Өзгөрүүдөн артта калбайлы! 12 жылдык билим берүү боюнча министрдин маеги
Билим берүү жана илим министрли Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү боюнча эң көп берилген суроолорго жооп берди. Анын маегин ведомствонун маалымат кызматы жарыялады.
— Балдардын жаш курагы өзгөрөбү? Балдар 18-19 жашында бүтөбү?
— Жок. Учурда 2015-жылдан бери 0-класста бир жыл бою же 480 сааттык мектепке даярдоо программасы менен мамлекет тарабынан 118 миңден ден ашык бала окуп жатат. Мындан ары 0 класс деп аталбайт, ал 1-класс деп аталат. Окуучулардын жаш курагы өзгөрбөйт.Мектепти азыр канча жашта бүтсө, 12 жылдык моделде да ошол жашта бүтөт.
— Окуучуларга мектеп жетишпейт, алар кайда отурушат?
— Окуучулардын саны өзгөрбөйт. Мектеп курулуштары 12 жылдык билим берүүгө карабастан интенсивдүү салынууда. Айрыкчы кийинки жылдары Бишкек шаарында мектептерди салууга басым жасалат жана бул иш КР Президентинин жеке көзөмөлүндө жана ага ири инвестиция каралууда.
— Мугалимдер даяр эмес, 12 жылдык окутуу ыкмаларын билеби?
— Учурда эл аралык эң алдыңкы педагогикалык технологияларды жана тажрыйбаларды улуттук билим берүү системасына айкалыштыруу аркылуу пайдалануу боюнча айтайын даярдыктан өткөн методист тренерлер бүт өлкөбүздүн аймагында мугалимдерди айрыкча СТЕМ багытындагы предметтик мугалимдерди окутуп, жаңы көндүмдөрдү калыптандырууда. Бул тренинг машыктыруу туташ ар бир СТЕМ мугалимдерин камтыйт жана сабактарына байкоо жүргүзүү процесси жүрүүдө.
Ар бир мугалим ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган Алтын Казык аталыштагы ичинде бүт окутуу методикалык материалдары жүктөлгөн ноутбук менен камсыздалат.
— Жаңы муундагы китеп маселеси чечилеби?
— Чечилет. Учурда эң алдыңкы дүйнөлүк практикадагы китептер менен мамлекеттик компоненттерди айкалыштыруу аркылуу 1-12 класска чейинки так илимдер багытындагы жана англис тилиндеги китептер иштелип жатат. Кийинки окуу жылына чейин интенсивдүү китеп чыгаруу иштери жүрөт.
— Эски стандарттар менен иштейбизби?
— Жок. Учурда Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттар удаалаш иштелип жатат.
Албетте кыйынчылык болот, ар бир мугалим изденип, окуучуга багытталган сабак берүүдө чыгармачылык менен тынымсыз иштешибиз керек.
Бардык мугалимдер өзгөрүүлөрдү бирге ийгиликтүү ишке ашырууга чакырам. Коомдун, мезгилдин бизге болгон талабы, керектөөсү жана муктаждыгы түп тамыры менен өзөрүүдө. Өзгөрүүдөн артта калбайлы. Жарымы иштеп иштеп, жарымы сындап, жарымы карап турган мезгил өттү. Атаандаштыкка жөндөмдүүлөр гана алдыга чыгат!
