
Мадин Итикеев: Санариптештирүү заманында камсыздандыруудан түшкөн каражатты кимдир бирөө жеп коёт деген болбогон кеп
Шоумен Мадин Итикеев менен ОСАГОго камсыздандыруу полисинин артыкчылыктары боюнча баарлаштык.
– Мадин агай, саналуу күндөрдөн кийин унаасына ОСАГО камсыздандыруу полисин албагандарга айып салынат экен. Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу саясатын колдойсузбу?
– ОСАГО полисин ар бир автотранспорттун ээси алуу зарыл. Автотранспортторду камсыздандыруу коомдо актуалдуу маселелердин бири. Чынында бул маселе азыр эле көтөрүлүп жаткан жок. Камсыздандыруу ар бир системада, мамлекеттик өнүгүүдө болуп келген жана боло бермекчи. Биз өнүгүүнүн жолуна түшкөн өлкө катары, өнүккөн өлкөлөрдөн үлгү алышыбыз керек. Азыр элдин бийликке болгон ишеними артып, жакшы багытка бет алдык. Ошондуктан, унааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну колдойм. Бирок, бул тармакты түздөн түз мамлекет көзөмөлдөшүн каалар элем. Июлдан баштап камсыздандырылбаган унааларга айып пул салынышын деле туура деп эсептейм.
– Биз камсыздандырууга деп төлөгөн каражаттар кайсы бир чиновникти гана байытат деген бүшүркөгөн ойлорун да айткандар бар. Сизде андай кооптонуу жокпу?
– Азыр санариптештирүү заманы, камсыздандыруудан түшкөн каражатты кимдир бирөө жеп коёт деген болбогон кеп. Кыжаалат болбой деле койсок болот. Тыйынын да жей алышпайт. Мамлекет да төлөп берүү жагын жөнөкөйлөштүрүп, ОСАГО полисин алуунун зарылдыгын элге туура түшүндүрсө, эл төлөгөн акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөсүн түшүнөт эле. Негизи ОСАГО полисин пропагандалоо мезгилдин талабы.
– Камсыздандыруу каржылык коопсуздук деп түшүнсөк болобу?
– Ооба камсыздандыруу каржылык коопсуздук десек туура болот. Жылына 2000 сом төлөгөнүбүз менен, кокус кырсык болуп калса (кудай анын жүзүн ары кылсын) бир топ эле жардам болот. Канча бир пайызын ОСАГО төлөп көмөк болот. Биз кырсык болбочудай, өлбөчүдөй эле жашай бергенди токтотуп, өнүккөн өлкөлөрдөй камсыздандырууга барышыбыз керек. 35 жыл илгери чет мамлекеттин кинолорунан, унаасын урунган жерге эле таштап кетет экен деп таң калчубуз. Көрсө алар камсыздандырып коюшчу тура. Эми ал нерсе бизге да келди. Баардык нерселерди туура түшүнгөндү жана туура колдонгонду үйрөнүшүбүз керек.
– ОСАГО полисинин шарттары жакшы эле бекен?
– ОСАГОнун шарттары союз мезгилиндеги ГОССТРАХга эле окшоштурдум. Шарттары жаман эмес. Негизи мен камсыздандырууну, ашар деп эле түшүнөм. Ашардын мазмуну артта калып калгандарга жардам берип, кыйынчылыкка кабылгандарга колдоо көрсөтөт.