Калкан безинин иштөөсүндөгү Д витамининин ролу
15 сентябрь

Калкан безинин иштөөсүндөгү Д витамининин ролу

“Караван-Инфо” редакциясы хирург-эндокринолог Тилло Тиллоев менен калкан бези тууралуу маегин улантат. 

- Калкан безинин оорусун дарылагандан кийин контролдук текшерүүдөн тез- тез өтүп туруу керекпи? 
- Негизинен контролдук текшерүүлөр ар бир 6-12 айда жүргүзүлүп турат, бирок бул бейтаптын акыбалынан жана операциядан кийинки гистологиялык жоопко жараша өзгөрүшү мүмкүн. 

- Паракалкан безинде көйгөйлөр жарала баштаганын кандай белгилерден билүүгө мүмкүн? 

- Калкан безинин артында жайгашкан орган – паратироидик гормондорду бөлүп чыгаруучу паракалкан безиндеги көйгөйлөр булчуңдардын тырышуусу, алсыздык, сөөктөрдүн оорусу жана жүрөк ыргагынын өзгөрүшү менен байкалат. Анткени калкан безинин жанындагы органдар организмдеги кальцийдин алмашуусуна жооп берет. Кальций өз кезегинде көп процесстерге, ошол эле булчуңдардын иштөөсүнө жана жыйрылышына жооптуу. 

- Паракалкан безинин ооруларын аныктоого кандай ыкмалар колдонулат? 

- Организмдеги кальцийдин, фасфордун, паратгормондун, Д витамининин деңгээли кан анализи аркылуу аныкталат жана УЗИ, сцинетиграфия жүргүзүлөт. 

- Гипопаратиреозду кантип дарылайт? 

- Канда кальцийдин жана Д витамининин жетиштүү деңгээлин кармоо үчүн кальций жана Д витаминин ичүү сунушталат. 

 - А гиперпаратиреозду кантип дарылайт жана кандай учурда хирургиялык жол керектелет? 

- Бул ооруну паракалкан безинин жабыркаган бөлүгүн хирургиялык жол менен алып салуу аркылуу дарылоого болот. Айрыкча оор белгилери бар учурда же өтүшүп кеткен маалда. 

- Паракалкан безинин функцияларынын бузулушу кандай кесепеттерге алып келет? 

- Кальцийдин алмашуусунун бузулушуна таасирин берген олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Алмашуу бузулса сөөккө, нервке жана булчуңдарга зыянын тийгизет. 

- Кальцийдин жетишсиздиги менен паракалкан безинин ооруларынын кандай байланышы бар? 

- Паракалкан бези кандагы кальцийдин деңгээлин көзөмөлдөйт, ошондуктан анын оорусу кальцийдин жетишсиздигине же ашыкча болуусуна алып келет. 

- Д витамини калкан безинин жана паракалкан безинин иштөөсүндө кандай роль ойнойт? 

- Д витамини кальцийдин сиңишине жана паракалкан безинин иштөөсүнө жардам берет. А эгер бул витамин жетишсиз болсо дартты күчөтөт.

- Экинчи медициналык корутунду алуу канчалык маанилүү? 

- Мен байкап жүрөм, көпчүлүк кесиптештерим алардын бейтаптары дагы башка дарыгерлерге кайрылганын жактыра беришпейт. Бул туура эмес позиция. Мен эгерде сизге коюлган диагнозго ишенбей жатсаңыз же көбүрөөк кеңеш алууну кааласаңыз башка жогорку билимдүү адиске дагы кайрылып көрүңүз дейт элем. 

Экинчи медициналык корутунду алуу кайсы бир деңгээлде маанилүү: бул биринчи диагноз так коюлганына жана бейтаптын акыбалына ылайык келээрине ынандырат. Ар кайсы врачтын ар башка көз карашы же тажрыйбасы болгондуктан кырдаалды бир топ так баалоого алып келет. 

Андан тышкары экинчи корутунду  дарылоонун биринчи текшерүүдө эске алынбаган альтернативдүү ыкмаларын сунушташы ыктымал. Бейтапка бир топ натыйжалуу дарылоону тандап алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. 

Мен ар кайсы курактагы бейтаптар менен иштешем, ага адистигим жана дипломум жол берет. Көйгөй медициналык мекемелерде гана пайда болушу мүмкүн, анткени алар тиешелүү лицензияга ээ болушу керек. Бүгүнкү күндө 18 жашка чейинки бейтаптарды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, а 18 жаштан ашкандарды Доктор Громова жана Amanat Hospital медициналык борборлорунда кабыл алам. 

Дарыгердин кабыл алуусуна кантип жазылуу керектигин шилтемелер аркылуу билүүгө болот: 

1. Instagram - https://www.instagram.com/dr.tilloev_official/ 
2. Telegram канал - t.me/tilloevmd 
3. Онлайн консультация - https://endoinfo.ru/catalog/khirurg-endokrinolog/tilloev-tillo-abdulloevich/