Токтогул Какчекеев, генерал: «Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал токтобосо, үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барат»
21 июнь

Токтогул Какчекеев, генерал: «Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал токтобосо, үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барат»

Израиль буга чейин 13-июнь күнү эртең менен Тегеранга жана Ирандын бир катар башка шаарларына абадан сокку урган. Буга жооп катары Иран Израилге 270тен ашуун ракета жана дрондорду учуруп, Тель-Авив, Хайфа жана башка шаарларга сокку урду. Бул чабуулдарда 14 израилдик каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Израилдин Коргоо министрлиги Тегерандагы Ирандын Коргоо министрлигинин имараттарын жана энергия инфраструктурасын бутага алганын билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп кагылышууну токтотууга чакырып, Иранга америкалык активдерге кол салбоо эскертүүсүн берди. Токтогул Какчекеев Караван-Инфого кырдаал жана анын глобалдык деңгээлдеги кесепеттери боюнча комментарий берди.

– Токтогул агай, Израил менен Ирандын куралдуу жаңжалы боюнча түрдүү божомолдор айтылууда. Айрымдар бул жагдай  Орусиянын пайдасына ойнойт деген пикирде. Бул маселеде сиздин оюңуз кандай?

– Израилдин максаты Ирандын ядролук куралына тоскоолдук кылуу. Анткени Иран Израилди душман катары, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы желдети катары кабыл алат. Ошону менен бирге аны жок кылууга аракет кылат. Израил мамлекети ондогон баскынчылык, террористтик кол салууларды аткарган, КСИРдин кол башчысын жана ядролук технологдорду өлтүргөн. Кыскасы, мына ушундай оор кылмыш иштерин аткарып келген. Иран жакын арада ОДКБга мүчөлүккө кайрылып, Россия Федерациясы менен менен стратегиялык саясий аскердик келишим түзгөн. Демек, муну Россияга кыянатчылык кылууга багытталган агрессия десек да болот.

– Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал Орусиянын Украинага каршы согушуна кандай таасир этиши мүмкүн? Москва Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуудан кандай пайда табат?

– Туура Россияга Ирандын жардамы менен чоң, дрондор, ракеталар, артиллерияга окдарылар жеткизилип турган. Демек Израилдин Иранга кол салышы   Украинага түздөн-түз багытталган. Бирок, Иран Израилди талкалаганга киришкенде АКШ өзүнүн куралдуу күчтөрүн Иранга каршы колдонгону жатат. Иран менен Израилдин ортосундагы куралдуу жаңжал токтобосо, согуштук абал курчуп, үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барат.