Толкунай: “Эки колум жок болсо да жашоомо ыраазымын!”
13 декабрь

Толкунай: “Эки колум жок болсо да жашоомо ыраазымын!”

Жашоодо алты саны аман, он эки мүчөсү түгөл, телегейи тегиз адамдардын нааразы болуп, наалынып жашагынын көп эле көрүп байкап жүрөбүз. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелсе да позитив менен жаркырап,  баарына ыраазы болуп жашоо кечиргендер бар. Редакциябыздын бүгүнкү коногу Толкунай мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да уулуна татыктуу тарбия берген сүйүктүү эне. “Мен эч нерсеге капа болбойм, бул да болсо Жараткандын сыноосу” деген Толкунай бизге кызыктуу маек куруп берди.

“Төрөлгөнүмдө эле эки колум жок экен...”

Менин аты-жөнүм Толкунай Муратбек кызы. 2003-жылы 17-майда Кочкор районунун Кочкор айылында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келгем. Атам Муратбек учурда  Суу чарба ишканасында күзөтчү болуп эмгектенет. Апам Бактыгүл  үй кожойкеси. Ата-энем эки уул, эки кызга татыктуу тарбия берип чоңойтушту. Мен төрт бир туугандын кенжеси болом. Менден башка бир туугандарымдын саламаттыгы жакшы, үй-бүлөдө менин гана мүмкүнчүлүгүм чектелген. Жарык дүйнөгө келгенимде эле бир колум ийинимден, экинчи колум билегимден тубаса жок болуп төрөлгөн экемин. Мага “манжаларың жок тиричилик кылгандан кыйналсаң керек?” деген суроолор көп берилет. Бирок ар бир нерсенин ыңгайын тапсаң болот да. Мен жуунуп-таранууда, гигиенаны сактоодо кимдир бирөөнүн жардамысыз эле кыла алам. 

“Ушул жашоомо ыраазымын”

Кичинемде балдарга кошулуп ойногум келчү. Бирок алардан “колу жок” деген сөздөрдү укканда ызаланчумун. Ушундан улам корунуп,  ойногум келип турса да теңтуштарымдан оолак болуп чоңойдум. Ал кезде майыптуулугум  мен үчүн “комплекс”  болсо, азыр тескерисинче уялбайм. Кичинемде “эмнеге менин колум жок?” деген суроону өзүмө берип, ал суроомо жооп таба албай  ыйласам керек. Медицина деле эмне себептен мындай болуп калганым боюнча толук жыйынтык чыгарып берген эмес. Баары Алла Тааланын буйруганынан болду. Аң сезим жетилип, чоңойгондон кийин эч качан өкүнбөгөнгө үйрөндүм. Жаратканым ушул сыноону мени көтөрө алат деп берген. Демек берген сыноону татыктуу көтөрүшүм керек дейм.  Тескерисинче Кудайыма шүгүр айтам. Мени ушул ааламга жаратып, бул жашоону көрсөткөнүнө миң мертебе ыраазымын. Кызыбыз ушундай төрөлдү деп ата-энем убайымдаса керек. Мага билгизбегенге аракет кылышат. Бирок ата-энеме эки дүйнө ыраазымын. Азыр да колдорунан келишинче колдоп турушат.

“Колумдун жоктугуна эмес, окубай калганыма өкүнөм”

Эс тартып калган чагымда колумдун жоктугунан уялдымбы же балалык кылдымды, айтор, мектепке баруудан баш тартып ошо менен окубай калдым. Колумдун жок экенине өкүнбөйм. Бирок татыктуу, керектүү, жетиштүү билим албай калганыма абдан өкүнөм. Менден улуу бир туугандарымдын жардамы менен аракеттенип үйдөн тамгаларды үйрөнүп, жазганды да өздөштүрүп алгам. Балалык кылсам керек дейм. Мен сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелген көп эле балдар-кыздар  билим алып жүрүшпөйбү. Балким окуп калганымда юрист болмок болушум керек. Себеби мага укугу бузулган адамдарга жардам берген жагат. Коомчулуктагы терс көрүнүштөрдөн улам, өзгөчө эне-баланын укугун коргосом дей берем. Эмнегедир форма кийип милиция кызматкери болгонду кыялданчумун.

“Уулумду жарык дүйнөгө алып келип сүйүктүү эне болдум”

Мен сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштарым вотсап группа түзүшкөн экен. Анда бири-бирибиз менен таанышып, кабарлашып турар элек. Ошол жактан бир жигит менен таанышып, сүйлөшүп калдык. Мен жөнүндө жакшы билген соң 19 жашымда ала качып кетип баш кошуп калдык. Турмушта ар кандай өйдө-ылдый  болот экен. Кийинчерээк пикирлерибиз келишпей эки жолго түшкөнгө туура келди. Ал учурда кош бойлуу элем. Ошентип бир жылча жашап, андан ары жашообуз уланган жок. Бирок өкүнбөйм, уулумду аман-эсен жарык дүйнөгө алып келип алдым. Сүйүктүү эне болдум, ошого шүгүр дейм.

“Ыйлап калсам уулум жашымды сүртөт”

Баламдын келечеги үчүн жашайм. Мени бул жашоодо кармап турган жанымдын жарымы бар. Бардык убактым уулум менен өтөт. Ата-энем дайыма мага жардам берип жаныбызда. Уулум учурда эки жарым жашта болсо да абдан зээндүү, акылдуу, боорукер. Кээде ыйлап калсам чуркап келип “апа, ыйлаба” деп көз жашымды сүртүп турат. Буйруса, келечекте элине кызмат кылган, кыйналган адамдарга  жардам берген, жолдон адашкандарды түз жолго салган аалым болсо деп тиленем. Атасы экөөбүздүн тең мүмкүнчүлүгүбүз чектелгенине карабай Жаратканым бизге ден соолугу мыкты уул берди. Азыр атасы менен кабарлашпайт. Бар экенин билип жолугуп турган болсо ортодо балам кыйналмак болуш керек. Ошон үчүн азырынча билбей турганы деле дурус го. Чоңойгонунда келечек өзү эле ордуна коюп, баары жакшы болот деген ойдомун.

“Туңгуюкка кабылган адамдарга мотивация берсем дейм”

Колум жок болсо эле мени эч нерсе жасай албаса керек деп ойлошсо керек. Кадимкидей эле тиричилик кылам. Мен көбүнчө даамдуу тамак, таттуу токочторду жасаганды жактырам. Балама да өзү каалаган даамдарды жасап берем. Мурда кичинемде ырчы болгонду жакшы көрчүмүн. Азыр эч ким жокто өзүмчө ырдап калмайым бар. Кийин укук коргоочу болууну кыялдансам, азыр болсо турмушта туңгуюкка кабылган, жашоодон сынып жашагысы келбей өз өмүрүнө кол салгысы келген адамдарга бул жашоонун сонун экенин айтып мотивация бергим келет. Мен жашоону сүйөм. Ар бир кайгырган адамдарга жашоо керемет экенин айткым келет. Буйруса жашоо-шартымды калыбына келтирип алып, жакшылыкка үндөгөн уюм түзүп, келечекте элиме кызмат кылсам дейм.

“Кайрымдуу агаларым үй салып бермей болушту”

Балам менен өз алдымча жашасам деп Кудайдан беш маал намазымда тиленээр элем. Бир күнү районубуздагы депутат болуп жүргөн активист Эстен Тойтоев деген агабызга абалыбызды айтып кабарлашып калдым. Туура түшүнүп өзүнүн фонду аркылуу кайрымдуулук эсебин ачты. Жер алууга тиешелүү каражат топтолуп, жакында жерди алып беришти. Үй салууга да демөөрчүлөр табылды деген кубанычтуу кабар айтышты. Сүйүнүчүмдө чек жок. Эмне деп рахмат айтарымды билбей кубангандан ыйладым. Менден мурда мага жардам берип жаткан агалар да кубанып алышкан экен. Көрсө, бул ааламда абдан көп боорукер адамдар бар тура. Мага окшогон мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой энеге жардам берген ар бир кыргыз элиме, узун жолдо жүк ташып эмгектенген агаларга, бардык жакшылыкка себепчи болгон Эстен Тойтоев байкеге  эки дүйнө ыраазымын. Ак өргөм көтөрүлүп калса, ошол жакшылыгымды сиздер менен бөлүшчү күн алыс эместир.