Замира Молдошева: Кыргызстандын келечектеги модасынын маанилүү милдеттеринин бири –каада-салтты сактап калуу
Кийимдин улуттук стилин сактоо үчүн улут менен заманбаптыкты синтездөө зарыл,дейт Кыргызстандагы белгилүү дизайнер, мода долбоорлорунун автору Замира Молдошева. Анын көз карашында, биздин улуттук кийимдерибизди ар кайсы кийимдер менен айкалыштырса болот, бул аны абдан модалуу жана ар дайым актуалдуу кылат. Жаңы жыл алдында ал “Караван-Инфо” менен болгон маегинде 2025-жылдагы тренддер, эркектердин гардеробунда эмне модага айланаарын, деги эле акыркы жылдары мода бизнеси кандай өзгөргөнү тууралуу айтып берди.
– Мода бизнесиндеги карьераңыз эмнеден башталды?
– Менин карьерам чоң энем улуттук туш кийиз саюуну үйрөткөндөн башталды. Андан кийин бир тууган эжем өзүнө кооз көйнөк тигип алганын көрдүм, мен да ошондой кылгым келди, анткени биздин убакта кийимдин түрү аз болсо, а мен башкалардан айырмаланып турууну каалачумун. Ошондуктан, мага чоң энем биринчи түрткү берди, андан кийин апам, азыр 87 жашта, ага карабай ушул убакка чейин курак курайт.
– Сиз коллекцияңыз үчүн идеяларды кайдан аласыз?
– Дизайнерлер үчүн эргүүгө дайыма булак болуп турушу керек. Менде ар кандай болот: кээде бул кийим, гүл, жөн гана сызык, ал турмак жөнөкөй дабыш же сүйлөшүү да дем берет. Бирок дайыма булак болууга тийиш, бул дизайнер үчүн абдан маанилүү!
– Акыркы жылдары мода бизнеси кандай өзгөргөнүн айтып бере аласызбы?
– Абдан чоң атаандаштык орун алды жана бул мага жагат, анткени атаандаштык адамдын өсүшүнө жардам берет. Сен чыгармачылыгыңды жакшыртуу үчүн анализдеп, окуп жана умтулуп баштайсың. Мен ойлойм, мода бизнеси жакшы жагына өзгөрдү. Ооба, биздин өлкө дайыма тигүүчүлөрдүн өлкөсү болуп келген, бирок акыркы учурда тигүү өңдүрүшү бутуна өзгөчө бек турду. Мода бизнесиндеги ар бир дизайнер өзүнүн коллекциясын түзүүгө аракеттенет. Ишенип коюңүз, аны жасаоо моралдык да, материалдык да жана физикалык жактан да татаал. Бирок биз иштеп жатабыз, бир жылда жок дегенде бир жолу коллекциябызды чыгарганга аракеттенүүдөбүз. Барган сайын жакшыргандан жакшырып баратабыз. Дизайнерлерибиз тез-тезден чет өлкөлөрдө көргөзмөгө катышып турушат. Мен мода индустриясы өлкөбүздүн келечегине абдан чоң таасир этет деп ойлойм.
– Сиз мода өлкө келечегине таасир этет дедиңиз, а келечектин модасынын кандай милдеттери бар?
– Кыргызстандын келечек модасынын эң маанилүү милдеттеринин бири – бул кийимде каада-салттын көрүнүштөрүн, өзүнүн стилин, этникасын сактоо. Этника менен заманбап көрүнүштүн синтезин жасоо керек, ошондо гана биз модабызды, салтыбызды, кийимибизди сактап кала алабыз. Этникабызды жинсы менен да, көйнөк менен да кийсек болот, аны бардык кийим менен айкалыштыруу мүмкүн, анткени, ал абдан стилдүү жана модалуу. Аны болгону синтездөөнү, заманбап жашоого адаптациялоону билүү керек.
– Азыр жогорку мода дагы күнүмдүк кийилчү кийимдерге ылайыкташууга аракеттенүүдө деген пикир бар. Бул чынбы?
– Ооба, мурда жогорку мода күнүмдүк жашоодо кийүүгө ыңгайсыз болчу. Жогорку мода – бул кутюрдун модасы, башкача айтканда, жалгыз нускадагы кийим, ал абдан кымбат жана күн сайын кийүүгө ылайыкталган эмес. Учурда дизайнерлер продукцияларын сатып, акча табуу керектигин барган сайын жакшы түшүнүп башташты. Ошондуктан, жогорку мода учурда күнүмдүк кийимге көбүрөөк адаптация боло баштады.
– Биз дайыма аялдар эмне кийиши керек, а эркектердин гардеробунда кандай кийим мода дегенди көп сүйлөйбүз...
– 2025-жылы эркектерде спорт-шик мода болот. Ошондой эле кардигандар модалуу жана ыңгайлуу. Алар орточо узундукта болуу керек. Ошондой эле ачыктык модада, бирок башкысы – бул спорт-шик.
– Дүйнөгө Кыргызстандын мода коомчулугу таанымалбы?
– Мен дүйнөгө Кыргызстандын жеңил өнөр-жайы таанымал деп айтат элем, башкача айтканда, биздин өлкө тигүүчүлөрдүн өлкөсү катары Кытай, Вьетнам, Чехия менен чогуу турат. Кыргызстан ушундай белгилүү өлкөлөрдүн бештигине кирди. Биз азырынча тигүүнү жакшы билген өлкө катары чыгып жатабыз.
– Кыргызстандын кийим боюнча өзүнүн салты барбы? Биздин адамдар кандай кийинүүгө басым жасайт, алардын стилинде кандай айырмачылык бар?
– Ооба, албетте, Кыргызстандын кийим боюнча өзүнүн салты бар. Азыр көпчүлүгү этниканы кийүүнү каалашат. Мисалы, белдемчилерди, чыптаманы синтездештирсек болот. Биздин эл көбүнчө тойлорго этниканы кийүүгө умтулушат, бул мени абдан кубантат. Андан сырткары дагы бир тенденция башталды, бул дагы кубандырбай койбойт, биздин аялдар түрк же Италия кийимдеринен чарчашты. Алар эксклюзивдүү кийимдерди кийүүнү каалашат.
– А сиз кандай кийимди кийүүнү жакшы көрөсүз?
– Мен кэжуал стилине, loose fit үлгүсүндөгү жинсыга басым жасайт. Ылдый жак кеңири болуп, а өйдө жак чыпчыйып турганын жакшы көрөм. Мага жаккан түстөр – кара, ак, кызыл, боз. Мен адамдардан айырмаланып туруудан тартынбайм, боз масса болгум келбейт, ошондуктан стилдүү кийинүүнү жактырам.
– Алдыда Жаңы жыл келатат, 2025-жылы кандай мода трендде болот?
– Келерки жылы мегатрендде замша, бахрома, рюши жана бохо стили болот, ал башкы позицияны кармайт. Негизинен замша: ушул материалдагы курткалар, юбкалар, ал турмак аксессуарлар да мода болот.
