Гульнара Джурабаева: “Жолугушуу маалы” офлайн-клубу адамдарга жубун табууга кантип жардам берет
Бишкекте өзгөчө форматтагы клуб ачылды, ал онлайн-таанышуулардан жадап, реалдуу жашоодо жубун тапкысы келгендерге арналган. “Жолугушуу маалы” клубу офлайн-жолугушууларды өткөрүп, катышуучуларга жылуу атмосферада бири бирин фильтрсиз жана экрансыз жакындан билүүгө шарт түзөт. Идея эмнеден улам жаралды, жолугушуулар кандай өтөт жана эмнеге бүгүнкү күндө жандуу баарлашуу өзгөчө мааниге ээ – бул тууралуу клубдун уюштуруучусу Гүлнара Джурабаева менен маектештик.
– Гүлнара, офлайн-форматтагы таанышуу клубун ачуу идеясы эмнеден пайда болду?
– Баары бүгүнкү күндө адамдар кантип таанышаарын байкоодон келип чыкты. Көпчүлүгү тиркеме аркылуу таанышып, жазышуу, кыска жолугушуу менен чектелип, аягында көңүл калуу орун алат. Мен күчтүү адамдарга жандуу баарлашуу – көз караш, жылмаюу, интонация, өзүндөй болуу жетишпей жатканын түшүндүм. Адамдар ишеним жана сый-урматтын атмосферасында чындап тааныша алчу жайды түптөөнү чечтим. Ошентип, “Жолугушуу маалы” пайда болду.
– Таанышуу кечелери кандай өтөт, андагы өзгөчөлүк эмнеде?
– Жолугушуулар отелдердин жакшынакай конференция-залдарында өткөрүлөт. Биз жайлуу атмосфера түзүп, чай, кофе, таттууларды сунуштап, жагымдуу музыка ойнотобуз. Программага коучинг жана психологиялык көнүгүүлөрдүн элементтерин да кошом, ал катышуучуларга кеңири отуруп, эркин баарлашууга жардам берет. Көңүл бурууга арналган жеңил оюндар, биргелешкен тапшырмалар, темалар боюнча кыска маектешүүлөр да бар. Булардын баары адамдарга ачылып, спиддэйтинг башталганга чейин байланышты сезүүгө көмөк көрсөтөт.
– Демек, бул классикалык «speed dating» эле эмес экен да?
– Жок, андан чоңураак нерсе. Биз чыңалууну кетирүү үчүн жеңил көнүгүүдөн баштайбыз, андан кийин 5–7 мүнөттүк кыска таанышуулар болот. Бирок «жолугушуулардын» саны эмес, баарлашуунун сапаты башкы орунда.
Иш-чарадан кийин катышуучулар ким жакканын белгилешет. Эгер симпатия эки тараптык болсо, кийинки күнү аларга бири биринин байланыш номерлерин берем. Баары жашыруун, басымсыз жана ыңгайсыз учурларсыз болот.
– Катышуучуларды кантип тандайсыздар, чектөөлөр барбы?
– Ар бир жолугушуунун алдында катышуучуларга Google-форма толтуртабыз, ал жакта жаш курагы, боюнун узундугу, канча баласы бар, кызыгуулары, баалуулуктары белгиленген. Бул тең салмактуу тайпа тандоого жардам берет.
Ар бир жолугушууга 20дан 30га чейин адамды катыштырганга аракет кылабыз. Сын-пикирсиз, салыштыруусуз ишенимдүү атмосфера орун алат. Баары бир гана максат менен – таанышуу жана баарлашуунун негизинде өтөт.
– Ушул жолугушуунун жардамы менен жубун тапкандар болдубу?
– Ооба, бул мен үчүн абдан чоң кубаныч! Бир нече жуптар биздин жолугушууда таанышкан. Бир кыз айтып калды, ушул жактан таанышкан адамына турмушка чыгууга даярданып жатыптыр. Башка катышуучулар дагы ачык баарлашууну үйрөнүп, таанышуулардан коркпой калышканын айтышат. Кээде таанышуу дароо эле мамилеге алып келбейт, бирок адамдарга өзүнө жана жандуу жолугушуулардын мүмкүнчүлүгүнө болгон ишенимди кайрып берет.
– Жолугушуу канча убакытта бир болот жана катышуу үчүн канча төлөө керек?
– Азыр катышуунун баасы 1500 сом. Бул залдын ижара акысына, суусундуктарга, татууларга жана башка уюштуруу иштериндеги чыгашаларга кетет.
Таанышуу кечелерин болжол менен айына бир жолу, кээде, эгерде арыз көп болсо, эки жолу өткөрөбүз.
Бүгүнкү күнгө чейин сегиз жолугушуу болду, форматка болгон кызыгуу өсүүдө. Көбү кайрадан, өздөрүн бир топ ишенимдүү сезип келишет.
– Көбүнчө кайсы категориядагы катышуучулар келет?
– Бизде ар кандай тайпалар бар. Мисалы, 25–35 жаштагылар үчүн, 35–45 жаштагылар үчүн формат жана 45 жаштан өткөндөр үчүн өзүнчө кечелер.
Мен баары өздөрүн ыңгайлуу сезишин каалайм. Фильтрсиз, баалоосуз, кандай болсоң ошондой көрүнө алган мейкиндикти түзөбүз.
– Сиз жаңы форматтарды пландаштырып жатканыңызды айттыңыз эле. Кененирээк айтып берсеңиз.
– Ооба, долбоорду бир нече багытта өнүктүргүм келет. Биринчиден, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн клубдун онлайн версиясын түзүү пландаштырылууда, ошондо баары таанышып, баарлаша алышат. Экинчиден, 50 жаштан ашкан аялдар үчүн таанышуу форматын түзүүнү ойлонуштуруп жатам. Анткени аларга коопсуз жана жылуу баарлашуу аянтчалары жетишпейт. Андан тышкары, тематикалык кечелердин сериясын жасоону кыялданам, мисалы, китеп сүйүүчүлөр, саякат, йога, психология үчүн. Бул адамдарга жалпы кызыкчылыктарынын негизинде таанышууга мүмкүндүк берет.
– Эмнеге биздин заманда мамиле куруу ушунчалык кыйын болуп калды, сиз кандай ойлойсуз?
– Жандүйнөбүздү ачкандан коркуп баштадык. Адамдар кат алышууга, телефондогу сүрөткө көнүп калышты, анан да ал жактан жооп бербей туруп, жок болуп кетсең болот. Ал эми чыныгы жашоодо чынчыл болуш керек, угуш керек, көзгө караш керек.
Андан тышкары, көпчүлүгүндө ийгиликсиз окуялардан кийин ишенбөөчүлүк пайда болду. Бирок баары бир баарлашууга болгон муктаждык күчтүү экенин көрүп турам. Адамдар жылуулукка, реалдуулукка, кимдир бирөөгө угулууга, көрүнүүгө умтулушат.
– Тартынып келе албай жүргөндөргө эмне айтат элеңиз?
– Коркпогула! Биздин жолугушууларда эч ким эч кимди баалабайт, мажбурлабайт. Бул кастинг да, конкурс да эмес. Бул - таанышуу, күлүү, сүйлөшүү, чыныгы эмоцияларды сезүү мүмкүнчүлүгү. Көзмө көз баарлашууну эч бир онлайн-таанышуулар алмаштыра албайт.
Мага бир аял жазып: “Эмне үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кандайдыр бир онлайн аянтча жасабайсыңар? Мен силерге келе албайм, бирок мен өзүмө окшогондор менен жок дегенде сүйлөшкүм келет, балким, биз бири-бирибизди таап алат элек”, - деп сурады. Азыр ушул жөнүндө ойлонуп жатам. Чынында эле, балким, онлайн аянтча да керек.
– Акыркы суроо: сиз сүйүүгө кандай карайсыз?
– Сүйүү – бул эмгек, чынчылдык жана кабыл алуу. Бирок биринчи кезекте – бул өзүң менен жолугушуу. Адам өзүн ошол турушунда көрсөтүүдөн коркконду токтоткондо, аны ошол бойдон кабыл алган адам ар дайым жанында болот.
