Галина Горноженко: Кыргызстандык эстетикалык медицинанын адистери жогору бааланат
9 октябрь

Галина Горноженко: Кыргызстандык эстетикалык медицинанын адистери жогору бааланат

Эстетикалык медицина - медициналык технологияларды колдонуу менен адамдын сырткы көрүнүшүн оңдоого багытталган сулуулук жана ден соолуктун бир тармагы. Эл аралык эстетикалык жана пластикалык хирургия коомунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча дээрлик 25 миллион косметикалык процедуралар жасалган.

Кыргызстандагы эстетикалык медицинанын өнүгүшү тууралуу “Nova Clinic” көп тармактуу медициналык борборунун жетекчиси Галина Горноженко айтып берди.

 -Кыргызстанда эстетикалык медицина канчалык деңгээлде өнүккөн?

-Менин көз карашымда, эстетикалык медицина биздин өлкөдө жолго коюлган, анын үстүнө жыл сайын бул тармактын өнүгүүсү жакшырып баратат жана адистер да көбөйүүдө. Чындыгында Кыргызстандын адистери бир гана бизде эмес, чет өлкөлөрдө да абдан бааланат.

Эстетикалык медицинанын бөлүмүндө бир гана косметология эмес, өлкөбүздө абдан жакшы өнүккөн пластикалык хирургия да бар. Көп жылдардан бери биз өзүбүздүн бейтаптардын гана эмес, Кыргызстанга атайын ушул үчүн келген чет өлкөлүк бейтаптардын да ишенимине киргенибизди далилдеп келе жатабыз. 

Бүгүнкү күндө бул кызматтарды абдан көп борборлор көрсөтөт. Косметология дагы көп. Анткени борборлордон тышкары жөнөкөй адистештирилген борборлор, косметологиялык борборлор, ошондой эле пластикалык хирургияга адистешкен борборлор да бар.

-“Nova clinicтин” башкы концепциясы эмнеде? Сиз кандай ноу-хау сунуштайт элеңиз?

-“Nova clinicтин” концепциясы – бул эстетика жаатында гана эмес, ден соолукту калыбына келтирүү маселелеринде да комплекстүү чечим. Биз ар кандай оорулардын алдын алууга басым коебуз жана ден соолукту калыбына келтирүүдө комплекстүү мамиле жасайбыз. Ошентип, бир нече жыл мурун биз уникалдуу чикаптарды киргизгенбиз, бүгүнкү күндө алар бейтаптар арасында абдан популярдуу.

Биздин чикаптардын негизи  ар кандай ооруларды алдын алууда жатат, анткени кесепеттер менен эмес, себептер менен иштейбиз. Андан сырткары эстетикалык медицина жакшы өнүккөн, тактап айтканда, пластикалык хирургия жана косметология тармагындагы бир катар чечимдер бар.

Клиникабызда пластикалык хирургия кеңири колдонулат, денени жана бетти оңдоо үчүн хирургиялык процедуралардын бардык түрлөрү бар. Учурда ар кандай багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистер иштейт жана алар операциялардын айрым түрлөрүнө адистешкен.

Ноу-хау биздин клиникадан комплекстүү чечимди таба алаарыңызда жатат, мен жогоруда айткандай - бул алдын алуу чаралары, хирургиялык жана калыбына келтирүүчү практика. Биз бейтаптарыбызды акырына чейин көзөмөлдөйбүз, аларга кандайдыр бир хирургиялык процедурадан өтүүгө гана эмес, айыгууга да жардам беребиз. Ошондой эле белгилүү бир каалаган натыйжага жетүүсүнө көмөктөшөбүз.

Бул жерде айта кетчү нерсе, пластикалык хирургия, биринчи кезекте, конструктивдүү хирургия, ал адамды өзгөртүү үчүн эмес, анын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн баса белгилөө үчүн керек. Ошондой эле бейтаптарга жакпаган кайсы бир мүчөсүн өзгөртүүгө жардам берет. Төрөттөн кийин калыбына келтирүүгө көмөктөшөбүз, мисалы, бизге бир нече балалуу бейтаптар көп кайрылышат, алардын денесин баштапкы формасына келтирүүгө аракеттенебиз.