Мээрим Саркулова: Майыптуулукту таануу боюнча жаңы эрежелер. Текшерүүдөн өтүү процедурасынын мөөнөтү узартылды
Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып майыптуулукту таануу боюнча жаңы эрежелер иштеп баштайт. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун социалдык маселелер боюнча бөлүмүнү башчысы Мээрим Саркулова билдирди.
Айтымында, Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январына карата 217 миң майыптуулугу бар адам катталган.
Буга чейин өлкөдө майыптуулугу бар жарандар майыптуулугун таануу боюнча жыл сайын текшерүүдөн өтүп, комиссиянын корутундусун алып келишкен. Эми жаңы эрежелерге ылайык, бул мөөнөт узартылды.
“Кыргызстанда дебрюрократизация процесси ушул жылдын март айында башталды. Биз бизнестен тартып социалдык жаатка чейин карадык. Чындыгында, майыптуулукту таануу боюнча көп маселелер жаралган, анын бири – жыл сайын тастыктап туруу (2- жана 3-топтогулар үчүн).
Кызыгы, оор абалдагы, 1-топтогу майыптуулугу бар жарандар дагы бул процесске тартылган (2 жылда бир жолу). Бул жөн гана комиссиядан өтүп коюу эмес, толтура тастыктамаларды чогултуу, медициналык текшерүүдөн өтүү, анализдерди тапшыруу. Мындай процедура узакка созулган, майыптуулугу бар жарандын убактысын, аны менен кошо анын үй-бүлөсүнүн ресурсун да алган.
Ошондуктан, биз чечим кабыл алдык: майыптуулугу бар жарандар үчүн башкы багытты реабилитациялоого бурууну туура көрдүк”, – дейт Саркулова.
Ал белгилегендей, мындан ары жаңы эрежелерге ылайык, 1-топтогу майыптуулугу бар жарандардын комиссиядан өтүү мөөнөтү 7 жылга чейин узартылды. 2-топтогулар – 4 жылга. 3-топтогулар – 2 жылга.
“Бул майыптуулугу бар жарандардын майыптуулугун таанууга кетирген убактысын ден соолугун жакшыртууга арноого мүмкүнчүлүк берет”, – деди бөлүм башчы.
Ошондой эле, анын айтымында, майыптуулугун мөөнөтүнөн мурда алып салууну каалаган жарандар (ден соолугу калыбына келген учурда) ошол адам же анын мыйзамдуу өкүлү арыз менен кайрылат дагы, тиешелүү комиссия аны карап чыккандан кийин суроосу канааттандырылат.
Саркулова белгилегендей, бул жыл соңуна чыгаарына аз калды, андыктан, майыптуулугу бар жарандар жыл аягында адаттагыдай майыптуулугун таануу боюнча процедурадан өтүшөт, ал эми жаңы эрежелер кийинки жылдан тартып жеткиликтүү болот.
“Биз мындай эрежени майыптуулугу бар жарандар менен кеңешип, алардын реабилитациясы кандай өтөөрүн адистерден сурап жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап кабыл алдык. Дүйнөлүк тажрыйба реабилитация көп убакытты талап кылаарын көрсөттү, ошондуктан биз мөөнөттөрдү узарттык”, – деп кошумчалады Мээрим Саркулова.
