганын сезгенде, чоң жоопкерчилик, адреналиндин күчтүү агымы пайда болот. Адегенде 85 кг заказ кылдым – бул учурдагы рекорд экенин билдим. Жаңы рекорд коюу үчүн 2,5 кг ашык көтөрүү керек болчу. Мен 87,5 кг көтөрдүм – бул жаңы дүйнөлүк рекорд болду.

Рекорд коюу үчүн төртүнчү мүмкүнчүлүк берилет м мен 90 кг көтөрүп көрүүгө аракет кылдым, бирок азырынча ишке ашкан жок. Кийинки дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө өтөт, ошол жерде өзүмдүн жыйынтыгымды жаңыртам деп ишенем.

– Бул жеңишти кимге арнадыңыз? Сиз үчүн бул эмнени билдирет?

– Жеңишти апама арнадым. Мага дайыма ишенгени жалгыз адам – апам. Сапарга чыгардын алдында ал жөн гана: «Мен сага ишенем», – деди. Ушул жөнөкөй сыяктуу сезилген сөздөрдө укмуштуудай күч бар. Эне менен баланын ортосундагы байланыш төрөлгөндөн кийин дагы кандайдыр бир ичке деңгээлде сакталып калат деп ойлойм. Апамдын дал ушул ишеними мага жардам берди.

– Эл аралык аренада сизди кандай кабыл алышты?

– 2019-жылы биринчи жолу чыгып, экинчи орунду алгам. Кызыгы, анда биз болгону бир жарым ай машыкканбыз. Уюштуруучулар мындай даярдык менен ушундай салмактарды көтөрүүгө болоруна таң калышкан. Спорттун ушул түрүнүн негиздөөчүлөрү – индустар. Алардын бири: «Сен кайсы жактан келдиң?» – деп сурады. Мен: «Кыргызстандан» — дедим. Алар Кыргызстандын кайда жайгашканын да билишпейт экен. Мен тамашалап: «Кыргыздардын эң алсызы менмин, мени болгону чалгынга жиберишти», – дедим. Албетте, биздин өлкөдө чыныгы күчтүү балдар көп экенин билем – тилекке каршы, алар башка, кирешелүү иштер менен алектенип кетишкен.

– Азыр спорт, айрыкча күч спорту дайыма эле киреше алып келбейт. Бул тууралуу эмне деп ойлойсуз?

– Ооба, бүгүнкү күндө спорт көп жагынан коммерцияга айланып кетти. "Сага канча төлөштү?" - деп сурап калышат. Бирок спорт – бул биринчи кезекте рух, жан аябастык, эмгек. Биз материалдык дүйнөдө жашайбыз, каржылык колдоосуз чынында эле кыйын. Бирок жаштар түшүнсө дейм: спорт – бул акча эмес, андан да алда канча маанилүү нерсе. Бул жол, бул тартип, бул урматтоо.