Элзат Асанова, жылдын мыкты мугалими: “Кубанычтан көзүмө жаш алдым”
6 октябрь

Элзат Асанова, жылдын мыкты мугалими: “Кубанычтан көзүмө жаш алдым”

Жакында эле мугалимдер арасындагы республикалык конкурста кыргыз тилчи жаш мугалим жеңүүчү аталды. Интернет колдонуучулары бул сүйүнүчтү колдоп, алкап куттуктап жатышты. Дал ошол “Жылдын мыкты мугалими” Элзат Асанова биздин редакциянын коногу болуп кызыктуу маек куруп берди.

– Элзат эжей, саламатсызбы? “Жылдын мыкты мугалими” болушуңуз менен куттуктайбыз! Мындай жеңиш күтүүсүз болсо керек?

– Саламатсыздарбы? Чындап айтканда күтүүсүз болду. Кубанычымда чек жок. Жакшы жаңылыкты угардын алды айылда күндөгүдөй эле тиричилик менен алек болуп жүргөм. Бир маалда конкурска чогуу катышкан кесиптештерим куттуктап чала башташты. Уюштуруучулар тараптан атайын эч ким чалбагандыктан, “сүйүнбөй турайын, балким жаңылыштык болуп калбасын” деп ишенип-ишенбей жаттым. Качан гана маалыматтык булактарда ысымым аталганда толук ишенип, көпкө чейин Жаратканга шүгүр айтып ыйладым. Конкурс учурунда сабак өтүп жатканымда класстагы Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү мени карап, колдогондой дем берди эле. Ошол мүнөттөр көз алдыма тартыла түштү.   

– Кандай сезимдер болду?

– Сөз менен жеткире албайм. Туш-тараптан келген куттуктоолор толкундантты. Мамлекетибиздин тил күнүнө карата өзгөчө белек болду десем жаңылышпайм.  Кубаныч менен бөлүшкөндөрдүн жакшы  сөздөрүнө сыймыктандым. Ооба, айрымдар “түптүк да, журт башчысынын айылдашы алат да” деген сыяктуу көңүл ооруткан сөздөрдү айтышты. Жок, бул жеңиш менин уктабай даярданган түндөрүмдүн акыбети, ак эмгегим. Конкурстун калыстарынын баары түптүк эмес болсо керек. Алар чын ниеттен таза, калыс карап баасын беришти деп ойлойм.

Ошол күндөгү ыраазычылык айтып көзүмө жаш алган видео кайрылуум интернет булактарына тарап кетти. Мен ал видеону тар чөйрөдөгү группага гана жөнөткөн элем. Бирок санарип жашоо ушундай экен, ар бир кыймылың бат тарайт тура.

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Өзүм Түп районунун Арал айылында 1988-жылы төрөлүп-өскөм.  Айылымдагы Жеңишбек Ашымов атындагы орто мектепти алдыңкы окуучулардын бири болуп кызыл аттестат менен аяктап, улуттук университетке тапшыргам. Окуу жайды да кызыл диплом менен бүтүргөм. Тагдырдын  буйругу менен өзүбүздүн коңшу Долон айылына келин болуп келдим. Ошондон бери ушул эле айылдагы Качкын Үмөталиев атындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенип келем.

– Мугалимдик кесипти тандап калганыңызга эмне себеп болду?

– Башталгыч мектепти Ананьеводогу мектепте орус классты окусам да кыргыз тили сабагын абдан жакшы көрдүм. Себеби Аманат аттуу агайымдын сабагына абдан таасирленчүмүн. Агайыбыз сабакты өзгөчө кызыктуу өтчү эле. Агайымдай болом деп максат коюп жүрүп ошол тилегиме жеттим. Бала кезимдеги ”мугалим болом” деген кыялым, азыркы тапта жеке өзүмдүн миссиям болуп калды.

– Жаш туруп чоң ийгиликке жетүүнүн себеби эмнеде?

– Ооба, мени жаш кыз деп кабыл алышат. Бирок мен беш баланын энесимин. Жалпы эмгек тажрыйбамды алганда 14 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келем. Бир үйдүн кенже келинимин жана кайнене- кайнатам менен бирге турам. Бул ийгилик менен “айылдагы мугалимдер, кайын журту менен бирге жашаган келиндер жана тилчилер деле чоң ийгилик жарата алат” деген түшүнүк жана мотивация көпчүлүккө бере алдык десем жаңылышпайм.

– Иш менен үй-бүлөнү бирдей алып кетиш оорбу? Кантип жетишесиз?

– Мен эртең менен багымдатка турган убакыттан баштап убактымды ошол күнгө тегиз бөлүп алам. Өзүмө, үй-бүлөмө жана ишке, өзүмдү өстүрүүгө, айтор,  баарына бирдей көңүл бурганга аракет кылам. Таң эрте басып келем, андан кийин үй тиричилиги менен алек болом. Ар дайым туура тамактанганга көбүрөөк басым коём.  Айылда өзүңүздөр билгендей түйшүк көп. Ошол себептен эртерээк кыймылдап, андан соң сүйүктүү жумушума барам. Балдар менен иштөө жагат. Ошондуктан кошумча логопед, туура сүйлөө жагынан да сабак берем. Мындайча айтканда жаным тынбайт.

– Мугалимге тиешелүү кандай принципти колдоносуз?

– “Мугалим окубаса мугалимдиктен калат” деген принцибим бар. Ошол себептен дайыма изденүүнүн үстүндөмүн. Көптөгөн курстарды окугам жана азыр да окуп жатам. Педагогикага тиешелүү, балдар менен иштөө жана окуучулардын жалпы психологиясы жөнүндө эл аралык деңгээдеги окутууларга катышып, өзүмдү өнүктүрүүдөн чарчабайм. Ошонун арты менен бүгүнкү ийгилик келди десем болот.

– Жолдошуңуз, кайын журтуңуз жеңишиңизди кандай кабыл алышты?

– Атам менен апама жана жолдошума абдан ыраазымын. Менин жеңишим бир гана өзүмдүкү эмес. Жалпы мектебимдики, ата-энемдики, жолдошумдуку жана окуучуларымдыкы. Кайын журтум келин эле деп басынтпастан тескерисинче көтөрмөлөп, неберелерин каралашып жардамын аяшпайт. Беш балабыздын кичүүлөрү үч жаштагы эгиздер. Мен конкурска даярданган кезде абдан чоң колдоо берип турушту. Жолдошум да жанымда болуп, керектүү нерселерди алышып, ташышып мени менен бирге чуркап жүрдү. Ар бирине чын ниеттен ыраазымын. Жеңишимди кубануу менен кабыл алышты.

– Батир белекке берилди деген чынбы?

– Конкурстун жалпы катышуучулары менен билим министри жолуккан кезде “жеңүүчүгө бериле турчу белек сюрприз болот” деген эле. Чындыгында үй берилерин билген жокмун. Бирок маалымат булактарында Президентибиз Садыр Нургожоевич үй берери айтылып жатат. Азырынча мага бул боюнча эч ким расмий түрдө айта элек. Бул жеңиштин өзү мага чоң жоопкерчилик болду. Ар бириңиздерге ыраазымын.