Мигранттардын эл аралык күнү: Мекенге кайт, мекендеш?..
Бүгүн 18-декабрь – мигранттардын эл аралык күнү. Бул учурда миграцияда жүргөн гана эмес, качандыр бир мигранттын жолун басып өткөн бардык жарандардын майрамы. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 650 миңдей жараны ар кайсы өлкөлөрдө иштешүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу мигранттарга байланышкан маселелер тууралуу айтып берди.
«Бүгүнкү күндө тышта жүргөн кыргызстандык 650 миңдин тегерегиндеги мигранттардын басымдуу бөлүгү Россия Федерациясында. Бирок акыркы учурда орус жергесиндеги акыбалдан улам ал жактагы мигранттардын санын азайтууда. Себептер – атайын операциялар, рублдин курсунун ылдыйлашы, «Крокус – Ситидеги» кырсыктан кийин мигранттарга карата мыйзамдардын катаалданышы. Мына ушул себептерден улам Россиядагы мигранттар мекенине кайтып келишүүдө. Ошол эле учурда ал жактан кайтып келгендер жана биринчи жолу миграция агымына кошулгандар башка өлкөлөргө кетип жатышат. Бизде жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча атайын борборубуз бар. Ал борбор алып барган иштин негизинде, жарандарыбыз иштөө үчүн 28 өлкөгө жөнөтүлөт. Негизинен аларды экономикасы өнүккөн өлкөлөргө жөнөтүүгө аракет кылып жатабыз. Ушул жылдын январь айынан тартып биздин жардамыбыз менен 17 миңден ашуун кыргызстандык кетти. Азыркы күндө эң популярдуу өлкө – Европа мамлекеттери, ошол эле Улуу Британия болууда», – деди Дарманкул уулу.
Ал белгилегендей, жарандар Европа өлкөлөрүндө сезондук иштерге тартылышкан. Жакында аталган министрлик Италия менен ушул багытта, сезондук иштерге кыргызстандыктарды жөнөтүү жаатында келишимге кол койду. Жаңы жылга чейин бул келишимдин алкагында 35 миң кыргызстандык кетет, жаңы жылдан кийин дагы кошумча сандар такталат.
Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, сезондук иштерге барууну каалаган, деги эле Эмгек министрлиги аркылуу чет өлкөлөрдө расмий жумушта иштеп келүүгө умтулган жарандар migrant.kg сайтына кирүү менен кошумча маалыматтарды ала алышат. Ал жакта ошол 28 мамлекеттин тизмеси, андагы мыйзамдар жана мигранттарга легалдуу жүрүүнүн жол-жоболору жайгаштырылган. Андан сырткары аталган сайтта кара тизме кызматы да иштейт, башкача айтканда, анда сыртка чыгып иштөөнү каалаган жарандар өздөрүн кара тизмеден текшере алышат. Эмгек министринин орун басары белгилегендей, аталган сайттагы эң көп киши кирген кызмат – так ушул кара тизме. Бүгүнкү күндө 69 миңден ашуун жаран өзүн кара тизмеден текшерген.
«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Россияда 1-январдан жана 5-февралдан баштап мигранттарга карата кабыл алынган мыйзамдар күчүнө кирет. Ага байланыштуу кара тизмеден башка, «тобокелчилик зонасы» тизмеси да пайда болгон, анда учурда 72 миң жаран турат. Бирок кара тизмеден айырмасы, мындагылардын эгер мыйзам жол берсе укуктарын мыйзамдаштырып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Учурда биз Россиядагы өкүлчүлүгүбүз, Элчиликтин алдындагы консулдук кызмат менен тыгыз иштешип, элге маалымат жеткирүүгө аракеттенип жатабыз. Бул тизмеден да ар бир жаран кирип,өзүн текшерип алса болот», – деди.
Россиядагы кыргызстандык мигранттардын эреже бузушунун башкы эки себеби бар, дейт Бакыт Дарманбек уулу. Булар – биринчиси, жашаган жери боюнча регистарциянын мыйзамсыз болушу. Анткени, батирди ижарага берген тарап эгерде жашоочуларын мыйзамдуу регистрация кыла турган болсо, 18 пайыз салык төлөп калат. Экинчиси, эмгек келишимин регистрация кылуу. Мында да, жумуш берүүчү тарап эмгек келишимин расмий каттаса, жумушчулары үчүн салык төлөөгө туура келет. Ушундай көрүнүштөр мигранттардын эреже бузуусуна алып келүүдө. А эреже бузуу биринчи жолу аныкталса, ошол мигрант жогоруда айтылган «тобокелчилик зонасына» кирип калат.
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук департаментинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, мыйзамдар катаалдашканына карабай, учурда кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү дагы деле Россия жергесинде. Орус ТИМинин расмий маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ал жакта 333 миң кыргызстандык иштеп жатат. Кыргызстандык мигранттардын саны боюнча андан кийинки орунда Казакстан, андан соң Түркия турат.
«Өлкө жетекчилиги сырттагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу саясатын жүргүзүп жатат. Анын негизинде жумуш орундары түзүлүүдө жана өзүбүз баамдап жаткандай бизге да жумушчу күчү жетишпей баштады. Биз дагы Пакистан, Бангладеш, Индия сыяктуу мамлекеттерден мигранттарды кабыл алып, Эмгек министрлиги квотаны көбөйтүүгө аргасыз болууда. Учурда сырткы мигранттардын саны 650 миңге түштү, бул абдан кубанычтуу көрүнүш, демек, алардын кайсы бир бөлүгү мекенге кайтышты», – деди Кулукеева.
