Мэрим Кожокматова: Учурда Кыргызстан кытай инвесторлору жана өндүрүүчүлөрү арасында трендде 
14 февраль

Мэрим Кожокматова: Учурда Кыргызстан кытай инвесторлору жана өндүрүүчүлөрү арасында трендде 

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө электрондук соода аянттарын ээлеп жатат. Taobao, Pinduoduo жана башка чоң маркетплейстердин атаандаштары болушу мүмкүн эместей сезилет. Бирок Кыргызстанда жергиликтүү ишкерлер да рынокто чоң оюнчуларга айланууга аракет кылышууда. Бул багытта аларга Кыргызстандын Кытайдагы Соода-Өнөр-жай палатасынын өкүлчүлүгү жардам берүүдө. Кытайдагы ТӨП өкүлү Мээрим Кожокматова «Караван-Инфо» менен болгон маегинде кыргызстандык ишкерлерге жардам көрсөтүүдө дагы кандай иштер аткарылып жатканын  айтып берди.

– Мээрим Тургуналиевна, Кытайда бизнес кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат? 

– Азыр биз Кытайдагы эл аралык көргөзмөлөргө катышуу аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле алардын продукциясын жана кызматтарын Кытай рыногуна активдүү таанытып жатабыз. Кыргызстандан айыл чарба продукциясын импорттоого Кытай тараптан абдан чоң кызыгуу байкалууда.  Былтыр Сианда Кыргызстандын Соода үйү расмий ачылган. Азыр биз өндүрүүчүлөрүбүздүн дээрлик бардык эл аралык көргөзмөлөргө катышуусу үчүн шарттарды түзүп жатабыз.  Быйыл Гуанчжоудо айыл чарба продукциясын илгерилетүү үчүн павильон ачуу пландалууда.

Туризм секторунун өнүгүүсү да активдүү жүрүүдө. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, быйыл визалык режимди жөнөкөйлөштүрүштү, ошондуктан эми Кытайдан Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйөт деп пландаштырылып жатат.

– КР Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык бизнесмендерге Кытайдын кайсы соода аянттарын сунуштай алат?

– Учурда электрондук соода актуалдуу  болгондуктан, биз кытайлык өнөктөштөрүбүздүн бул жааттагы тажрыйбасын үйрөнүүгө активдүү умтулуп жатабыз. Өтө көп ишкерлерибиз кытайлык маркетплейстердин тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыгышууда. Азыркы этапта төлөм системаларын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бул электрондук соода үчүн өтө маанилүү, анткени калктын 80 пайызы өлкөбүздө өтө популярдуу болгон Taobao, Pinduoduo сыяктуу электрондук аянттарды колдонушат. Бул жылы бизде көптөгөн электрондук аянтчалар ачылат деген ойдомун.

– Ушул жөнүндө кененирээк айтып бериңиз. Биздеги ишкерчилик ага даярбы?

– Кыргызстандагы рынок электрондук коммерцияга жана Кытайда бар болгон маркетплейстер менен кызматташууга бүгүнкү күндө толугу менен даяр. Азыркы учурда логистикалык жолдорду жана төлөм системасын чечүүгө абдан чоң кызыгуу жана даярдык бар. Ири корпорациялар анын үстүндө иштеп жатышат. Буйруса, бул жылы биз төлөм системасын чечүүдө чоң жетишкендикке жетебиз. Кытай тарап да Кыргызстандагы рынокто иштөөгө чоң кызыгуусун билдирүүдө. Менин оюмча, ушул жылдан тартып биз Wildberries жана Ozon сыяктуу гиганттар менен атаандашууну баштайбыз. Биздин жергиликтүү корпорациялар россиялык аталган ири оюнчулардай эле жыйынтыктарга жетишет жана биз да жардамыбызды беребиз. Келечекте, бул процесс башталып кетсе, дагы маалымдайбыз. Азырынча ири платформалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Кыргызстанга кандай компанияларды тартууга жетиштиңиздер? 

– Эгер гиганттарды алсак, анда бул Alipay, ошондой эле 1688, Taobao, Pinduoduo сыяктуу маркетплейстер. Бул чоң корпорациялар Кытайды гана эмес, башка өлкөлөрдү да багындырышты. Азыр биз Кыргыз Республикасы менен иштөөгө даяр болгон башка кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул жылы алар да Кыргызстандын рыногунда иштей баштайт деп ойлойм.

– Былтыр Соода-Өнөр-жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Шэньси провинциясындагы бир катар алдыңкы кытай компанияларын кыдырган. Бул жолугушуулардын жыйынтыгында  кандай иштер жүргүзүлүүдө? 

– Ооба, чындыгында, өткөн жылы төрага Темир Сариев бир нече жолу жумушчу сапары менен Шэньчжэнь, Сиань, Гуанчжоу сыяктуу шаарларга барган.  Соода-экономикалык байланыштарыбызды күчөтүү жана бекемдөө жана Кытайдагы ишкерлерибизди илгерилетүү боюнча ассоциациялар, ири корпорациялар менен жолугушуулар болду.  Биздин бизнеске түздөн-түз өнөктөштөрдү табууга, сапаттуу кызматтарды алууга, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экспортту жана импортту көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген бир катар кызматташтык меморандумуна кол коюлду.  Биз Кытайдагы көптөгөн альянстар жана федерациялар менен абдан активдүү кызматташабыз, ал жерде ТӨП түздөн-түз логистикалык федерациялардын жана альянстардын мүчөсү болуп саналат.  Бардык иштер жүрүп жатат жана биздин ишкерлер үчүн түз өнөктөштөрдү табууга, дүйнөлүк ири бренддер менен иштөөгө, алардын Кыргызстандагы дистрибьютору болууга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

– Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин кандай баалайсыз? Кызматташууну активдештирүү үчүн эмнелер пландалып жатат?

– Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери, айрыкча, Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлган саммиттен кийин кыйла жогору бааланууда. Кытай тараптан Кыргызстанга, географиялык абалыбыз, логистика, Кыргызстан аркылуу Европа өлкөлөрүнө жана Россияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн улам абдан чоң кызыгуу байкалууда.  Ошондой эле Кытай –Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу кытайлыктарга биздин рынокто иштөөгө, инвестиция салууга, Кыргызстан аркылуу логистикалык тармакты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.  Мындан тышкары, аларды өлкөбүздөгү өндүрүш: заводдорду куруу, продукция өндүрүү жана андан ары аны Европа өлкөлөрүнө жөнөтүү кызыктырып жатат. Башкача айтканда, өндүрүштүк масштабдан алганда, Кыргызстан алар үчүн абдан жагымдуу рынок.

Ошондуктан бизде азыр чоң мүмкүнчүлүктөр бар.  Кыргызстан учурда кытайлык инвесторлор менен өндүрүүчүлөр арасында трендде деп айтсак да болот.  Менимче, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бизге дагы көбүрөөк инвестицияларды алып келет жана кытайлык өнөктөштөр бизнести Кыргызстандын аймагында түзүшөт.

Кытайдагы КР Соода-Өнөр-жай палатасынын дареги: Guangzhou,Haizhu district, Xingangdonglu road 1024, Block F, 6 floor, 609. Poly World Trade Center. Тел: +861371807760