Инструктор Тынара Турдалиева: Йога мени бутумдан тургузду
БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2014-жылы белгиленген Эл аралык йога күнү жакында белгиленди. Бул күндү 21-июнда белгилөөнү Индиянын премьер-министри Нарендра Моди сунуштаган, анткени, бул күн Түндүк жарым шарда жылдын эң узун күнү болуп саналат жана дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө өзгөчө мааниге ээ. Бул күнгө карата байыркы индиялык практиканын философиясы жана эмнеге йога менен алектенүү баарына пайдалуу болоорун инструктор Тынара Садабаева айтып берди.
– Тынара Турдалиева, йога боюнча сабак берип жатканыңызга канча болду?
– Йога менен алектенгениме 30 жыл, сабак берип жатканыма 20 жыл болду.
– Басып өткөн жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз, эмнеге йога боюнча инструктор болуп калдыңыз?
– Йогага ден соолугумдун айынан келгем. 36 жашымда жыгылып кетип, ордумдан тура албай калдым. Жамбаш сөөгүм ажырап кетиптир, балдарым көтөрүп жүрүштү. Ошондо жашоодогу башкы нерсе – бул ден соолук экенине көзүм жетти. Кытай ийне саюу адисине бир курс ийне сайдырдым. Ошондо ал мага физикалык көнүгүүлөр менен алектенбесем, майып болуп калаарымды айтты. Анан йога менен алектенип баштадым. 2010-жылы бизде Улуттук йога федерациясы ачылды. Оксана Потаковская алып барчу. Мен анда машыга баштадым, ден соолугум жакшырды, тынч уктап калдым. Мындай өзгөрүүлөрдөн кийин йога менен алектенүүнү кесибиме айлантууну чечтим. Өзүм алган билимди башка аялдарга да үйрөтүп, алардын сулуу жана саламаттыгы чың болушуна салым кошкум келди.
– Бул байыркы практика эмнеси менен пайдалуу?
– Йогадан алган башкы нерсем – бул ден соолук. Йогада жасалган бардык асаналар (отурган позалары) бүт денеге оң натыйжаларды берет: кан тамыр системасына, канга, муундарга, ошондой эле ички органдарга жана бир гана эмес, биздин аң-сезимибизге да. Мындан тышкары, дене ийкемдүүлүккө, күчкө ээ болот.
– Көп адамдар эртеден кечке бир ордунан жылбай отуруп иштешет, мындан улам жүлүнгө байланышкан көйгөй көбөйүүдө. Грыжа жана жүлүндүн башка оорулары үчүн йога класстары канчалык эффективдүү?
– Йога грыжа, остеохондроз, жүлүндүн протрузиясы үчүн абдан пайдалуу. Омуртканы чоюучу атайын асаналар бар. Мындан тышкары, ички органдар иштей баштайт, анткени белгилүү позаларда биздин органдар кысылып, бошоп калат.
– Аялдарда арыктоо темасы актуалдуу. Йога арыктоого жардам береби?
– Албетте. Бул салмакты азайтуу үчүн өтө сонун инструмент, анткени, ашказанды кичирейтип, тамак сиңирүүнү жакшырта турган асаналар бар, деги эле жалпы ичеги-карын системасы үчүн пайдалуу.
– Менин көз карашымда, йога бир гана ден соолук эмес, энергия да, ушундайбы?
– Абдан туура! Йога менен алектенгенде адам энергияга толот. Мени караңыз, 67 жаштамын, энергиям толтура, өзүмдү 30 жаштагыдай сезем. Таңкы саат 4тө ойгоном, метидация кылам, 5 тибет көнүгүүсүн жасайм, ал мага күнү бою энергия берет. Ошондуктан бардык адамдарды йога менен алектенүүгө чакырам!
– Сиздин оюңузча, йога философиясы эмнеде?
– Бул аң сезимиңдин денең менен жуурулушканы, йога жашоо образына айланат жана анын башкы максаты – дене менен акыл эстин гармониясына жетүү.
