Бекболот Сталбеков, юрист: Интернетте жеке маалыматыңызды эч кимге бербеңиз
30 октябрь

Бекболот Сталбеков, юрист: Интернетте жеке маалыматыңызды эч кимге бербеңиз

Интернеттеги ар бир билдирүү ишенимдүү боло бербейт. Айрым учурларда жөнөкөй көрүнгөн шилтемелер, сурамжылоолор же белек убадалаган билдирүүлөрдүн артында алдамчылык же зыяндуу максаттар катылып турушу мүмкүн. Демек, шектүү билдирүүлөрдү таануу – онлайн коопсуздуктун биринчи кадамы. Юрист Бекболот Сталбеков интернеттеги шектүү билдирүүлөрдөн кантип сактануу жолдорун айтып берди.

Кандай интернеттеги билдирүүлөрдү шектүү деп эсептесе болот? 

– Бул – сизге белгисиз адам жеке маалыматтарды же башка персоналдык маалыматтарды билүү максатында жазган ар кандай билдирүүлөр. Эгерде билдирүүдө сиз жөнүндө жеке суроолор бар болсо, демек бул шектүү белги дегенден кабар берет. Мындайда аларга жооп бербей эле койгонуңуз оң болот. Антпесе анын кесепети жаман болушу толук ыктымал. Себеби сиз жана сиздин жакындарыңыз шылуундардын торуна илинип калышы мүмкүн. 

 Эмне үчүн белгисиз шилтемелерге өтүүгө же тааныш эмес адамдардан файл жүктөөгө болбойт? 

– Анткени бул сиздин жеке маалыматтарды коргоо үчүн маанилүү. Ар кандай шилтемени же файлды алгач текшерип, жөнөткөн адамдан тактап, бул эмне файл экендигин жана анын көлөмүн сурап билиңиз. 

Эгер белгисиз адам өтө жеке суроолорду бере берсе эмне кылуу керек? 

– Эң биринчи жазган бардык билдирүүлөрдү скриншот кылып сактап коюңуз. Андан кийин сөзсүз түрдө ата-энеңизге айтып, бул тууралуу кабардар кылыңыз. 

Эгер билдирүүдө коркутуулар же шантаж болсо, кантип туура жооп кайтаруу керек? 

– Мындай учурда аларга жооп берүүдө шашпай, сабырдуулукту сактаңыз. Дароо ата-энеңизга айтып, андан соң укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Алар тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүп, алдын алуу иштерин жүргүзүү менен, башка сизге окшогон жаш өспүрүмдөрдү алдамчылардын торуна түшүп калуудан сактап калат. 

Мындай жагдайда кимден жардам сураса болот? 

– Мындай жагдайда мектептеги мугалимдер, социалдык педагогдор же психологдор жардам бере алышат. Алардан эч нерсени жашырбай баарын ачык-айкын айтып берүү керек.

Билдирүүлөрдү сактоо керекпи жана аны туура сактоо жолдору барбы? 

– Ооба, скриншотторду жасап, сүйлөшүүнүн башында жана маанилүү жерлерин сактап коюу керек. Бул далил катары керек болушу мүмкүн.

Интернеттеги шылуундар же шантажчылар менен баарлашуу канчалык кооптуу? 

– Алар сизден жеке маалыматтарды билүү үчүн жазышат. Сиздин жашаган жериңиз, окуган жериңиз, банктын маалыматтарыңыз - мунун баары коопсуздугуңузга зыян алып келиши мүмкүн.

Өспүрүмдөр өздөрүн коргоо үчүн кандай негизги эрежелерди билиши керек? 

– Маалыматтарды (факт-чекинг), шилтемелерди жана булактарды текшерүү. Белгисиз адамдар менен баарлашпоого аракет кылыңыз. Шектүү билдирүүлөргө жооп бербеңиз. Жеке маалыматты эч кимге бербеңиз. Жеке маалыматта коргогон атайын тиркелерди колдонуп, түзмөгүңүзд коопсуз кылыңыз.