Египеттеги эс алуу. Туристтерге пайдалуу кеңештер
6 июль

Египеттеги эс алуу. Туристтерге пайдалуу кеңештер

Египет – улуу жана байыркы цивилизация, аны кыргыз туристтери өмүрүндө жок дегенде бир жолу көрүшү керек. Ооба, пейзаж чын эле анчалык жакшы болбошу мүмкүн, бирок Кыргызстандан түп тамырынан айырмаланып турган картина жандуу кызыгуу тартуулайт. Аталган өлкөгө сөзсүз баруу керек дегендин башкы себеби, ушул убакка чейин сакталып турган байыркы кереметтердин бирин – Хеопс пирамидасын жакындан көрүү мүмкүнчүлүгү.

Аны көрүү менен сиз тарыхка байланышасыз, өзүңүздү изилдөөчү сезесиз жана фараондун легендарлуу күмбөзүнүн сырларына сүңгүйсүз. Андан сырткары “Олл инклюзив” эс алуусу жеткиликтүү баада экени да жагымдуу бонус. Бирок Египетке баруу алдында эмнелерди билүү керек, эрке туристтин жандүйнөсүнө кайсы экскурсиялар жагат – төмөнкү макаладан окуңуз.

Виза

Кара жерге баруу үчүн виза (египеттиктер өздөрү ушундай атап коюшкан) эгер сиз Каирге барып, пирамиданы көрүүнү кааласаңыз гана керектелет. Визаны абамайдандан алууга болот, ошондой эле сизге аны туркомпанияңыздын өкүлдөрү мейманканадан жолугуп, экскурсияларды сунуштап баштаган маалда жасап бере алышат. Бул 25 долларга айланат, жарактуу мөөнөтү – 1 ай.

Валюта

Египеттин улуттук валютасы – египеттик фунт. Бирок өлкөдө доллар менен еврону да кабыл ала беришет. Болгондо да жаныңызга санааркабай эле доллар алып жүрө бериңиз, кайсы жерден соода кылбаңыз, сизге кайтарым акчаны ошол валюта менен беришет. Ошондой эле карта менен төлөөгө болот.

Пайдалуу кеңеш: накталай соода кылганда египеттиктер эски чыгарылыштагы доллар менен кайтарым бериши мүмкүн, ал акчаны башка сатуучулар кабыл албайт, бир гана жергиликтүү банктан алмаштыра аласыз. Ал эми Кыргызстанда андай доллар кабыл алынбайт, ошондуктан сак болуңуз.

Тил

Кыргызстандыктар орус тилин жакшы билишет, ошондуктан баарлашууда тоскоолдук жаралбайт: мейманканалардын дээрлик бардык кызматкерлери, базардагы сатуучулар жана туркомпаниянын өкүлдөрү орус, англис жана француз тилдеринде сүйлөшөт.

Климат

Тропикалык кургак климатка ээ. Фараондор өлкөсүндө жакшысы жазында жана күзүндө эс алуу керек: аба ырайы пляждагы эс алуу үчүн идеалдуу, а деңиз жылуу болот. Хургадада да, Шарм-эль-Шейхте да жагымдуу аба ырайы орноп турат.

Эмне алуу керек

Сөзсүз керектелчү нерсе, бул коралл тапочкалары, анткени, бутту жабыркатып алуу оңой, ракушкалардын сыныктары, кораллдар жана деңиз жандыктары коркунуч келтирет. Аквасокини мүмкүн болсо базардан алыңыз, арзан түшөт. Баса, биздин өлкөдө да бул нерсе сатылат. Күндөн коргоочу кремди, жайкы баш кийимди жана көз айнекти унутпаңыз. Египетте чиркей абдан көп, ошондуктан алардан коргоочу каражатты да ала барыңыз.

Экскурсиялар

Мейманканадан алыс кетпей эс алуу комфорттуу, айрыкча жаш баласы менен баргандар үчүн, бирок бир-эки экскурсияга сөзсүз чыгуу керек. Жок дегенде Гизадагы улуу пирамидаларды  жана суу алдындагы кереметтерди көрүү үчүн. Ансыз Египетте болдум деп эсептебей эле коюңуз. Пирамидалар жөнүндө түшүнүктүү – бул архитектуралык искусствонун эстеликтери жана биздин күнгө чейин сакталган жети кереметтин бири. Ал эми Синай жарым аралындагы дайвингди, айрымдар, кыязы жакшы баалай билишпейт! Кызыл деңиздин суу алдындагы дүйнөсү – бул таң калаарлык жана сүрөттөп берүү мүмкүн болбогон көрүнүш, биздин көзүбүздөн жашырылган кенч десек да болот. Жак Ив Кусто адамдарды суу алдындагы жашоо менен тааныштыруу үчүн ушул жерди жөн жай тандап албаса керек. Ошондуктан бул эки кереметти сөзсүз көрүңүз!

Экскурсиялар комплекстүү болот, бир экскурсия болжол менен 100 доллардан айланат, фото жана видео съемкаларды эске албаганда.

Пайдалуу кеңеш: адатта дайвинг учурунда туристтер көп болсо, инструкторлор суу алдындагы дүйнөнү тамшана кароого аз убакыт беришет. Анын үстүнө суу астындагы убакыттын көбүн фото, видео съемкалар алып коет. Ошондуктан кийин коралл рифтеринин сулуулугуна тойгуча карай албай калдым деп капаланбаш үчүн бул нерсени алдын ала сүйлөшүп алыңыз.

Тамак-аш

Эрежеге ылайык, Египетте тамактануу “Баары камтылган” системасы боюнча болот. Сизди даамдуу, түркүн тамак-аш тосуп алат. Ар биринен көнгөн да, өзгөчө да даамдарды таба аласыз. Гурмандарга өзгөчө гастрономдук ырахатты чыгыш десерттери жана экзотикалык жемиштер тартуулайт.

Пайдалуу кеңеш: крандан суу ичпеңиз, бир гана бөтөлкөдөгү сууну колдонуңуз! Крандагы сууга ал турмак тишти тазалоо дагы сунуш кылынбайт.

Транспорт

Кыргызстандыктар, тагыраак айтканда бишкектиктер айрыкча баалай турган нерсе, бул жолдордогу тыгындын жоктугу. Бирок кызыктуу да, ошол эле маалда таң калаарлык да нерсе – бул жол чырактардын да жоктугу, ал турмак жөө жүргүнчүлөр өтчү чийинди да сейрек кездештиресиң. Булар бир гана туристтик шаарларда эмес, борбор калаасында да жок! Анткени, Египетте машина аз. Туристтер такси менен аялдамаларга токтобой жүрө алышат.

Корутунду катары пайдалуу кеңеш

Эгерде египеттик Ривьерадагы эс алуу сизге жагуусун, бир гана оң таасирлерди калтыруусун кааласаңыз, 5 жылдыз даражасындагы мейманкана алыңыз. Болбой калды дегенде 4 жылдыз, бирок андан ылдый түшпөңүз, жакшысы туроператор менен кеңешиңиз. Анткени, “Баары камтылган” системасы боюнча турист көп убактысын мейманкананын аймагында өткөрөт, ичинде аквапарк, кечки анимация жана башка көңүл ачуучу шоулар болот. Ошондуктан, даамдуу тамак-аш, комфорт жана курорттук зонанын эстетикалык көрүнүшү баарынан биринчи турат!