Динара Акматова: Гуаша массажы кара дубаны кетирип, адамды 15 жылга жашартат
23 апрель

Динара Акматова: Гуаша массажы кара дубаны кетирип, адамды 15 жылга жашартат

Заманга жараша ден соолукту жакшыртуучу, жаштыкты узакка сактоочу ар кандай процедуралар көбөйүүдө. Анын бири гуаша массажы. Динара Акматова көп жылдан бери гуаша массажын жасоо менен алектенет. Ал бул ыкманын ден соолукка жана сулуулукка тийгизген таасири тууралуу Караван- Инфого айтып берди.

Динара эже, гуаша массажынын кандай артыкчылыктары бар? Бул массаждын адамды кантип 10-15 жылга жашартат?

– Гуаша массажынын артыкчылыгы – буйволдун мүйүзүнөн жасалган пластинка менен денедеги жаман энергия чыгарылат. 400дөн ашык дартка даба болот. Кан айланууну жакшыртат. Айыкпай турган өнөкөт ооруларга жакшы жардам берет. Эң башкысы гуаша массажы күч кубат өтүүчү каналдарды тазалайт. Жүрөк кан тамыр, жүлүн, гипертония, атеросклероз, жүрөктүн катуу кагышы, стенокардия, шал оорусунан кийин пайда болгон илдеттер, лихорадка, баш оорулар, ич катуу, моюн, акырек, желке эттеринин чоюлушу, муун оорулары, остеохондроз, гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүн, эркектердин бел күчүн басаңдаткан илдеттер, инфаркт, инсульт ооруларынан арылтып, аларды болтурбоо үчүн кам көрүп, адамдын иммунитетин көтөрөт. Тагыраагы, организмдин ишин жөнгө салат. Гуаша массажын 10 же 20 жолу алсаңыз организмде 10-15 жылга жашаруу процесси жүрөт. Организмдеги ысык менен суук теңделет.

– Массажга колдонулуучу негизги шайманыңыз буйволдун мүйүзүнөн эле жасалганбы же башкада кошулмалары барбы?

– Гуаша массажы буйволдун мүйүзүнөн жасалган пластинка менен кырып жасалат.  Мүйүздүн дарылыгы дарттан арылтабы деп таңгалып жаткандайсыз. Буйволдун мүйүзүнүн дарылыгы күчтүү. Анткени, мүйүз башта жайгашкандыктан күн нурун түз кабыл алат. Ошондой эле 18 түрдүү дары чөпкө чыланып кайнатылат. Эгер адам ооруп температурасы көтөрүлүп турганда буйвол мүйүзүн денесине койсо, денедеги ысык тапты түшүрөт. Аны менен адамдын денесин кырганда кан активдүү айланып, организмдеги токсин, кара дубалар чыгат. Анткени арканы кырганда энергия жүрүп, кан тамырдын жолдору ачылат. Ошондо ар бир клетка булчуңдарына суу жетет. Суудан дене тазаланып, гармонияга келип, дем алуу, тамак сиңирүү жакшырат.

– Гуаша массажын ооруганда эле алыш керекпи же ооруну алдын алуу үчүн алган маанилүүбү?

– Гуаша массажын  ооруганда эле эмес, профилактика үчүн алуу ден соолукту чыңдоого жакшы натыйжа берет. Эгер балдар тамак ичпесе, бою өспөсө, организмде зат жакшы алмашпаса дал ушул гуаша укалоосу керек. Муну көп эле ата-энелер биле бербейт. Бул укалоо эс-тутумду дагы жакшыртат.

– Гуаша массажын бетке жасатуу дагы жаштыкты сактоого салым кошобу?

– Албетте, адамдын бети 40 мүнөттө укаланат. Отуз алты ыкма жана кыймыл аракеттен беттин көп бырышы жазылат. Колдон келсе көздүн алдын шишик басып шалбырады деп кестирбеш керек. Деги эле бетке хирургиянын кереги жок. Кытайдын традициялык медицинасы менен батыштын фундаменталдык медицинасынын айырмасы чоң. Гуаша массажы менен эле көздүн үстүн, кашты көтөрсө болот. Ошондой эле аталган массаж көздүн көрүүсү, кулактын угуусун, мээнин эс алуусун калыбына келтирет.

Мончого барганда байкасаңыз көп аялдардын курсагы салаңдап санында жүрөт. Гуаша укалоосунда төрөттөн жарылган ичтер тартылат. Кыскасы, курсакка, жонго, бетке алсаңыз да келбеттүү кылат.