Иллюзиясыз Жаңы жыл. Сюцай санариптик психология боюнча 2026-жылга төлгө
30 декабрь

Иллюзиясыз Жаңы жыл. Сюцай санариптик психология боюнча 2026-жылга төлгө

2026-жыл ички өзгөрүүлөрдүн жана баалуулуктарды кайра карап чыгуунун жылы. Сырткы стратегиялар чарчайт, санариптик ызы-чуу күчөйт, а көңүл коюу эң бир таңкыс ресурска айланат.

Жаңырган жыл кандай болот, кимге өсүш, а кимге олуттуу чакырыктарды алып келет – бул тууралуу Сюцай методикасы менен иштеген санариптик психолог менен маектештик. Сюцай – бул адамдын жандүйнөсүн анын туулган датасына карап ачкан система.

Айтсаңыз, Сюцай санарип психологиясынын көз карашында 2026-жыл кандай жыл болот?

– Кыскача айтсак, 2026-жыл – бул аң-сезимди кайра куруунун жана “белгилерди тазалоонун” жылы. Ал иллюзиялардын азайышын, сезимталдуулуктун көбөйүшүн жана ызы-чуудан мааниге өтүүнү жактайт. Сюцайдын көз карашында, бул жылы сырткы стратегиялар иштөөсүн токтотот. “Эмнени берсең – ошону аласың” принциби күчөйт, а санариптик чөйрө адамдын ички акыбалын өзгөчө так чагылдыра баштайт. Психологиялык мааниде бул жыл баалуулуктарды кайра карап чыгуунун, санариптик чарчоонун, жымжырттыкка жана чынчылдыкка ык салуунун жылы.

2026-жыл кимдерге ийгилик алып келет?

– Биринчи кезекте ички дисциплинага даяр адамдарга. Алар көңүл буруусун башкара алышат, дайымкы скорллингде жашашпайт жана өз убагында токтогонду билишет. Ошондой эле жыл бир гана кыймыл менен эмес, ой жүгүртүү менен да иштеген адамдар үчүн жагымдуу болот: психологдор, аналитиктер, окутуучулар, консультанттар, изилдөөчүлөр жана маңыздуу контентти жаратуучулар.

Дагы бир маанилүү категория – бул “боштуктан” коркпогондор, башкача айтканда, өз жолун жаңылай алган жана эски образынан баш тартууга дарамети жеткен адамдар.

Сюцайда 2026-жыл ызы-чуулуу лидерлердин эмес, аң-сезимдүү жалгыздардын жылы.

А кимдер үчүн жаңы жыл маселе жаратат?

– Дайыма толкундануу режиминде – тез акча табуу, лайктар, домафин, жоопкерчиликтен жана ички иштерден качуу абалында жашагандарга көбүрөөк татаалдык жаратат. 2026-жылы психикалык ачкалык кескин күчөйт, санариптик чөйрө “ашыкча ысыйт”, а жасалма ролдор кулай баштайт. Психологияда бул жыл “күйүп кетүүлөрдүн”, экзистенциалдык кризистердин жана жумушта, мамилелерде жана долбоорлордо кескин үзүлүүлөр орун алчу жыл катары каралат.

Жашоонун кайсы тармактарына өзгөчө көңүл буруу керек?

– Биринчи кезекте психикалык саламаттыкка: уйкуга, тынчсыздануу деңгээлине жана концентрация жөндөмүнө көңүл буруу зарыл.

Экинчи маанилүү зона – санариптик адаттар, башкача айтканда, соцтармактарга канча убакыт коротосуң, канча нерсени жаратасың жана сага кандай эмоцияларды тартуулайт.

Үчүнчү тармак – мамиле. Үстүртөн мамилелер жок болот, же терең мамилелер гана калат же эч нерсе калбайт.

Анан албетте, жумуштун маңызы. 2026-жылы адамдар “канча акча таап жатам?” деген суроону көп бербей калышат, анын ордун “эмнеге мен муну жасап жатам?” деген суроо басат.

Pantone версиясы боюнча 2026-жылдын түсү Cloud Dancer (“Булуттагы бийчи”) аталышындагы ак түс болот экен. Сюцайдын көз карашынан алганда келе жаткан жылдын түсү барбы? Бар болсо, ал кандай маанини туюндурат?

– Ооба, бар. 2026-жылдын түсү – муздак чагылыштагы сүттөй ак, Pantone Cloud Dancerге жакын. Ал тазаланууну, нейтралдуулукту, жаңы циклдин алдындагы паузаны жана өзүңө чынчыл болууну символдоштурат. Ак – бул алсыздык тууралуу эмес, муну билип алыш керек. Бул жалган конструкциянын жок болушу жана кийинки этапка даярдануу.

2026-жылга карата кандай негизги кеңештерди берет элеңиз?

– Биринчи жана башкы кеңеш – көңүл бурууну башкаргыла. 2026-жылы көңүл коюуну билүү башкы валютага айланат.

Экинчиси, ызы-чууну азайткыла: жаңылык, талаш-тартыш аз болсун, а жымжырттык, китеп окуу, ой жүгүртүү көп болууга тийиш.

Үчүнчү, басымды тереңдикке койгула. Бир максат, бир багыт, бир күчтүү жөндөм үстүртөн жасалган он аракетке караганда көп пайда берет.

Акырында, өзүңөргө чынчыл болгула. 2026-жыл жазалабайт, бирок ашкерелейт.