Каныбек Осмоналиев, профессор: ОСАГО полисин алууга баардык автотранспорттордун кожоюндары милдеттүү
21 июнь

Каныбек Осмоналиев, профессор: ОСАГО полисин алууга баардык автотранспорттордун кожоюндары милдеттүү

Профессор, мурдагы Билим берүү министри, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев менен ОСАГОго камсыздандыруу полисинин артыкчылыктары боюнча баарлаштык.

– Каныбек агай, унааларына ОСАГО камсыздандыруу полисин албагандарга  айып салынаары айтылды. Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу айдоочулар үчүн пайдалуубу?

– Алгач ОСАГО деген кандай түшүнүк? Ушуну жөнөкөй сөздөр менен тактап алалычы! Бул, биринчиден аббревиатура. Болгондо да КПСС сыяктуу эле орусча – ОСАГО, демек «Обязательное страхование автогражданской ответственности» башкача айтканда,   автокырсык катталган учурда өз убагында туура жана мыйзамдуу чаралар көрүлүшү абзел. Ал үчүн өкмөт тарабынан кетирилген чыгымдардан оңой кутулууга, убакытты үнөмдөөгө шарт түзүлүшү керек. Мындай кырдаалдарда жарандарга ОСАГО камсыздандыруу полиси жардамга келет. Бул полис айдоочулардын жоопкерчилигин жөнгө салып, жабыр тарткан үчүнчү жактын чыгымдарын жаап коё алат. Бул дүйнөлүк практика. Бизде да тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Ал документке ылайык ОСАГО полисин алууга баардык автотранспорттордун кожоюндары милдеттүү! Бирок, биздин эл үчүн мыйзамды тоготпой жашоо көндүм адатка айланып калбадыбы!

Натыйжада үрөйдү учурган автокырсыктар улам көбөйүп бара жатат. Кудай өзү сактасын. Мындай трагедия ар бирибиздин эле башыбызга түшүп калуусу мүмкүн. Көпүлүк учурда автокырсыктын башкы күнөөкөрлөрлөрү ар түрдүү жолдор менен кутулуп кетип, баягы эле мыйзамды билбеген же тоготпогон шордуу чыгаша тартып калып жатпайбы? Ошондуктан, бийлик ОСАГО аркылуу  камсыздандыруудан баш тартып жүргөндөргө айып пул салуу жолуна кайрылууга аргасыз болду. Башка кандай жол бар? Муну аргасыз кадам катары кароо абзел. Бул чараларды жарандардын укугун мыйзам жолунда карап берүү деп эле түшүнөлү.

– Кээ бирөөлөр ОСАГОго  каршы чыгып, «камсыздандыруудан түшкөн каражат менен кайсы бир  чиновниктер байыганы жатышат» деген ойлорун айтып жатышат го?..

– Ар бир жаран мыйзамды толук сактап, ишеним жолу менен эле жашаганы оң. Бизде бейбаштар толуп кетти. Мыйзамды окубайт, эч кимге ишенбейт. Өзүн Кудай сезип алгандар да жок эмес. Андайлар эч кимди сыйлабайт. Анан башына кырсык келгенде бийликти жамандап кыйкырып чыга келет. Ооба, ОСАГОнун камсыздандырууга түшкөн акчалары эбегейсиз чоң сумма. Аны көзөмөлдөгөн колу туткак чиновниктер да бардыр. Жок деп айта албайм. Эл да билип-көрүп айтып жаткандыр! Бирок, аны жөнгө салган атайын жазалоочу органда бар да. Чындыкты түз эле айталы. Кийинки жылдары уурулук, коррупция жана паракорлукка каршы күрөшүү абдан күч алып жатат. Ошондуктан, ар бир жаран активдүүлүгүн көрсөтүп ошондой абийирин жоготкон кызматкерлерди көзүнө сайып көрсөтүп, тиешелүү күч органдарына кайрылуусу абзел!

– Демек, камсыздандыруу – бул өзүбүздүн  каржылык коопсуздугубуз экенине ынанышыбыз керек экен да...

– Менин өзүмүн автоунаам жок. Бирок, балдарыман «ар дайым ОСАГОго катталгыла» –деп талап кылып келем. Бул мыйзам, аны сыйлоо жана сактоо керек! Мен ОСАГО жөнүндөгү мыйзамды кунт коюп эле окугамын. Шарттары азыркы жашоо талаптарына негизинен туура келет деп эсептеймин. Бирок, бул жерде бир маселе бар. Мамлекеттик ОСАГО менен катар эле жеке менчик автокамсыздандыруу агенттиктерин ачууга эмнеге болбосун? Бул дагы дүйнөлүк практика эмеспи? Өз ара конкуренттүү чөйрө пайда болмок. Натыйжада, жөнөкөй жарандын тандоо мүмкүнчүлүгү пайда жаралмак. Камсыздандыруунун сапаты өсөт эле. Эми бул жагын да өкмөт караштырып жаткандыр!