Жаркынай Галиева: 623 миң кыргызстандык Россияда расмий иштейт – Эмгек министрлиги алардын укугун кантип коргоодо
15 июль

Жаркынай Галиева: 623 миң кыргызстандык Россияда расмий иштейт – Эмгек министрлиги алардын укугун кантип коргоодо

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Россиядагы жүз миңдеген кыргызстандыктар үчүн чыныгы «биринчи жардам көрсөтүү пунктуна» айланды. Өкүлчүлүктүн директору Жаркынай Галиева эксклюзивдүү интервьюсунда мекеме эмгек мигранттарынын укуктарын кантип коргоорун, эмгек акыларын кайтарып алууга жардам жана  легалдаштыруу боюнча консультация берээрин, ошондой эле россиялык органдар менен, өзгөчө миграциялык көзөмөл күчөтүлгөн шарттарда, кандайча өз ара аракеттенишерин айтып берди.

– Жаркынай Душаевна, Москвадагы Кыргызстандын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү кандай роль ойнойт? Сиздер кандай негизги маселелерди чечесиздер?

– Өкүлчүлүк – бул Россияда жашап, иштеп жаткан биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу мекеме. Биз адамдарга миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын татаалдыктарын түшүнүүгө жардам беребиз, эмгек талаштары, эмгек акы төлөнбөй калышы же социалдык колдоо маселелери болобу, ар кандай оор кырдаалдарда коштоп жүрөбүз. Ошондой эле, мыйзамдардын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтаруу жана мигранттар - Россия тарап - биздин диаспоранын ортосундагы ишенимдүү байланыш болуу үчүн Россиянын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенебиз.

– Россиядагы кыргызстандыктарга конкреттүү кандай кызматтарды көрсөтөсүздөр?

– Биз түздөн-түз мамлекеттик кызмат көрсөтпөйбүз, бирок толук кандуу юридикалык жана социалдык колдоо көрсөтөбүз. Эмгек келишимин түзүүгө жардам, эмгек укугу боюнча кеңеш беребиз, медициналык камсыздандырууну алууга жардам беребиз. Жумуш берүүчүлөр менен чыр-чатактар пайда болгондо, биз сотко чейинки тартипте талаш-тартыштарды чечүүгө жардамдашып жана жарандарды сотко алып барабыз. Ошондой эле оор жагдайга туш болгондорго жардам көрсөтөбүз, жашы жете элек балдарды мекенине кайтарууну уюштурабыз жана өлгөндөрдүн сөөгүн алып келүүгө көмөктөшөбүз.

– Учурда Россияда канча кыргызстандык иштейт?

– 2025-жылдын 1-январына карата Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында Кыргызстандын 655 миңден ашуун жараны жашайт, алардын 380 миңге жакыны миграциялык каттоодо турат. 623 миңдей мекендешибиз эмгек же жарандык-укуктук келишимдер менен иштейт.

– Кыргызстандык мигранттардын эмгек тармагында кандай укуктары бар?

– Россиянын Конституциясы коопсуз шартта иштөөгө жана адилеттүү акы алууга укук берет. ЕАЭБ келишимине ылайык, биздин жарандар Россияда патентсиз жана уруксатсыз иштөөгө укуктуу – алардын эмгек шарттары жана акысы россиялык кызматкерлер менен бирдей.

– Кыргызстандыктар жумушка орношууда кандай негизги көйгөйлөргө туш болушат?

– Негизги көйгөй – Россиянын мыйзамдарын билбегендик. Ушундан улам көптөгөн адамдар расмий келишимдерсиз иштешет, бул аларды социалдык кепилдиктерден жана коргоодон ажыратат. Ошондой эле кээ бир иш берүүчүлөр эмгек мамилелерин жана медициналык камсыздандырууну жол-жоболоштуруудан баш тартышат, бул мигранттар үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

– Мындай көйгөйлөрдү чечүүгө кантип жардам бересиздер?

– 2025-жылдын биринчи алты айында эле бизге эмгек акы төлөнбөгөндүгү боюнча 600дөн ашык кайрылуу түштү. Биздин аракеттерибиздин аркасында 211 жаранга 18 миллион рублдан ашык каражат кайтарылды. Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракат алган 6 жаранга 6 миллион рублдан ашык компенсация алууга жардам бердик. Өкүлчүлүк ачылгандан, 2022-жылдын ноябрынан бери дээрлик 96 миллион рубль төлөнбөгөн эмгек акыларды кайтарууга көмөктөштү жана 20дан ашуун жаранга жаракат боюнча компенсация төлөттү.

– Россияда мыйзамсыз жүргөндөр үчүн мыйзамдаштыруу программалары барбы?

– Ооба. 2024-жылдын аягында РФ Президенти мыйзамсыз мигранттарга 2025-жылдын 10-сентябрына чейин өз статусун жөнгө салууга мүмкүндүк берген жарлыкка кол койду. Биз элчилик жана консулдуктар менен биргеликте легалдашууну каалагандарга акысыз консультация берип жана юридикалык колдоо көрсөтүп жатабыз.

– Мигранттар үчүн кандай социалдык программалар жана колдоодор бар?

– Социалдык колдоо маселелери Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин карамагында. Биздин өкүлчүлүк социалдык жөлөк пулдарды, медициналык жардамды жана башка колдоо түрлөрүн алуу боюнча консультацияларды берет. 2025-жылдын январь айынан баштап ОМС полистерин алуу үчүн документтерди кабыл алууну уюштурдук, ошентип, биз аркылуу 1200дөн ашык жаран медициналык камсыздандыруу алышты. 2024-жылы болсо бул багытта дээрлик 3800 адамга жардам бергенбиз.

– Мигранттарга укуктары жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалыматтарды кантип жеткиресиздер?

– Социалдык тармактарды – Facebook, Instagram, ошондой эле 200 миңден ашуун аудиториясы бар популярдуу WhatsApp жана Telegram группаларын активдүү колдонобуз. 2025-жылдын 6 айында биздин адистер дээрлик 14 миң адамга консультация беришти. Миграциялык мыйзам боюнча 38 эскертме чыгардык, 34 макала жарыяладык жана ЖМКга 10 интервью бердик. Ошондой эле Москвада жана аймактарда, мисалы, Екатеринбург, Новосибирск, Краснодар жана башка шаарларда диаспоралар жана мигранттар менен жолугушууларды өткөрөбүз. Жарым жылдын ичинде 73 жолугушуу болду, ага 8 миңге жакын адам катышты.

– Россиялык органдар менен кызматташтык кандай жолго коюлган?

 – РФ Ички иштер министрлиги, Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматы, миграциялык кызматтар, судьялар жана акыйкатчылар менен тынымсыз диалог жүргүзүп турабыз. Быйыл Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен 41 жолу жолугушуу өткөрдүк. Камоолор, соттук талаш-тартыштар боюнча маселелерди чогуу чечип, мигранттардын шарттарын жакшыртуу үчүн маалымат алмашабыз.

 – 2024-жылдагы окуялардан кийин Россияда миграцияны көзөмөлдөө кандай өзгөрдү жана Эмгек министрлиги буга кандай реакция кылууда?

– «Крокус Сити Холлдогу» кайгылуу теракттан кийин миграциялык көзөмөл күчөтүлдү. Биз бардык өзгөрүүлөрдү кунт коюп байкап турабыз, жарандарга жаңы эрежелерди түшүндүрүп, аларга мыйзамды сактоого жардам беребиз. Тобокелдиктерди азайтуу жана кыргыз мигранттары үчүн терс кесепеттерди минималдаштыруу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

– Жакынкы келечекке кандай пландар бар?

– Россиянын аймактарында мигранттарга колдоону кеңейтүүнү, маалыматтык кампанияларды күчөтүүнү, консультация жана коштоо үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү пландаштыруудабыз. Биздин максат – жардамды мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу.-