Барчынай Кадырбекова: Аял бактысын 40 жаштан кийин таба алабы?
Легендарлуу “Москва көз жашка ишенбейт” (“Москва слезам не верит”) тасмасында башкы каарман Катеринанын “Жашоо 40 жаштан кийин башталат, мен муну эми так билем” деген фразасы эсиңиздеби? Бул өз убагында жана азыр дагы 40 жаштан ашкан айымдарга кандайдыр бир ишеним жана үмүт тартуулайт. Психолог Барчынай Кадырбекова да адамдын өз бактысын табуусуна, өзүн өнүктүрүүсүнө эч бир курак тоскоолдук жаратпайт деп белгилейт.
Чыныгы жашоо 40 жаштан кийин. Кантип?
Кантип эле 40 жаштан кийин жашоо башталсын? Бул убакта сенин күлгүн курагың кеткен болот, сенин эч кимге керегиң болбой калат деген ойлор бар. Азыр жашаш керек, 40тан кийин кызыгы жок дегендер да кездешет. Биздин коомдогу аялдарга 40 жаштан кийин тыюулар:
- төрөгөнгө болбойт;
- турмушка чыгууга болбойт, анткени ,төрөө мөөнөтүң өтүп кетти, төрөбөсөң сенин адам катары эч кимге керегиң жок;
- жаңы жашоо баштоого, жаңы кесипке ээ болууга болбойт.
Үй-бүлөлүү аял болсо бул курагында өзүнүн балдарын чоңойтуп, небере кароого даярданып калат. 40 жаштан кийин аялдар кандай өзгөрөт? Карым-катнаш күтө баштайт. Кааласа-каалабаса дагы, чоң аял болдум, эми туугандар менен мамилени бекемдеш керек деген ойго кептелет. Бул эки эсе көп жоопкерчиликти чакырат, мындан ары той-топур, алыш-бериш убаракерчилигине сүңгүйт. Андан сырткары чоңойуп калган балдары менен мүнөзү келишпей калса, бул өзүнчө маселе жаратат. Ошентип, жалаң гана көйгөй, өзүнүн эмес башкалардын жашоосу менен жашоого өтүшөт.
А бирок буга “токто” деп айтып, өзгөрүүгө болот. Кантип?
Өзүмдүн мисалымдан айтсам, 40тан кийин жашоомдун барктуу, таттуу болуп өзгөрүп жатканын сезем. Ал нерсени түшүнүүгө мага дүйнөлүк психолог Карл Густав Юнгдун “Эмне үчүн чыныгы жашоо 40 жаштан кийин башталат” деген китеби жардам берди.
Бир убактарда мен “балдарың жаш кездеги көйгөй көйгөй эмес, чыныгы көйгөй чоңойушкандан кийин башталат” деген сөздөргө ишенип, ошол алдыдагы көйгөйлүү күндөргө өзүмдү даярдайт болчумун. Мен эмнени түшүндүм? Көрсө, чоңойуп калган балаңды этегиңден кетирбей, анын жашоосуна аралашып, анын маселесин өзүңдүкү сыяктуу кабыл алууну уланта берсең, көйгөйүң эки эсе көбөйөт экен. Албетте, анан 40 жаштан кийин кантип жашоо башталмак эле. Биринчи, балаңды туурунан бошотконго үйрөн. Чоңойттуң, билим бердиң, турмуштук сабактарды үйрөттүң – андан ары өзү жашоону таанып-билишине мүмкүнчүлүк бер. Экинчиден, сенин жеке жашооң бардыгын унутпа. Бизде көбүнчө аялдар 40 жаштан кийин кимдир бирөөнүн жашоосуна сиңип кетет, өзү тууралуу такыр унутат. Сен мындайга жол бербе.
40тан кийинки дагы бир көйгөй – оорулардын башталышы. Сөзсүз түрдө организмде кандайдыр бир маселе жаралат, дарыгерлерге тынбай каттай баштайсың. 40тан ашкан куракка алдын ала даярдан, “мага эми карьера жасаганга, окуганга, тил үйрөнгөнгө эми кеч, жашоону жаңыртууга болбойт, жашоонун жаркын кези бүттү да” деген артка тарткан ойлор менен эмес, ден соолукка кам көрүү менен. Туура тамактануу, кыймылдуу жашоо организмдин өзүн өзү жөндөп кетүүсүнө өбөлгө болоорун унутпа.
Кызыктын баары алдыда
Карл Юнгдун китебинде 40 жаштан кийин өмүрдүн кызыгы кантип башталаары мындайча чечмеленген:
40 жашка чейин адам баласы бала позициясында жашайт. 40ка чейин тажрыйба топтойт, мамиле күтүп, турмушка чыгып көрөт. Адам баласына тиешелүү деген программада эмне болсо, анын баарын байкап көрөбүз. 40 жаштан кийин өмүрдүн аң сезимдүү этабы башталат. Сен башкалардын таңууланган ойлорунан чыгасың, жеке көз карашың, баалооң, кабыл алууң менен жашоого өтөсүң. 40 менен 50нүн ортосундагы “кризистик мезгил” так ушул себептерге байланыштуу. Бул куракта аял менен күйөөнүн ортосундагы чечилбей келаткан маселелер дагы жөнгө салынат, анткени, аял өз оюн айтуудан коркпой калат.
Биринчи аң сезимдүү мезгил – 40тан 45 жашка чейин. Бул маалда коомдун, башкалардын каалоосу маанилүүбү же жеке каалооң башкы орунда туруш керекпи деген тандоого дуушар болобуз. Жаккан нерселерди гана жасап, жаккан адамдар менен гана сүйлөшүп, жакпагандар менен мамилени коркпой үзүп, өзүнчө бир электен өтүү учуру башталат. Мен өзүм каалаган жерде жашап жатамбы же ата конушту таштоого болбойт деген түшүнүк менен гана каалабаган жерде өмүр өткөрүүдөмүнбү? Бул буюмду өзүмө керектүү болгону үчүн сатып алдымбы же эл көрсүн үчүнбү? Ушул сыяктуу ойлордун жаралышы адатка айланат жана эгерде туура, өз сезимиңизге таянып тандоо жасай алсаңыз, туура жашоо этабына өтөсүз.
45тен 50 жашка чейин – экинчи аң сезимдүү мезгил. Бул убакта ойлоруңузду калыпка салып, өзүңүзгө жаккан нерсени гана жасай баштайсыз. Мисалы, буга чейин таңкы саат 5те өнүккөн адамдардын баары эрте турат экен деген ой менен же кандайдыр бир муктаждык аркылуу гана өзүңүздү кыйнап туруп келген болсоңуз, эми таңды көрүүнүн ырахатын сезе баштайсыз. Сиз уйкуну эмес, таң эрте туруп, таза абадан дем алып, үйдөгүлөрдүн баары уктап жатканда өз жумушуңузду аткарганды баалап каласыз. Жеген тамагыңыз, кийген кийимиңиз бир гана өзүңүзгө жагат. Эч кимден көз каранды эмессиз. Мурда ата-энеңизден, жолдошуңуздан же курбуларыңыздан кеңеш сурасаңыз, эми сизге башкалардын кеңеши керек эмес. Алар жөн гана кабыл алган чечимиңиздин коштоочуларына айланат.
Үчүнчү мезгил – 50дон 55 жашка чейин. Бул маалда аял өнүккөн фазада, өнүгүү десе эле финансылык жакты түшүнбөө керек, мында кеп ой жүгүртүүнүн өнүгүүсү тууралуу. Мурдагыдан да тажрыйба кеңейди, жакшы жактарың менен кемчиликтериңди да бирдей моюндай аласың. Чындык кепке чычалабайсың же кетирген катачылыгыңды актоого аракеттенбейсиң. Сен аны жөн гана факт катары кабыл аласың дагы, аны жоюунун үстүндө иштейсиң.
Ал эми 55 жаштан 60 жаш куракта лексикаңда, ой жүгүртүүңдө абдан чоң өзгөрүүлөр болот. Ойлонуп сүйлөйсүң. Ошол сөзүң башка адамдарга, коомго кандай таасир берээрин алдын ала байкап каласың. 40 жашта мамиле кылган адамдар менен сүйлөшө албай калышың да мүмкүн. 60 жашка жеткенде адамга чыныгы даанышмандык келет. Жасалмага муктаждык болбой алат. Кылган ишиңди ким бирөөгө далилдөөгө, отчет берүүгө аракеттенбейсиң. Жашоонун ар бир мүнөтүнөн, ар бир аракетиңден кайф алып жашай баштайсың.
Ошентип, кызыктын баары 40 жаштан кийин башталат деген сөз чын.
Эч нерсе эч убакта кеч эмес
Бизде 40 же андан ашкан курактагы аял дегенде кандай аялдын образы келет? Бул жакка тартып балдарына, тиги жакка тартып туугандарына жеткирген, өзүн эң акыркы планга койгон, түйшүктүн эң бир чордонунда жашап жаткан, бетине мимика бырыштары түшкөн, чарчаңкы, фигурасы бир аз өзгөргөн, чачынын сапаты кеткен аял. А бирок ошол эле убакта өнүккөн өлкөлөрдү, мисалы, Корея менен Японияны алалы. Ал жакта 40 жашында турмушка чыгууга, балалуу болууга даярданган айымдар көп. Чыныгы ширелүү жашоону 40 жаштан кийин башташат. Мен муну туура дейт элем. Анткени, 40тан кийин аң сезимдүү убакта кабыл алынган чечим, туш болгон сезим ал акыл-эс менен калчанып, жасалмасы жок аткарылат. Менин бир таанышым 40 жаштан кийин экинчи жолу турмушка чыкты. Анын: “Өмүрүмдө ушундай сүйүү болоорун билбептирмин. Биринчи жолу өзүмдү аял сезип, үй-бүлөлүк жашоо ырахат экенин билип жатам”, – деген сөзү менин бул ойлорумдун дагы бир тастыктоосу болду. Андыктан, эгерде сиз жалгыз болсоңуз же кесибиңизди алмаштыргыңыз, жаңы жашоо баштагыңыз келсе – кетенчиктебеңиз! Эч нерсе эч убакта кеч эмес!
