Нурдин Букуев: Кыргыз футболу бүгүн жасап жаткан иштери менен келечектеги ийгиликке шарт түзүүдө
Кыргыз футболуна акыркы учурда мамлекет тарабынан катуу көңүл бурулууда. Бул алардын өсүүсүн канчалык деңгээлде шарттады? Азия чөлкөмүндө кыргыз футболу кандай позицияда турат? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде Футзал биримдигинин президенти, Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Нурдин Букуев маек курду.
– Кыргызстан футболу кандай деңгээлге чыкты?
– Акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортко чоң колдоо көрсөтүлүп жатат. Анын натыйжасы көрүнө баштады, спортчуларыбыздын жетишкендиктери буга далил. Футбол да спорттун бир түрү катары өнүгүүдө. Футболду спорттун падышасы деп аташат, ошондуктан анын өнүгүшүнө өлкө жетекчилигинин басым жасоосу туура кадам болууда. Футболдо көп багыттар бар: жаш уландар футболу, клубдук футбол, курама командалардын футболу, инфратүзүмдүк футбол. Ар багытта жасай турган, пландаштырылган иштер бар, кээ бири ишке ашты.
2024-жыл инфратүзүмдүк куруу жана турукташтыруу багытында биз үчүн абдан чоң жылыштардын жылы болду. Күйөрмандарга белгилүү болгондой, биринин артынан экинчи стадиондор, талаалар ачылды, бул чоң жетишкендик. Анткени, эгемендүүлүк алгандан бери мамлекетте бир дагы жаңы стадион курулган эмес. Бир жылга жетпеген мөөнөттө бир топ стадиондорду жакшыртууга жетишип калдык. Онго жакын жаңы стадиондор Бишкекте жана башка аймактарда курулду. Оюн талаалары алмашты, баары жаңыланды, көпчүлүгүндө заманбап технологиянын тили менен айтканда, гибриддик оюн талаалар курулду, бул нукура чөп менен жасалма чөптүн айкалышы. Мурда оюн талаалар сезон учурунда гана, марттын аягынан баштап иштеп ноябрда жабылса, азыр гибриддик талаалардын жардамы менен сезон 11 айга чейин узарып жатат. Бул өз кезегинде футболчулардын машыгууларына таасирин берет.
– Өткөн жылдан тартып активдүү колдонулуп жаткан VAR системасы тууралуу айтса кетсеңиз?
– Футбол дүйнөсүнө VAR системасы келгенине жети жылдай болуп калды, биз мүмкүнчүлүгүбүзгө карап, бир системасын кабыл алганыбызга бир жыл болду. Анткени бул арзан система эмес. Сатып алуудан тышкары жергиликтүү калыстарды ага үйрөтүү керек болчу. Учурда эки VAR системасы бар, алар автобустарга орнотулган. Ал кандай шарт түзүп берет? Стадиондон стадионго көчүрүп барып, ал система менен ар кандай оюндарды тейлей алабыз. Учурда 20 чакты жергиликтүү калыстар VAR системасы менен иштөөгө лиценция алышты. Бул калыстарга оюнду адилеттүү, калыс баалоого, туура чечим кабыл алууга жардам берет. Башкача айтканда, калыстын жакшы шайманы. Албетте, оюн талаасында калыс сөзсүз катышат, бирок ар кандай абал болот, кээ бир учурда оюндун кайсы бир жерин байкабай калышы же көрбөй калышы мүмкүн, андай учурда VAR системасы жардамга келип, туура чечим кабыл алууга өбөлгө болот. Азыр ар бир жаңыланган стадионго өзүнчө VAR системасын орнотуу иши жүрүп жатат. Ага көп акча талап кылынат. Бирок демөөрчүлөрдүн же мамлекеттин жардамы менен ар бир стадионго орноткондон кийин чемпионаттан баштап төмөнкү лигаларга чейин оюндардын баарын ушул система менен тейлеп калабыз.
– Азия чөлкөмүндө кыргыз футболу кайсы орунда турат?
– Биз азыркы учурда өнүгүү жолунда баратабыз. Кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу дагы деле эрте. Биздин план боюнча жакынкы беш жылда жогорку деңгээлге чыгабыз деген ишеничибиз бар. Оюн сапаты тууралуу сөз кыла турган болсок, азыркы учурда Борбор Азиянын ичиндеги мамлекеттерге салыштырмалуу позициябыз боюнча алдыда да, артта да эмеспиз. Бирок учурда жасап жаткан иштерибиз менен келечектеги ийгиликке шарт түзүүдөбүз.
Футбол командалардын оюнчуларынын сапаты тууралуу айта турган болсок, алар да өсүп келе жатат, сан сапатка айланышы керек дегенди кармануудабыз. Былтыр жогорку лигада он клуб катыша турган болсо, быйыл 14кө жетти. Бул футболго болгон кызыгуунун, умтулуунун көбөйгөнүнүн белгиси. 14 командага чейин чоңойтконубуз сөзсүз оң натыйжасын берет. Сан болгон жерде ал акырындык менен сапатка айланат. Акыркы беш жылды алсак, жылыштар бар. Мисалы, улуттук курама командабыздын эл аралык аренадагы оюну. Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу 2019-жылы Азия кубогуна катышканбыз. 2024-жылы өзүбүздүн тарыхта экинчи жолу Бириккен Араб Эмиратындагы ири, маанилүү мелдешке катыштык. 2027-жылга Сауд Арабияда боло турчу Азия кубогуна жолдомо камсыз кылганбыз. Башында мындай ийгиликтерди сенсация катары карап жатсак, азыр көнүмүш нерсе болуп калды. Биз Азия чөлкөмүндөгү 24 күчтүү курама команданын катарына кирдик.
Курама команда учурда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо үчүн күрөшүн улантууда. Бул да чоң жетишкендик, анткени буга чейин бул баскычка жеткен эмеспиз, баштапкы баскычтарда эле утулуп, четке чыгып калчубуз.
Курама команда азыркы учурда 26 ото турган дуйнолук чемпионатка жолдомо учун курошууну улантууда. Бул да чон жетишкендик анткени буга чейин бул баскычка жеткен эмеспиз баштапкы баскычтарда утулуп калып четке чыгы калып кала берчубуз. Азыр баскычтардын саны, бөлүнүүсү боюнча үчүнчү баскычта турабыз. Тандап алуу оюндарында Азия чөлкөмүндөгү 18 күчтүү команда калган, алар алты-алтыдан 3 тайпага бөлүнүп, башка атаандаш тайпалар менен жолдомо үчүн ат салышууда. Ушул жылдын июнь айында тандап алуу оюндары аяктайт, ошонун жыйынтыгында күрөштү улантабызды же токтоп калабызбы, белгилүү болот.
– Машыктыруучулардын дарегине көп учурда сын айтылып калат, алар тууралуу айтып берсеңиз, сапаты канчалык өстү?
– Машыктыруучулардын жумушу оңой эмес. Машыктыруучулук кылуу чоң күч-кубатты, энергияны талап кылат. Мисалы, спорттун башка түрлөрүндө, ошол эле күрөш же бокста машыктыруучу бир спортчуну машыктырса, футболдо бир команданы машыктырат. А командада 20 чакты оюнчу болот, ар биринин өзүнүн мүнөзү, көз карашы бар. Алардын баарынын тилин таап машыктыруу чоң жумуш. Ошондуктан азыр Кыргыз футбол биримдиги футбол чөйрөсүндөгү бирден бир башкаруучу орган болгон машыктыруучуларга көңүл буруп жатабыз. Алардын билимин, сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө. Ар кандай окууларды, машыгууларды, стажировка, семинарларды уюштуруп жатабыз. Бул өзүнүн натыйжасын 3-4 жылдан кийин берет. Анткени, азыр мурда оюнчу болуп жүрүп, анан карьерасын жыйынтыктап, эми машыктыруучу болот элем деген балдарды кабыл алып, окутуп, командаларга жайгаштырганга аракет кылуудабыз.
