Ашымбек Мамытбеков: “Балалык сүйүүмдөн жазылган ырым мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин”
27 июнь

Ашымбек Мамытбеков: “Балалык сүйүүмдөн жазылган ырым мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин”

Бир канча убакыттан бери элдин оозунан түшпөй, жаш-кары дебей баары ырдап келе жаткан “Айжамал” аттуу ыр абдан белгилүү. Аталган ырдын автору ким экенине, ал ыр кайсы кызга  арналганына, ырдын тарыхына кызыгасызбы? Анда бул тууралуу автор айтып берет.  

“Айжамал”
Сөзү, обону: А.Мамытбековдуку 

Көп ойлоп дайым өзүңдү, 
Жалынга таштайм өзүмдү. 
Көңүлдөш курбум болсоң деп,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.

Кыйнаба мени, жаркыным,
Жыттайын тосчу алкымың.
Кусадар болуп жүрөмүн,
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.

Көзүнө түшсөң башканын,
Убайым тартат жаш жаным.
Ушул ыр сага арналат, 
Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.

– Агай, “Айжамал” аттуу ырыңыздын тарыхын айтып берсеңиз?

– Мен Токтогул районунун Торкент айылында туулуп-өскөм. Бала кезимде Айна деген индиянын кыздарына окшогон татынакай классташ кызым бар болчу. Биз жогорку класста окуп калганда ал экөөбүздүн ортобузда сүйүү пайда болуп, кыз-жигит болуп жүрүп калдык. Ошол балалыктын таттуу күндөрү азыр дагы эсимде. Айна экөөбүздүн үйүбүздүн аралыгында көпүрө бар эле, мен күн сайын кечинде ошол көпүрөдөн өтүп Айнага барчумун. Ал чыгып экөөбүз сүйлөшүп калчубуз. Ошол учурда жүрөгүм сүйүүгө толуп турган эле, анын таасиринен Айнага арнап ушул ырды чыгаргам. Кийин мектепти аяктаганда Айна айылда калды.

Мен болсо Ош педагогикалык институтуна окууга кирип кеттим. Ал жерде бир ай окугандан кийин Өзгөн районунда ачылган “Кара-Шоро” деген ансамблге кетип калдым. Ал ансамблде иштеп, күн сайын гастроль деп жүрүп Айнага кат жазганга дагы убакыт таба албай ичтен сызып гана жүрдүм. Ал учурда азыркыдай уюлдук телефон жок эле, кат аркылуу эле байланышчубуз. Анан ансамблде эки ай иштеп кайра Токтогулга жөнөдүм. Жолду ката Айнага жолугам деп кубанып келип, айылдан Айнанын Ошко турмушка чыгып кеткенин угуп абдан капа болдум, жүрөгүм ооруду. Баамында мен такыр кат жазбай, кабарлашпай дайыным жок кетсем менден үмүтүн үзгөн го. Ошондо сүйүүмдөн ажыраганыма ичим ачышып, ичимдеги  күйүтүмдөн мурда Айнага жазган ырыма обон жаралып, ушул ыр жарыкка чыккан. Обон жазууда Айнанын аты обонго туура келбей жатканда аны өзүмє жагып жүргөн Айжамал деген атка алмаштырып койгом. 

– Бул ырыңызды кыргыз эли качан угуп баштаган?

– “Айжамал” 1974-жылы жарыкка чыккан болсо, 1979-жылы “Алтын фондго” кабыл алынган. Бул ырым үчүн драматург Токтоболот Абдымомуновдун колунан Ардак грамотасын алгам. Бирок, бул ыр башында популярдуу деле эмес болчу, ХХ1-кылым келгенде абдан популярдуу болуп кетти. Ошол учурда “Айжамалдын“ авторун көрөбүз” деп мага кызыккандар дагы өтө көп болгон. Чынында, балалык сүйүүмдөн жазылган ырым мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Бул ыр менин “визиттик карточкам” десем болот. Ырымды жактырып уккан жердештерим колдоо дагы көрсөтүп турушат, токтогулдук бир иним аккордеон белек кылган.

– “Айжамалдан” башка дагы ырларыңыз барбы? 

– Мен жыйырмага жакын обон чыгаргам. Бирок, менин атымды укканда ушул ырым эле бар деп ойлошот. Башка ырларым деле радиодон жаңырып турат. 

– Айна бул ыр өзүнө арналганын билеби?

– Албетте, билет. Экөөбүз классташ болгондуктан, айрым учурларда телефон аркылуу байланышып сүйлөшүп турабыз. Аты аталбаса дагы ыр үчүн мага ыраазы болгон. 

– Сүйгөнүңүздөн айрылгандан канча убакыттан кийин үй-бүлө курдуңуз?

– 1977-жылы Каныкей деген кызга баш кошком. Ыраазы болгонум, жубайым абдан ичи кенен адам эле, “Айжамалды” ырдасам кызганып тынчымды алган жок. Ага арнап “Каныкейим кадырыма жетээр жан эркем” деп ыр жазып, оозун баскам (күлүп). Ажал деген адамды кайсыл күнү болсо алып кете берет турбайбы, жубайым жол кырсыгынан  каза болуп калган. Өзүм учурда Токтогулда турам. Токтогул эли мени Ашымбек эмес, Айжамал деп таанышат.