Мансур Абылаев: Кыялыңызды ишке ашырууну кийинкиге жылдырбаңыз...
21 май

Мансур Абылаев: Кыялыңызды ишке ашырууну кийинкиге жылдырбаңыз...

Замандын талабына жараша бизнес чөйрөсүнө баш багып көрүүнү каалаган адамдардын саны көбөйүүдө. Кошумча киреше, өзүнө өзү иштөө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана аларга ээ болуу, ошондой эле өзүн өзү финансылык сабаттуулук жактан өнүктүрүү – адамдарды бизнеске баштаган себептер. Бирок бул жаатта кандайдыр бир түшүнүгү, билими жок адам дароо эле жүктү тартып кетүүгө жөндөмдүү боло бербейт. «Байбол Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Мансур Абылаев көп жылдан бери ишкерчиликке кадам таштоону каалагандарга анын сырларын үйрөтүп, тажрыйбасын бөлүшүп келүүдө. Ошол сырлардан жана тажрыйбасынан бизге да айтып берди.

– Капиталы аз же жок адамдар кандай бизнес жасаса болот? Дегеле старттык капиталы жок бизнес жасоого болобу?

– Минималдуу инвестиция менен азыраак акча салып, кандай бизнести баштап кетсек болот. Жалпысынан караганда акча келе турган тиешелүү булактар бар. Ал булактарды табуу үчүн биз  сатуу кылышыбыз керек. Тагыраагы, офлайн акча алабызбы же болбосо онлайндан акча алып туруп, продукцияны жеткиребизби айтор, бардык бизнесте  сатуу жагы бар. Жана ошондой эле, сөзсүз маркетинг болушу керек. Кыскасы, бизнестин баалуулуктарын эске алууга тийишпиз.

Эми негизги маселе, көбү старттык капиталга деп камдаган каражат болбосо, бизнес баштай албайм деп ойлошот. Анан биринчи жетиштүү каражат топтоп алайын деп, бизнес баштоо кыялын келечекке жылдыра берет. Мисалы, 1000 доллары болсо, 5000 доллар болгондо бизнес баштайм дейт. 5000 доллары барлар 30-40 миң долларым болгондо баштайм дешет.  30-40 миң доллары барлар 400 миң долларым болгондо ресторан салам же башканы жасайм дей беришет. Мына ушундай шылтоолор менен өзүбүздү алдап, кыялыбыздан баш тартып коебуз.

Жакында эле суроолордун алкагында достор ой бөлүштүк. Акырында, бизнесте тажрыйбасы жок кишиге бизнес баштоого 10 миң доллар болобу же 1000 доллар болобу,  айырмасы жок экен деген жыйынтыкка келдик.  Ал турмак 1000 доллар менен баштаган кишиде ийгиликке мүмкүнчүлүк көбүрөөк экен деген тыянак чыгардык. Анткени, дарооо эле чоң бизнестен баштап, ресторан салганда деле анын чектөөсү бар. Акыры келип, ошол чектөөгө  такалат. Мисалы, ресторандын ичине баткан столго жараша кардардын саны аныкталат. Жумушчулардын айлыктарын, башка чыгымдарды эсептеп, таза киреше анчалык деле көп болбошуна көзүң жетет.  Көбөйтүш үчүн столдорду көбөйтүщ керек же башка жолун табыш керек деген ойго кептелесиң.

Экинчи жолу – бизнести  жоктон, нөлдөн  баштап деле ийгиликке жеткендер бар. Мисалы, кичинекей көчөттү отургузуп, жакшылап карасаң өсөт. Мезгили келгенде бак болуп, мөмөлөрүн берет. Ошондуктан, аз чыгым менен башталган бизнес үнөмдүү анан кирешелүү болот.

– Сизден бизнес ачуу, бизнес жасоонун сырларын билүү үчүн кеңеш сурагандар болобу?

– Болот. Мындай темада ар дайым достор менен кеңешип, келечек пландарды талкуулап турабыз. Бир жолу досум жарым миллион долларга тойкана салууну каалап жатканын айтты. Мен кол алдында иштеп жаткан балдар ширеткич менен  чоң  нерселерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар экенин айттым. «20-30 миңге материал алып берип, алардын фантазиясына жараша турмуш-тиричиликке керектүү нерселерди жасатып, саттырып көр да. Эгер темирден ширетип жасаган нерселери өтүмдүү болсо, түшкөн каражатка дагы андан көбүрөөк жасатып, дагы кошумча балдарды алып, кеңейтип деле ишкана ачсаң же иштетсең болот.  Мүмкүн ошол жагын дагы карап көрбөйсүңб», – дедим. Ресторан салыш үчүн жарым миллион коросо, мен сунуштаган ишкана үчүн 50 миң сом керектелерин түшүндүрдүм.

– Бизнестен кабары жок жөнөкөй адам эгерде ал кимдир бирөөлөр үчүн иштегенден жадаса, өз ишин кантип баштаса болот, биринчи эмнеге басым жасашы керек?

–  Эгер «мен таза бизнес баштайт элем, жалданма жумуштан тажадым» дей тургандар болсо, бизнес кылуунун эң оңой жолу - киреше булак, маркетолог жолу аркылуу чыгарышыбыз керек же болбосо колдон келген ишти жасашыбыз керек. Өзүбүз  жасап, өзүбүз тейлөө кызматын көрсөткөн ишкерчиликтин түрүн тандап, ошонун негизинде бизнес кылсак болот. Башында баарын өзүң жасоого даяр бол. Иш жолго коюлганда кошумча адамдарды ишке алсаң болот.

– Мисалы...

– Мисалы, инженердик проект жасаганды же жакшы ырдаганды, үн жаздырганды билебиз дейли. Ушул тармакка тиешелүү продукция чыгарабыз. Ал продукцияны өзүбүз жасаган үчүн  эч кандай акча салбайбыз. Болгону сатуу иштерине  минималдуу каражат коротсо болот. Азыр социалдык тармак сатуу иштеринде эң чоң жардамчы. Ар кандай өнөрү барлар ушундай жол менен деле каражат тапса болот. Көчөттөй кылып  өстүрүп, улам бутак-тамырын жайылтып кете берет. Өнүп-өскөн сайын адамдарды кызматка ала берсе, маркетинги кеңейет. Бөлүмдөрү көбөйөт.

– Процесске дайыма аралашпай эле, сырттан туруп бизнес жасасам дегендер да бар эмеспи, аларга ишкерчиликтин кайсы түрүн тандаган ыңгайлуу? 

– Эгер бизнес биз жок иштеп, чоң масштабга чыксын десек, анда тандаган багытыбыз кол өнөрчүлүк болбошу керек. Өзүнүн устачылыгы, чеберчилиги менен жасалган бизнес болсо, өзүнүн катышуусуз эч убакта масштабга чыга албайт. Бизнестеги баалуулук - башында өз колу менен жасоо. Жалданма жумушта иштеп жатып деле бизнести өзү жасаса болот. Эгер өзү жетишпей калса, адамдарды жалдаса болот. Бизнес жасоону улам артка жылдырбай видеолорду көрүп, ага чейин бул иштеримди кылышым керек деп ойлонуп, бизнес баштоону татаалдаштырбоого тийишпиз. Эң оңой жолуна түшүп, эң башкысы киреше булагы такталып калса, баштай берген оң.