Асмандагы мода: Кыргызстандын аба жолдорунда уникалдуу шоу өткөрүлдү
2 май

Асмандагы мода: Кыргызстандын аба жолдорунда уникалдуу шоу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасында уникалдуу маданий окуя болуп өттү – өлкө тарыхында биринчи жолу Бишкек-Каракол аба каттамы менен учкан учакта мода көргөзмөсү болду.

Белгилүү дизайнер, Кыргызстандын атын дүйнөнүн ондон ашуун өлкөсүнө чыгарган Айпери Обозованын коллекциясы аба каттамынын башкы окуясына айланды. Дизайнер көп жылдар бою улуттук маданиятты салттуу элементтердин жана орнаменттердин заманбап интерпретациясы аркылуу жайылтып, кыргыздын өздүгүн эл аралык аренада таанытууда.

Долбоордун демилгечиси жана идеялык шыктандыруучусу маданий долбоорлордун режиссеру, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги Олеся Семикоз экени белгилүү болду.

КР маданиятынын отличниги Олеся Семикоз, дизайнер Айпери Обозова жана КР Эл артисти Гүлнур Сатылганова менен долбоор жана учуудан алган таасирлери тууралуу "Караван-Инфонун" журналисти Ольга Федорова маектешти. 

Олеся Семикоз, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги

 

– Мен, Олеся Семикоз, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги. Долбоор бир нече жыл мурда эле ойлонулган болчу, бирок 26.04.26 деген кооз датада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, “Манас” абамайданынын, “Асман Айрлайнс” компаниясынын жана мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун колдоосу менен ишке ашты.

Бул оригиналдуу, алкактан тыш долбоор. Борттон моделдерди көрүү жүргүнчүлөргө күтүүсүз болду. Кыргызстанды 10дон ашуун өлкөдө тааныткан дизайнер Айпери Обозованын атамекендик бренди көрсөтүлдү.

Менимче, дүйнөдө биринчи жолу учуп бараткан учакта мода көрсөтүлдү. Даярдык иштери чынында оңой болгон жок, көп деталдар жаралды. Биз коопсуздук техникасын иштеп чыктык жана үйрөндүк. Мунун баары эске алынды.

Бул долбоор менен Кыргызстан эл аралык аренага чыгарууга мүмкүн болгон креативдүү чечимдерге даяр экенин билдирдик. Долбоорду колдоого алгандардын баарына ыраазычылык билдирем.

Сиздин көз карашыңызча, учактагы дефиле кандай көрүндү?

– Чыгармачыл адам болгондуктан мейкиндикти жакшы элестете алам. Негизи кандай элестетсем, ошондой болду. Журналисттердин тобу, блоктогу видеокамералар, эки: кыргыз жана орус тилиндеги алып баруучулар...  Моделдер кантип чыгып, кантип киргени бүт мен ойлогондой ишке ашты.

Жүргүнчүлөрдүн реакциясы кандай болду?

– Балким, ким бирөөнүн кыжырын келтирип албайбызбы деп ойлоп жаткам. Анткени бала менен учкан жүргүнчүлөр да болгон. Бирок моделдер чыга баштаганда баары ыраазычылык билдирип, мындай күчтүү долбоордон болуп көрбөгөндөй эмоция алышты.

Долбоор үч жыл бою ар кайсы органдар менен макулдашылып, иштелүү процессинде болду. Чынында бир нече мүнөттүк көргөзмө өтө чоң даярдыкты, командалык ишти талап кылды. Командагылардын баары чогуу учкан жок, мисалы, бизге коопсуздук эрежелерин үйрөткөн инструктаждар.

Бизге эгерде турбуленттүүлүк болсо, долбоорду ишке ашыра албай калышыбыз мүмкүндүгүн эскертишкен, биз буга даяр болчубуз, анын үстүндө каттам болгону 45 мүнөткө созулат, аба ырайы дайым эле жакшы боло бербейт эмеспи. Бирок Жараткан 26.04.26 деген кооз датада ойлоп жүргөн мүдөөбүздү ишке ашырууга жардам берди.

Өзүңүз тууралуу айтсаңыз, эмне менен алектенесиз?

– Ар кандай форматтагы долбоорлорду ишке ашырам. Балмуздак фестивалы жеке долбоорум. Анын өткөрүлүп жатканына бул жылы 10 жыл толот.

Негизи Кыргызстанда буга чейин болбогон долбоорлорду даярдоого аракеттенем. Балмуздак фестивалынан кийин Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде өзгөчө балдар үчүн инклюзивдүү спекталь биринчи жолу жасадык. Ага аутизми бар жана ДЦП менен жабыркаган өтө көп бала келди.

Бул ушунчалык жылуу долбоор болду, азыркыга чейин “бизге чыныгы актер болуу мүмкүнчүлугүн бердиңиздер” деп айтышат, анткени биринчи мугалимдин ролун балдардын бирөөсү аткарган. Мага болуп көрбөгөн нерсени ойлоп тапкан жагат. Жакында дагы бир долбоор ишке ашат.

Кыргызстан учуп бараткан учакта ушундай иш-чара өткөргөн биринчи өлкө болуп калды. Өлкөбүз тарыхта калышына салым кошконуңуз үчүн сыймыктануу барбы?

– Албетте. Бул өзгөчө нерсени жасадык деген сезимди жаратат. Ооба, жалгыз өзүм аткарган жокмун, мындай ишти бир адам жасай албайт, колдоолор болду. Буга чейин бортто концерт койсокпу деп ойлонгом. А качан Айпериге сунуштаганымда, ал күчтүү айым эмеспи, дароо эле: “Келиңиз, ишке ашыралы”, - деп айтты. Анан сүйлөшүүлөрдү, толгон-токой документтерге кол коюуну баштадык. Бул долбоордун идея жаратуучусу, режиссеру катары укмуштуудай сезимдерге оронуп турам.

Дизайнер Айпери Обозова

Бул коллекцияны жаратууга эмне түрткү болду жана канча убакыт кетти?

– Мен дайыма капсулалык коллекциямды жаңылап турам, кээде жылына он жолу. Бул коллекция атайын асмандагы көргөзмө форматына ылайыкташтырылган – ачык, улуттук, Кыргызстандын жаратылышынын элементтери менен. Мунун баары эргүүгө караганда, туруктуу жумуш десек туура болчудай, анткени дайыма жаңы нерселерди жаратып турабыз.

Коллекция кандай аталат?

– Аталышы жок, ал тууралуу ойлонбоптурмун дагы.

Кандай материалдар колдонулду?

– Ар кандай: баркыт, джинсы, декоративдик элементтер жана жасалгалар. Ошондой эле учактын салонундагы отургучтар үчүн этностилдеги каптама жасалды. Жүргүнчүлөргө улуттук оюу түшүрүлгөн печенье белекке тараттык.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова

Учактагы көргөзмөдөн кандай сезимдерди алдыңыз?

– Абдан таасирлендим. Өзгөчө жана жагымдуу эмоциялар жаралды. Абада модель болуу чынында, кызыктуу экен. Эч убакта модель болгон эмесмин, бирок өзүмдү бул тармакта дагы сынап көрүүнү кааладым.

Учак бортундагы жүргүнчүлөр, арасында чет өлкөлүктөр да бар экен, эми алар бул каттамды көпкө чейин унутушпаса керек. Адамдар мода көргөзмөсүн жылмаюу менен кабыл алып, жылуу пикирлерин айтып, видеого да тартышты.