Шахида Абдуллаева: Кыргыз айымдары Анжелина Жолинин профилин, Ким Кардашьяндын фигурасын каалайт
25 январь

Шахида Абдуллаева: Кыргыз айымдары Анжелина Жолинин профилин, Ким Кардашьяндын фигурасын каалайт

Врач-косметолог Шахида Абдллаева “Караван-Инфо” менен болгон маегинде кыргызстандыктар басым жасаган популярдуу косметологиялык процедуралар тууралуу айтып берди жана ошондой эле практикасындагы кызыктуу жагдайлар менен бөлүштү. 

– Кыргызстандыктар негизинен кайсы косметологиялык процедураларды тандашат? 

– Филерлер, ботулотоксиндер, инъекциялар, теринин биоревитализациясы жана үзгүлтүксүз тазалоо жана пилинг, Золушка тамчылаткычтары, мунун баары сулуулук жана косметология кызматтарына жана процедураларына тиешелүү.

– Атактуу адамдарга окшошкусу келген кыргызстандыктар кездешеби? Алар сулуулук эталону катары кимди эсептешет? 

– Кыргызстандык айымдардын 90 пайызы белгилүү инсандарга окшошкусу келет. Азыр алар айрым блогерлерди тандашып, ошолорго окшош болууга умтулушат. Көбүнчө Анжелина Жолинин профилин, Ким Кардашяндын жамбашы менен фигурасын каалашат. 

– Косметологго көбүнчө айымдар кайрылаары түшүнүктүү эмеспи, а кардарлардын арасында эркектер да кездешеби жана алардын арасында кайсы процедура популярдуу? 

– Косметологдордун процедураларына аялдардын 80 пайызы кайрылышат, бирок эркектер да жок эмес, алар көбүнчө пилинг, бетти 12 жана 16 этаптуу тазалоого, теринин алдына же ичине углерод двуокись берилген карбокситерапияга келишет. Акыркы  үч жылда эркектер дагы эринди филердин жардамы менен нымдаштырууга, бырышты тарттыруу үчүн ботокска кайрыла башташты. 

– Эмнеге адамдар 40-45 жаштан кийин өзүнө кам көрбөй калышат? 

– Негизинен аймактарда жашаган аялдар өзүнө кам көрүүнү 30 жаштан эле токтотуп коюшат. Эски түшүнүк боюнча аялдар косметология кереметти жарата албайт, негизи эле бул кымбат нерсе деп ойлошот. Бирок андай эмес, косметологияда беттин терисин жакшы абалда сактоого жардам берген арзан баадагы кам көрүүчү процедуралар бар, алар: пилинг, тазалоо, кардардын тандоосу менен маска, ошондой эле минималдуу инъекциялык процедураларды да кошуп койсо болот. 

– Косметологдун кызматынан акчалуу адамдар колдоно алышат деп эсептелет. Бул канчалык чындык жана өзүң үчүн кантип косметолог болсоң болот? 

– Эгерде медициналык билимиң болбосо, анда курстарды окуп косметолог-эстет болууга мүмкүн. Ал жакта инъекция жасоону үйрөтүшпөйт, бирок сертификаты бар косметолог-эстет массаж, жеңил агрессивдүү эмес маскаларды жасаганга укуктуу. Беттин терисине кантип кам көрүү керектигин түшүнүү үчүн да курстардан окуса болот. 

– Ар кандай жаңычылыктарды өзүнө зыян келтирүү менен болсо да сөзсүз байкаштырып көрүүнү каалаган, косметологияга абдан берилип кеткен адамдар көп кездешеби? Андайларга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Көбүнчө 15 жаштан ашкан кыздар кебетесинин кайсы бир жерин жактырбай калышса, дароо эле аны өзгөртүүгө шашылышат, мисалы, блефаропластика жасатууга, башкача айтканда, көздүн кабатынын формасын өзгөртүүгө же эринин инъекциянын жардамы менен чоңойтууга. 18 жашка чыга элек кыздар эринин чоңойткусу келип кайрылышканда, мен аларга эрте экенин түшүндүрүп, бул оюнан баш тарттырууга аракет кылам. Эгерде бул үчүн чындап эле көрсөтмө бар болсо, мисалы кандайдыр бир асимметрия болсо же изюминка кошуу керек болсо, анда жардам берем. 25 жаштан баштап жеңил процедураларды баштаса болот. Көбүнчө кыздар акча табууну гана көздөгөн косметологдорго туш болуп калышат. Жарнамаларга эмес, ички туюмуңарга ишенгиле, өзүңөрдүн косметологуңарды тапкыла жана сулуулукка байланышкан өзгөртүүлөргө акырындык менен өткүлө. 

– Практикаңызда кардарыңызды врачка жөнөткөн окуя болду беле? Бул эмне менен байланыштуу болушу мүмкүн? 

– Ооба, андай окуялар болот, мисалы, неврит, беттин асимметриясы, тери алдындагы кенелер болгон учурда. Мындай абалда алгач врачтар менен иштешүү керек. Сезгенген териге тазалоо жасаганга болбойт. Бир инъекция менен эле бул айыгып калбайт. Инъекция колдонулбаган блефаропластика процедурасы да бар болчу, аны салондон тийиштүү билими жок адамдар деле жасай алышчу. Хирургдун кийлигишүүсүз мындай процедурага кайрылуунун кереги жок, тери деформацияланып, өзгөрүү сиз каалагандай болбой калышы ыктымал. 
Белгилей кетчү нерсе, безеткинин 2, 3, 4-стадиясын косметолог дарылабайт. Терең сезгенүү болгон учурда дермотологго кайрылуу керек. Кал-меңдерди онкологго алдыруу зарыл. 

– Косметология – бул көбүрөөк медицинабы же чыгармачылыкпы? 

– Косметология – бул көрктүү кесип, бирок өтө чоң жоопкерчиликти алып жүрөт, медицинадан түшүнүгүң болбосо, анда жакшысы косметологияга жакындабай эле койгонуң оң. 

– Эсиңизде калган окуя барбы? Балким, косметологияга кимдир бирөөнүн жашоосун өзгөрткөн? 

– Ыраазы болуп кеткен кардарлар дайыма эсте калат. Мен кимдир бирөөнүн жашоосун өзгөрттүмбү? Ооба, андай нерсе болгон. Эрини абдан күчтүү асимметрия болгон кыз кайрылган, ал дайыма беткап тагынып жүрчү экен, косметологдордун кызматына кайрылуудан корккон. Бизге келүүгө курбулары көндүрүптүп. Анан инъекция менен дарылоого туура келди. Процедураны жасаганыбыздан кийин, колуна күзгү карматсам, өзүн көрүп алып кубанганынан ыйлап жиберди. Беткабын ошол замат ыргытып, бактылуу болгон бойдон кетти. 

– Бүгүнкү күндө өлкөдө ар кандай салондор көп. Өзүн өзү косметолог деп атап алгандарга жолугуп калбоо үчүн косметологду кантип туура тандоо керек? 

– Косметологдор абдан көп, ар бир косметологдун багыты ар башка. Ар бир доктур-косметолог сизге өзүнүн дарылоо схемасын берет, ошол убакта бул сиздин адиспи же жокпу сезишиңиз керек, өзүңүздү каалооңуздагыдай болуп жатабы же жокпу.  Бет – айымдардын маанилүү дене бөлүгү, сизге кайсы процедура ылайык келээрин билүү керек. Туура эмес инъекция жасатып, анан кыйналгандан көрө мыкты консультацияга акча төлөгөн жакшы. 

– Айрым косметологиялык процедуралар келечекте кесепетин көрсөтөт деп айтып калышат. Өз курагыңа ылайык процедураны кантип тандоо керек? 

– Бул балким птоз, бардык кийлигишүүлөр эле эч кандай кесепетсиз боло бериши мүмкүн эмес.  Конкреттүү көрсөткүчтөрү жок жаш кыздарга косметикалык кийлигишүү жасабаш керек. 22 жылдан кийин сиздин коллагениңиз кошумча дозаны өндүрүүнү токтотот жана ушул учурда териңизди нымдап турууга туура келет. Көптөгөн альтернативалар, туура тандалган кам көрүүлөр бар. Эгер сиздин териңиз жука болсо, анда улуу көрүнүшүңүз мүмкүн. Косметологго канчалык эрте кайрылсаңыз, ошончолук жаштыгыңыз узакка сакталат.