Данияр Долотбаков: Мектеп романсынан башталып Италияга алып келген жол тууралуу
Опера ырчысы Данияр Долотбаковдун баяны тагдырдын кооз бурулушуна окшош: мектептеги сынакка капысынан катышып калуусу операнын чоң дүйнөсүнө карай жолду ачты. Бүгүнкү күндө ал Италиянын сценасында болду, Верди, Моцарт жана Доницетти операсындагы партияларды аткарды, а алдыда – жаңы амбициялык пландар. Караван-Инфо менен болгон маегинде басып өткөн жолу, чет өлкөдөгү окуунун кыйынчылыктары жана кайсы ролу чыдамкайлуулугун сынаганын айтып берди.
– Данияр, жашооңузду музыка жана опера менен байланыштууну качан чечтиңиз?
– Баары күтүлбөгөн жерден болду. 11-класста окуп жүргөнүмдө орус тили боюнча сынак болуп калды. Мугалимибиз “Мен сизди жолуктурдум” (“Я встретил вас”) романсын аткарып берүүмдү суранып калды, аны сүйүп укчу экен. Бул мен жаттап жана аткарган биринчи олуттуу чыгарма болчу. Экинчи орун алганыма өзүм да таң калдым. Сынакта МГУдан келген окутуучулар да бар эле, мен аткарып бүткөнүмдөн кийин: “Эгер сен консерваторияга тапшырбасаң, чыныгы күнөө кылган болосуң”, – деп калышты. Бул мен үчүн тагдырымды бурган сөзгө айланды – 2015-жылы консерваторияны аяктадым.
– Бул жылдар аралыгында кандай партияларды аткардыңыз?
– Беш жылда өзүмдү ар кайсы ролдо сынап көрдүм. Чоң иштердин алгачкысы – Доницеттинин “Театрдык тартип жана башаламандык” («Театральные порядки и беспорядки»). Анда мен Агатанын апасынын ролун ойнодум. Бул жаркыраган жана кайталангыс тажрыйбага айланды, айрыкча, биздин театрда биринчи жолу коюлуп жатканы үчүн.
Ошондой эле мен Вердинин "Травиатасында" Маркиз д'Обиньинин партиясын, Моцарттын "Дон Жуанында" Командордун ролун аткардым, Вердинин "Трубадурунда" Феррандону ырдадым. Баса, "Трубадурда" Италияда ырдадым – бул абдан ийгиликтүү тажрыйба болду, спектаклдер бүткүл өлкө боюнча өттү. Ал эми мен катышкан эң биринчи опера "Айчүрөк" операсы болчу.
– Кайсы партия сиз үчүн өзгөчө болду?
– Албетте, Доницеттинин чыгармасындагы Агатанын апасынын ролу. Ал мен үчүн актердук да, вокалдык да жактан сынактай эле болду. Комедиялык операда аялдын ролун ойноо оңой болгон жок. Бас болуп туруп, көнүмүш алкактан чыгууга жана ылдыйкы да, жогорку да нотаны алууга аргасыз болдум. Ал вокалдык диапазонумду кеңейтти жана өзгөчө тажрыйба тартуулады.
– Сиз Миланда окуптурсуз. Эмнеге Италияны тандадыңыз?
– Мында кырдаалдардын бактылуу дал келүүсү роль ойноду. Окутуучум Темирбек Каримов Миландан анын кесиптеши келерин, бул жакта мастер-класс жана сынак өткөрөөрүн айтып калды. Катышып көрүп, жеңишке жеттим. Бирок жардам болбосо ал жакка бара алмак эмесмин. Меценат Аскар Салымбековго абдан чоң ыраазымын. Ал кишинин көмөгү менен дүйнөлүк опера мектебинин борборлорунун бири болгон Миланда эки жыл окудум.
– Сүйүктүү композиторуңуз барбы?
– Моцарт. Анын музыкасы – чыныгы. Техникалык жактан татаал, бирок вокалист жөндөй алса, укмуштуудай угулат. Кош бойлуу айымдарга жөн жерден Моцартты угууну сунушташпаса керек, жандүйнөнү балкытат. Атүгүл суу менен жасалган эксперимент классикалык музыканын ыргагында кристаллдар өзгөчө кооз чиймелерде тоңоорун далилдеген. Анын операсы мен үчүн гармониянын жандуу деми.
– Чет өлкөдө окуп жүрүп кандай кыйынчылыктарга туш келдиңиз?
– Италия тилин үйрөнүүдө кыйналдым. Италия тили курсуна бардым. Деңгээл абдан бийик экен, мени менен кошо Оксфорддун студенттери да билим алышты. Баарынан Италияга эмне үчүн келишкенин сурашканда, дээрлик баары «per amore» - сүйүү үчүн деп жооп беришти. А мен музыка үчүн баргам. Италия тилин англис тили аркылуу үйрөнүү өзгөчө оор болду – мээм кайнап кетчү. Мени менен чогуу курста окуган россиялык кыздар жардам беришти.
– Келечекке кандай пландарыңыз бар?
– План көп. Меценат менен келишимге ылайык, мен алган билимимди жана тажрыйбамды Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүгө жумшашым керек. Бул менин башкы максатым. Бирок жеке амбициялар да бар: көбүрөөк Европанын сценасына чыгуу, чет өлкөдөгү карьерамды кеңейтүү, ошол эле убакта өз өлкөмдүн музыкалык жашоосунун бир бөлүгү бойдон калуу.
