
Түндүк-Түштүк альтернативдик жол долбоорунун бардык жол иштери 2024-жылдын 30-ноябрына чейин аяктайт
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженери Айбек Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында жалпы узундугу 430 чакырымды түзгөн Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу уланууда.
“Бүгүнкү күндө Кочкор районунун Эпкин айылынан Жумгал районунун Баш-Кууганды айылына чейинки жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн тилке курулууда. 2024-жылы жолдун 80 чакырымына асфальт-бетон төшөө пландалып, бүгүнкү күндө анын 58 чакырымына төшөлдү, бул 72 пайызды түзөт. Бул участоктогу бардык жумуштарды 2024-жылдын октябрынын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда», - деди ал.
Калмаматов ошондой эле учурда узундугу 3,9 чакырым болгон тоннель жайгашкан Көк-Арт ашуусунда иштер жүрүп жатканын белгиледи. Ал жерде асфальт төшөө иштери аяктап, жарыктандыруу, желдетүү орнотуу иштери жүрүп жатат. Ишти 2024-жылдын 30-ноябрына чейин бүтүрүү пландалууда.