Съездбек Искеналиев: Мени камсыздандырууну мамлекет өз көзөмөлүнө алып жатканы ынандырды
ИИМ 1-июлдан тарта Кыргызстанда автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок автотранспорт каражаттарынын ээлерине айып пул салына турганын маалымдады. Министрлер Кабинети кабыл алган тиешелүү токтомго ылайык, айып пулдун өлчөмү жеке жактарга – 3 миң сом, юридикалык жактарга – 13 миң сом.
Бул коомчулук тарабынан кандай кабыл алынууда? Суроого жооп табуу үчүн КР Эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиевге кайрылдык.
– Съездбек мырза, жакынкы күндөрү унааларын ОСАГОго камсыздандырбагандарга айып салынаары айтылууда. Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча кандай пикирдесиз?
– Мен да бүгүн барып ОСАГОго унаамды камсыздандырып, акчамды төлөп келдим. Эгерде ОСАГО мыйзам чегинен чыкпай туура иштесе, эл үчүн пайдалуу эле болот. Өнүккөн мамлекеттерде унаа, үйдүн баарын камсыздандырышат го. Ошон үчүн чочулабай эле жакшы көрүнүш катары кабыл алдым.
– Айрымдар ОСАГОго каршы чыгып, «камсыздандыруудан түшкөн каражатты чиновниктер эле алып байыганы жатышат» деген ойлорду да айтып жатышат го...
– Ар ким ар кандай ойлонот да. Андай жаман ойлорду ойлогон жокмун. Жогоруда айткандай өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу сөзсүз болоорун эске алдым. Мени камсыздандырууну мамлекет өз көзөмөлүнө алып жатканы ынандырды. Камсыздандыруу – бул өзүбүздүн каржылык коопсуздугубуз.
– Шарттарына ынандыңызбы?
– Ооба, шарттарын окудум. Мыйзам ченемдүү эле экен. Кудай баарыбызды кырсыктан сактасын. Эң башкысы жакшы, калыс жана так иштесе эле болду.
