Айзада Мадамбекова: Аз киреше менен дагы көп акча чогултууга болот
18 октябрь

Айзада Мадамбекова: Аз киреше менен дагы көп акча чогултууга болот

Акча көйгөйүнөн кантип арылууга болот? Акча чогултууну кантип үйрөнүүгө болот? Ушул суроолор көпчүлүктүн көңүлүндө жүрсө керек. Финансылык эксперт  Айзада Мадамбекова акча чогултуу үчүн сөзсүз эле чоң айлыкка иштөө зарыл эмес деп эсептейт.  

Конкректтүү максат жана сумма

Биринчи кезекте эмне себептен акча чогултушум керек деген максатты тандоо туура. Анан канча сумма чогултуу зарыл. Сөзсүз түрдө реалдуу сумма коюлушу керек. Анын убактысы жана силердин жашооңорго, максатыңарга жана финансылык мүмкүнчүлүгүңөргө ылайыктуу келүүгө тийиш. Дароо эле чоң максаттардан баштап албагыла. Ооба, максат амбициялуу болушу керек, бирок өтө чоң максат коюп алганда, эгер ал аткарылбай калса стресске алып келет. 

Негизи кыргыз элинде “финансылык жаздык” деген түшүнүк жок. Көбүнчө бир күн менен жашап, тапканыбызды тапкандай коротобуз. Ошондуктан, эгерде жаңы акча топтоп баштасаңыз, башка максаттарды кое туруп, биринчи мага жана үй-бүлөмө финансылык жаздык деп баштап көрүңүз. Мисалы, 2025-жылдын аягына чейин 120 миң сом топтойм деңиз. Ошондо чеги – 120 миң сом. Убактысы – 2025-жылдын аягы. Бул эми кирешеңизге жараша, мындан ылдый же жогору сумманы белгилесеңиз болот. 

Адатты калыптандыруу

Мурда акча топтоп көрбөгөн болсоңуз, дароо чоң сумманы топтой салууга эмес, акча топтоо адатын калыптандырууга аракет жасаңыз. Чоң суммадан эмес, кичине суммадан баштаңыз. Анткени, эгерде топтой албай калсаңыз, мына, менин колумдан келбейт, мен эч убакта акча топтой албайм деген негатив ойлоп жаралат. Андай болбош үчүн мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша аз сумманы белгилеп, киреше алганда кайсы бир бөлүгүн өзүнчө эсепке которуп жүрүп отурсаңыз, мээңиз да көнөт. Ошентип, адат пайда болот. 

Белгилей кетчү нерсе, сөзсүз чоң сумма эмес, аз суммадан да акча топтолот. Бир адам жок дегенде он миң сом табат эмеспи. Ошонун баарын коротуп салуудан карманыңыз. Мүмкүн болушунча бир аз болсо да арттырып, өзүнчө коюуга шашылыңыз. 

Өзүңө берилчү мотивация

Мисалы, сиз бир шакекти алгыңыз келди дейли. Аны дароо эле барып сатып албаңыз. Андан көрө аны өзүңүзгө белек катары карманыңыз. Мынча убакытта мынча сумма топтой алчу болсом, муну өзүмө белек катары тартуулайм деңиз. Деге эле ар бир максатка жеткен сайын өзүңүздү эркелетүүнү унутпаңыз. Бул сизге эң сонун мотивация болуп берет. 

Акчаны ашыкча коротуудан кантип арылуу керек? 

Сентябрь айында тапкан кирешеңиз эмнелерге жумшалды деген суроого эч бир адам так жооп бере албаса керек. Анткени, балдардын бала бакчасы, мектеби, үй акысы, коммуналдык төлөм ж.б. сыяктуу так аныкталган чыгашалардан тышкары кеткен чыгым баарынын эле эсинде кала бербейт. Бир күндө билинбей эле миң-эки миң сом коротуп кое аласыз, ойлоп келгенде, ал коротпосо да болчу чыгым болуп чыгат. Бирок аны ошол маалда элеске албайбыз. Ошондуктан, анализ жүргүзүүнү колго алыңыз. Жок дегенде акыркы 3 айда акчаны эмнелерге короттум деп анализ жасап көрүңүз. Бул боюнча атайын уюлдук тиркемелер бар, ошолорду телефонуңузга жүктөп алып, ар бир чыгымды киргизип кое берсеңиз, тиркеме сиз үчүн баарын эсептеп берет. Анан айдын аягында бир сыйра көз жүгүртүп, өзүңүз үчүн жаңы ачылыштарды жасап аласыз. 

Мисалы, биз, айымдар косметика дүкөнүнө киргенде көзүбүзгө баары жакшы көрүнөт, баарын алгыбыз келет. Мындай учурдан пайдаланган сатуучулар улам бир каражатты сунуштап башташат. Эгер ошол убакта сизде чыгаша боюнча так анализ болбосо, оңой эле сунушка баш ийип, көп акча кетирип коесуз. А эгерде мынча акча коротушум керек деген лимитиңиз болсо, анда өзүңүздү токтотуп калууга эркиңиз жетет. Ар бир айда ар чыгашаңызга, мисалы, ошол эле косметикага кайсы бир сумманы бөлүңүз, андан ашык коротпоңуз. 

Көбү “акча чогултууга акчам жетпейт, мен аз табам” деп ойлошот, бирок андай эмес. Акча чогултуу үчүн кирешенин суммасы эмес, адамда калыптанган адат жана анализ роль ойнойт.