Артур Медетбеков: Уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкан  кызматкерлерди иликтеп, мамлекеттик кызматтан тазалаш керек
13 сентябрь

Артур Медетбеков: Уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкан кызматкерлерди иликтеп, мамлекеттик кызматтан тазалаш керек

Генерал-майор  Артур Медетбеков менен уюшкан кылмыштуу топко каршы жарыяланган күрөш боюнча сүйлөштүк.

– Артур Капарович, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө күрөш жарыялангандан бери , аларга катыштыгы бар адамдар кармалууда.  Уюшкан кылмыштуу топту  түп тамырынан бери жоготуу мүмкүн эмеспи?

– Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары өзгөчө Улуттук коопсуздук кызматы уюшкан кылмыштуу топко каршы  күрөш  жарыялангандан бери  орчундуу, таасирдүү  көп  иштерди  жасалды. Тагыраагы, Кыргызстанда белгилүү  болгон уюшкан кылмыштуу топтун  башчыларына  жана аларга жан тарткан  мүчөлөрүнө катуу сокку урулду. Жыйынтык жакшы болду. Бирок УКТнын мүчөлөрүнө каршы күрөш комплекстүү түрө жүргүзүлгөндө мындан дагы чоң жыйынтык бермек.  

– Мисалы?

– Мисалы,  уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштө  аларга мүчө болгондорду  кармоо менен  эле чектелбестен, алар менен чырмалышып, байланышкан  чиновниктерди дагы кармап, кылмыштуу ишке аралашкандарын таап жазалаш керек. Анткени, эң коркунучтуусу  кылмыштуу топторго кызмат кылгандар ак көйнөк кийип, галстук тагынып, кээ бир мамлекеттик органдарда орто же башкы жетекчилик кызматына чейин жеткендер бар. Таңгалганым алардын айрымдары  укук коргоо органдарында дагы иштеп, даражалуу кызматтарга  чейин жетишкен. Ошон үчүн уюшкан кылмыштуу топторго кызмат кылгандарды  алар менен байланышта болгон мезгилдерин иликтеп, аныктап, мамлекеттик кызматтан тазалоо аракети жүрүшү  керек.  

– Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш түрмөдө дагы жүрүшү керекпи?

– Албетте, түрмөнүн ичинде эле эмес,  түрмөдө иштеп, түшүнүк менен жашаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышкан кызматкерлерди дагы таап жоопко тартуу зарыл. Себеби, уюшкан кылмыштуу топ менен  күрөштү күчөтмөйүн  наркомафияны,  наркотра́фикти   жоюу кыйын. Анткени, наркотрафиктин негизги уюштуруучулары жана аны ишке ашыргандар  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болот.  Укук коргоо органдарынын кээ бир ыплас кызматкерлери финансылык кызыкчылыктан улам,   алар да андай иштерге аралашып кетишет. Ошон үчүн наркотрафикке кол кабыш кылган кызматкерди таап жазаламайын мындай иштерди токтотуу кыйын. Эң башкысы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө  мыйзамдуулукту туу тутуу зарыл. Мыйзам чегинде иш болбосо  негативдер жаралып кетиши мүмүн.