Акбөкөн Таштанбеков: Жол куруучуларды шаштырсак, сапаты начар жолдорго ээ болобузбу деп корком
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков менен борбор калаанын тургундарын санаага салган автоунаалардын тыгындары боюнча баарлаштык.
– Акбөкөн Дукенович, жайында Бишкек шаарында автоунаалардын тыгыны азайып калчу эле, быйыл тескерисинче көбөйдү. Күз келсе бул көйгөй курчуп, кырдаал чыңалып кетпейби?..
– Менимче, быйыл да унаалар аз болду, ЦУМдун аймагындагы Чүй көчөсүндө, Фрунзе көчөсү, Алматы көчөлөрүндө бир нече көчөлөр тосулгандыктан, башка жолдордо унаалар көп болуп, чоң тыгындар пайда болуп жаткандай. Сентябрь, октябрь айларында да чоң тыгындар болот деп ойлойм, бирок ноябрда бул көчөлөрдө иштер бүтсө, мындай чоң тыгындар болбойт деп үмүттөнөм!
– Бишкектеги салынып жаткан жолдор октябрга чейин бүтөт дептир. Ишенсек болобу?
– Өлкө жетекчилиги жол курууга, анын ичинде Бишкек шаарына көп каражат бөлгөн. Менимче, быйыл жол курууга бөлүнгөн акчанын көлөмү мурда 10 жылда берилчү. Башкача айтканда, 10 жылд а курулган жолдорду, быйыл бир жылда куруш керек. Болгону жол курууга мынчалык көп адистерди кайдан алыш керек деген маселе бар. Айтайын дегеним, Президент каржылоо маселесин чечти, бирок жергиликтүү бийлик көбү мынча акчаны өздөштүрө албай жатышат. Ошондон улам жол куруучуларды шаштырсак, сапаты начар жолдорго ээ болобузбу деп корком.
Негизги көчөлөр октябрь айында бүтүп, мурдагыдай эле биринчи суук түшкөнгө чейин үлгүрбөй калган иштерин бүтүрөт деген ойдомун.
