Айбек уулу Атахан, опера ырчысы:  «Опера ырчылары спортсмендердей эле ар дайым машыгып, үндү өнүктүрүп турат»
8 апрель

Айбек уулу Атахан, опера ырчысы: «Опера ырчылары спортсмендердей эле ар дайым машыгып, үндү өнүктүрүп турат»

Опера – бул элитардык искусство, падышалардын искусствосу. Аны менен алектенүү турмак, түшүнүп угуу үчүн адам белгилүү бир эрудицияга ээ болушу керек. Мына ушундай чыныгы талантты талап кылган сыймыктуу жанрдын өкүлү, опера ырчысы Атахан Айбек уулу Караван-Инфого чыгармачылыгынын айрым сырларын бөлүштү.

– Атахан, опера ырчысы болуу үчүн алгач ырчыга эмне керек? Кандай адам опера ырчысы боло алат?

– Опера, ырчысы болуш үчүн көп эле шарттар так келиши зарыл. Айтайын дегеним, эң  биринчи талант, анан  үнүң болушу керек. Ошондой эле опера ырчысы болом дегендерде ритм сезими да күчтүү болушу шарт. Өзгөчө  опера ырчысында ритм сезими үндөн да жогору болбосо, мыкты ырчы боло албайт деп ойлойм. 

Эң негизгиси опера ырчысы болуу үчүн үнүңдү өнүктүрүүдө талыкпаган эмгек да маанилүү ролду ойнойт.  Советтик доордо тартылган "Приходите завтра" деген  кинодо “ырдоого үнүңдүн бар экени сенде жакшы фортепиано бардай, бирок анда ойнош үчүн   үндү башкарып, көп эмгектениш керек” деп айтылат. Мен да ошол ойго кошулам. Анан үндү өнүктүрүү, туура тарбиялоо дагы  чыныгы лотереядай экенин билем. Сенин мыкты ырчы болушуң дагы кайсыл мугалимден сабак алганыңа, устатыңды  жарым сөздөн түшүнгөнүнө жараша да болот. 

– Үнүңүздү ким тарбиялады? Устатыңыз ким?

– Менин устатым Жакшылыков Талгар Каримович! Агайга абдан ыраазымын! Мен кандай ийгиликке жетсем, агайдын салымы зор.  Башында музыкалык мектептен билим алып, фортепианодо  ойночумун. Кийин эле ырдагым келип консерваторияга келип, “Сольное пение” кафедрасында ырдап калдым.

– Опера ырчысынын башка ырчылардан артыкчылыгы эмнеде?

– Опера ырчысынын артыкчылыгы, опера микрофонсуз ырдалат. Ошон үчүн  опера ырчылары спортсмендердей, ар дайым машыгып, үндү өнүктүрүп, ырдап туруш керек. 

– Кыргызстанда операны кандай адамдар угушат?

– Опера бизде ачыгын  айтканда, анчалык деле популярдуу эмес. Бирок ага карабастан театрда  жаш көрүүчүлөр көбөйгөнү суктандырат. 

– Сиз ырдаганда, элдин баары кунт коюп угуп калат экен. Үнүңүзгө кантип кам көрөсүз?

– Ырдоонун алдында  муздак жебей сактанам. Ошондой эле болушунча жигердүү жашоо образы менен жашоого аракеттенем. Физикалык көнүгүүлөрдү жасайм. 

– Москванын приоритеттүү жайларынын бири болгон С.В.Рахманинов атындагы концерттик залда дагы  ырдапсыз. Толкундандыңызбы?

– Өткөн жылдын октябрь айында Кыргыз ССРне 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү Москвада  өттү. "Москва", жана С.В. Рахманиновдун  концерттик залдарында Кыргыз Республикасынын атынан ырдадым.  "Москва" залы 4300 кишиге ылайыктуу зал болгондуктан, мен ырдаган залдардын эң эле чоңу болду. Ошондонбу Кыргызстандын атынан  барганыма абдан сыймыктанып, толкундандым. Жан дүйнөмдө керемет сезимдерге туш болуп жатсам дагы  ырды жогорку деңгээлде аткардым.  

– Чыгармачылыгыңызда дагы  кандай жаңылыктар бар?

– Азыр көп  эл аралык конкурстарга катышканы аракет кылып жатам. Чет өлкөдөгү чоң  сахналарга Кыргызстандын атынан чыксам деп кыялданам. Негизги жумушум театрда болгондуктан, көп учурда театрда болом. Чакырган жер болсо барып, ырдап берип коём. 

– Репертураңызда канча ыр бар? Операны түшүнгөндөр, сүйүп уккандар көбөйдүбү?

– Чынын айтсам репертуарымда көбүнчө эле Болот Миңжылкыевдин репертурындагы ырлар. Болот агабыз кыргыздарга  өзгөчө үнүнөн тышкары, жаш опера ырчыларына өзүнүн ырларын дагы калтырган. Ошон  үчүн Болот Мыңжылкыевдин чыгармаларын да сыймыктануу менен ырдап турам. 

– Үнүңүздү  Болот Миңжылкыевге окшоштуруп, концертке, тойго чакыргандар көппү?

– Колумдан келишинче  концерттерге катышып, ырдаганга  аракеттенем. Көбүнчө театрда жана филармонияда ырдайм. Тойлорго чакырып калышса, барып коём. Тойлордо ырдаш  дагы өзгөчө ырахат экенин билем!