Айпери Касымбекова: “Аялдарга ишеним артсак – коом өзгөрөт”
1 декабрь

Айпери Касымбекова: “Аялдарга ишеним артсак – коом өзгөрөт”

Айпери Касымбекова: Коомдук ишмер, “КыргызТехноВумен” коомдук-кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү, Коуч ICF.

– Айпери айым, өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз. Балалык кезиңиз, билимиңиз, алгачкы кадамдарыңыз тууралуу угалычы.

– Мен 1991-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Балалыгымдан эле билимге жана өнүгүүгө болгон умтулуу менин жан дүйнөмдүн бир бөлүгү болуп калган. Тогузунчу классты кызыл аттестат менен аяктап, Бишкек каржы-экономикалык техникумуна тапшыргам. Ал жактан “Банк иши” адистиги боюнча кызыл диплом алып бүткөм.

Андан кийин Президентке караштуу Башкаруу академиясында “Каржы жана кредит” адистиги боюнча билим алдым. Азыр болсо Кыргыз экономикалык университетинде илимий диссертациянын изденүүчүсүмүн.

Билим – мен үчүн дайыма жашоонун кыймылдаткычы болду. Ар бир этапта жаңы нерсени үйрөнүүгө, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылдым.

– Сизди коомдук иштерден, сахнадан, лидерлик долбоорлордон көп көрөбүз. Бул активдүүлүк качан башталган?

– Ооба, студенттик жылдар – менин коомдук жашоомдун башаты болду. Ошол кезде эле республикалык деңгээлдеги иш-чараларга катышып, сахнада сүйлөп, ырдап, жазып жүрдүм.

Мындан тышкары, мен П.Ф. Шубин атындагы борбордук музыкалык мектепти “комуз” адистиги боюнча 4 жылда эртелетип, кызыл диплом менен аяктадым. Комуз – мен үчүн жөн гана аспап эмес, бул улуттун добушу, менин рухум. Ар кандай эл аралык жолугушууларда кыргыздын күүсүн алып чыгып, кыргыз аялдарынын күчүн ошол үн аркылуу көрсөтүп келем.

– Финансылык тармакка кандайча аралаштыңыз? Ал жактагы тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Менин кесиптик жолум банк системасынан башталган. 24 жашымда Бишкектеги ири банктардын биринин эң чоң филиалына жетекчи болуп дайындалгам. 80ден ашуун кызматкерди жетектөө – чоң жоопкерчилик эле.

Жаштыгым жана аял экенибиз кээде олуттуу кабыл алынбай калган учурлар да болгон. Бирок дал ошол сыноолор мени күчтөндүрдү.

Кийин эл аралык банктарда иштеп, гендердик теңчилик, экология, ментордук программалар, психология жаатында да өзүмдү ар тараптан өнүктүрдүм. 13 жыл ичинде GR, ESG, жеке кардарлар менен иштөө, B2B сатуу, санариптик продуктулар сыяктуу багыттарда жетекчилик кызматтарды аркаладым.

– Азыр сизди көбүнчө “КыргызТехноВумен” фонду аркылуу тааныйбыз. Бул уюм кандай максатта түзүлгөн?

– “КыргызТехноВумен” коомдук фондун аялдардын өнүгүүсүнө жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө арналган платформа катары негиздедим. Биздин максат – айымдардын кесиптик жана жеке потенциалын ачуу, алардын үнүн коомго жеткирүү.

Жакында эле 400гө жакын катышуучу чогулган чоң форум өткөрдүк. Ага Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова жана белгилүү коомдук ишмерлер катышып, аялдардын ролун жогорулатуу боюнча маанилүү ойлор айтылды.

Мен ишенем: кыргыз аялдары – Азиядагы эң туруктуу жана күчтүү айымдар. Болгону, аларга ишеним жана мүмкүнчүлүк керек.

– Сизди көп учурда мотивациялык спикер жана коуч катары да көрөбүз. Бул багытка кантип өттүңүз?

– Мен ICF (International Coaching Federation) стандартындагы сертификатка ээ болгон бизнес-коучмун. Стартаптардын ментору, жеке өнүгүү боюнча автордук курстарды алып барам.

Коучинг мен үчүн жөн гана кесип эмес, бул — адамдын ички мүмкүнчүлүгүн ойготуу философиясы. Ар бир адам өзүндөгү күчтү таап, ишеним менен жашоону үйрөнсө — коом да өзгөрөт.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз. Балдарыңыз, ата-энеңизден алган тарбияңыз жөнүндө?

– Ата-энем менин тирегим. Атам – экономика илимдеринин доктору, профессор. Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошкон инсан. Ал мени мекенди, тилди, маданиятты сүйүүгө үйрөттү.

“Кыргыз тилин билбеген кыргыз – өзүнө жат адам,” – деп көп айтчу.

Апам болсо – жылуулуктун, боорукерликтин образы. Алар экөө тең мага үлгү.

Мен да азыр эки уулумду мекенчил, жоопкерчиликтүү жаран болууга тарбиялап жатам. Балдарга жөн гана окутуу эмес, алардын оюн угуу, сезимине маани берүү – эң чоң тарбия.

– Сиздин жашоо философияңыз кандай? Эмне сизди ар күнү шыктандырат?

– Мен үчүн ар бир күн — белек. Ал белекти жоопкерчилик менен колдонуш керек.

Эң чоң байлыгым – үй-бүлөм, эң чоң миссиям – мекеним үчүн кызмат кылуу.

Өз элине кызмат кылган адам гана чыныгы бакытты табат деп ишенем.

Аялдардын үнү угулсун, мүмкүнчүлүгү ачылсын! Өзгөрүүнү ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы.