Кудайберген Базарбаев: “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду эки эсе көбөйтүлдү
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев аталган агенттиктин кадрлар резервин түзүү, кадрларды окутуу жана айыл өкмөттөргө стимул берүү жаатындагы бир катар иштери тууралуу маалымат берди.
– Кадрлар резерви кандай талаптардын негизинде түзүлөт?
– Президентибиз Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 5-ноябрындагы № 521 Жарлыгына ылайык кадрлар резервин түзүү боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Анын негизинде, өткөн жылы региондук жана муниципалдык кадрлар резервине кирүү үчүн 4 ачык сынак жарыяланган. 2024-жылдын 31-декабрына карата региондук жана муниципалдык кадрлар резервинде 2 759 позицияга (1 692 адам) турат.
Алардын ичинде, региондук кадрлар резервинде (РКР): 601 (346 адам), бул акимдердин, экономикалык жана социалдык маселелер боюнча акимдин орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөнү камтыйт. Экинчиси, муниципалдык кадрлар резерви (МКР) – 2 158 (1 346 адам), бул республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөөнү камтыйт.
Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – акимдерин, алардын орун басарларын, республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин жана мэрлеринин орун басарларын, ошондой эле айыл өкмөт башчыларын кызматка дайындоо 100 пайыз региондук жана муниципалдык кадрлар резервинен ишке ашырылат.
Жогоруда аталган эки позиция боюнча өткөн жылдын соңуна карата 455 адам кызматтарга дайындалды.
– Мамлекеттик жана мунипципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча мамлекеттик тапшырык бар эмеспи, ал кандай ишке ашууда?
– Аларды окутуу боюнча жыл сайын иш жүргүзөбүз. Мисалы, 2024-жылга мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруунун алкагында 183 курсту өткөрүү каралган, анда 3 660 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыны окутуу пландалган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 5,5 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле, өткөн жылдын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулуп, анда 2 639 адам бир нече темалар боюнча окуудан өткөрүлдү.
Анын ичинде: административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы топторуна биринчи жолу дайындалган адамдар үчүн кайра даярдоо курстары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн кайра даярдоо курстары, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ченемдик укуктук камсыздоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы адамдык ресурстарды башкаруунун механизмдери ж.б.
Ошондой эле, мамлекеттик тапшырыктан сырткары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (35 аким жана 30 шаардын мэрлери), айыл өкмөт башчылары (215 адам) квалификациясын жогорулатуу боюнча окуулардан өтүштү. Мындан тышкары, административдик-аймактык реформадан соң 235 айыл өкмөтүнүн (Баткен жана Лейлек райондорунда ААР болгонго чейин) 889 айыл башчылары окутулду. Булардан башка дагы көп окутуу иштери жүргүзүлгөнүн белгилей кетейин.
– “Эң мыкты айыл өкмөтү” деп аталган сынак тууралуу да маалымат бере кетсеңиз? Шарттары, талаптары кандай жана канча айыл өкмөтү сунушталууда?
– Бул сынак жалпы мамлекеттик болуп саналат жана жыл сайын өткөрүлөт. Учурда айыл өкмөттөрдүн ишинин баалоо критерийлерине өзгөртүү киргизилди. Ага жараша байге фонду 6 млн сомдон 12 млн сомго көтөрүлгөн.
Бул боюнча өткөн жылдын октябрь айында “Жамааттын ынтымагы-өнүгүүгө өбөлгө” аталышындагы жалпы республикалык семинар-кеңешмеси Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылында өткөрүлдү. Ага бардык облустардан 200дөн ашык киши келип катышты. Бул республикалык семинар-кеңешме айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, инвестицияларды тартуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында мыкты тажрыйбаны жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Ал эми, Жобонун талаптарына ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү үчүн райондук, облустук комиссиялар түзүлүп, алардын иштеринин жыйынтыктары менен жалпы мамлекеттик ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна республика боюнча Нарын облусунан башка облустардан 9 айыл өкмөтү сунушталган.
Биринчи топко алыскы, тоолук аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айылдары бар айыл өкмөттөр Молдо-Нияз (Кадамжай району), Каргалык (Тогуз-Торо), Чоң-Алай (Чоң-Алай), Аманбаев (Айтматов) кирсе, экинчи топто Тогуз-Булак (Лейлек), Барпы (Сузак), Жоош (Кара-Суу), Барскоон (Жети-Өгүз), Коскорбаев (Ысык-Ата) айыл өкмөттөрү бар.
