Кыргызстандык Дубайда 150 долларга кантип эс алса болот? 
15 ноябрь

Кыргызстандык Дубайда 150 долларга кантип эс алса болот? 

Кыргызстандыктар жыл сайын саякаттоонун баркын түшүнүп, дүйнө жүзүнө көбүрөөк чыга башташты. Бирок баалар жыл сайын өсүп, мындай ырахат кымбатка түшүүдө. Ага карабай чет өлкөдө эс алгың келет, муну кантип сапаттуу жана арзан жасоонун сырларын, ошондой эле кайсы багыттарды тандоо эң жакшы экенин «Бифлай Трэвэл» туристтик компаниясынын негиздөөчүсү Талант Озокеев “Караван-Инфо” агенттигине берген маегинде айтып берди. 

– Талант, айтсаңыз, учурда кыргызстандыктардын арасында кайсы багыт популярдуу болуп жатат? 

– Кыргызстандыктардын арасында эң популярдуу багыттар – булар Түркия, Египет, Дубай жана Вьетнам. 

– Саякаттоону каалагандардын саны кайсы мезгилде көбөйөт? Жалпысынан алганда жыл сайын саякаттоого суроо-талап өсүүдөбү? 

– Туризм тармагында Жаңы жылга чейинки жана жаңы жылдык каникулдардын учурунда суроо-талап абдан көп болот. Дал ушул мезгилде эң көп адам саякаттоого жөнөшөт. Ага жараша баалар да кымбаттайт. Саякатчылардын катары жыл сайын көбөйүүдө, акыркы 4 жылда бул тармакка болгон суроо-талап кеминде 2-3 эсеге өстү.

– Бул аймакка же бул өлкөгө барбай тургула деген  эскертүүлөр туристтик суроо-талапка канчалык таасир этет? Андай эскертүүлөргө кыргызстандыктар кулак салабы?

– Климаттык же саясий мүнөздөгү кээ бир жагдайлар, мисалы, согуштар суроо-талапка кээде таасирин тийгизет. Бирок  эгерде ал өлкө ачык болсо жана аба каттамдары токтобосо, анда адамдар дагы эле уча беришет. 10-15 пайызы гана сапарын кийинкиге калтырышат.

– Биздин элди эч нерсе менен коркута албайсың! Саякат туристтин капчыгына оорчулук келтирбеши үчүн кайсы жакка баруу пайдалуураак? Же кайсы мезгил? Балким, чет өлкөдө кантип арзаныраак эс алуу боюнча лайфхактар бардыр?

– Биринчиден, бардык документтерди жана жарактуу мөөнөтү соңуна чыгаарына алты айдан кем эмес убакыт калган паспортту даярдашыңыз керек. Паспорт чоңдор үчүн гана эмес, 1 күндүк бала үчүн да талап кылынат. Сиз биздин Telegram каналыбызга же Whatsapp тобубузга жазылышыңыз керек, анда биз шашылыш (горящие) турларды чыгарып турабыз. Шашылыш турлар – бул убагында сатылбай калгандыктан, акыркы күндө арзан баада сатылчу турлар, анда арзандатуулар 70 пайызга жетет. Эгерде сиз адатта 700-800 долларга тур сатып алсаңыз, анда шашылыш тур менен сиз 300 долларга учуп кете аласыз. Мисалы, Дубайга 4-5 күнгө 150 доллар болушу мүмкүн. Ага аба каттам, жатакана, эртең мененки тамак, трансфер кирет. Ал эми мейманкананы тизмеден өзүңүз тандайсыз. Бирок бир күндө даярданып учуп кетишиңиз керек. Мына, ушул арзан саякаттоонун эң оптималдуу варианты. Ал эми мезгилге келсек, башкысы Жаңы жыл алдында жана андан кийинки каникул учурларына пландабоо керек, анткени бул эң кымбат даталар. 

– Негизи турсапарлардын баасына эмнелер кирет? 

– Эң кымбаты – бул авиаучуу. Ал канчалык арзан болсо, тур да ошончолук арзан. Ошондой эле турдун баасына жашаган жер, трансфер, виза жана башка кошумча кызматтар кирет. Бирок биринчи кезекте баага авиаучуу таасир этет. Эмнеге Бишкекке караганда Алматыдан учкан маалда тур дайыма арзан болот? Анткени ал жакта авиакаттамдар көп. 

– Көптөгөн өлкөлөрдө болгон чыгаарсыз, сиздин оюңузча кайсы багыттар эң кызыктуу? Өзүңүз турист катары кайсы жакка эс алганды жакшы көрөсүз?

– Эң белгилүү багыт – бул Түштүк-Чыгыш Азия, анын арасында Вьетнам, Филиппин, Таиланд. Бул өлкөлөргө 5, ал турмак 10 жолу кайра-кайра баргың келет жана ар бир жолу кызыктуулугун жоготпойт, ар бир жолу өзүң үчүн жаңы нерселерди ача аласың. 

– Келерки жылы кандай дестинация популярдуу болоорун айта аласызбы? 

– Биз негизи жарым жыл мурда пландайбыз. Жаңы жылда жана андан кийин Вьетнам, Египет, Таиланд популярдуу болот. 

Сиз эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк биле аласыз:

https://t.me/supertury

@beflytravel.kg – инстаграм

https://chat.whatsapp.com/FIuz65KIOwu6j0DClBLymz