Үмүт, Айсулуу Мукашованын таежеси: «Айсулуу прокурор болом деп кыялданчу»
1 октябрь

Үмүт, Айсулуу Мукашованын таежеси: «Айсулуу прокурор болом деп кыялданчу»

Күч колдонуу менен өлтүрүлүп, Боом капчыгайына ташталган 17 жаштагы Айсулуунун окуясы ата-эне аттууну селт эттирди. Бул кейиштүү окуядан кийин кыздарыбызга аяр мамиле кылалычы, жардам берели, кайдыгер болбойлу деген чакырык айтаар элек. Айсулуунун окуясы боюнча таежеси Үмүттү кепке тарттык.

«Жакында эле жанымдан кеткен»

Мындай каргашалуу окуя болот деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Айсулуу бир тууган эжемдин кызы болгон менен мага жакын өсүп өзүмдүн сиңдимдей көрчү элем. Мен Бишкекте турам. Жакында эле менин жанымдан кеткен. Эжем менен жездемдин үч баласынын улуусу болгон үчүн абдан мээнеткеч, аракетчил, боорукер, ата-энеме, бир туугандарыма жардам берем деген өзгөчө кыз эле. Жайкы каникулда Бишкекке Айтолкун эжеме барып: «Эже, сиздин жаныңызда иш болсо иштейин, ата-энеме жардам болсун. Бөбөктөрүмдүн мектепке керектүү нерселерин алганга тыйын болуп калсын» деген эле. Ошентип Айсулуу экөөбүз Айтолкун эжемдин жанында тигүү цехинде иштегенбиз.

«Окууну бүтүп, МВД академиясына тапшырам, прокурор болом дечү»

Айсулуу 17 жашта, учурда 11-класста окуп жаткан. Тартиби абдан мыкты болчу. Э.Кендирбаев мектебиндеги Парламентте мүчө болуп, жакшы окуп, алдыңкы окуучулардын бири эле. Жакындары эле эмес, бүтүндөй айыл элин, классташтарын, мугалимдерин күйүткө салды. Баарыбыз  кабыргабыз кайышып, өксүп турган чагыбыз. «Эже, мен 11-классты аяктасам МВД академиясына тапшырам. Келечекте прокурор болом» деген. Ал эң күчтүү прокурор болгусу келерин айткан эле. Кара басып өзү ошондой зөөкүр, мыкаачы, канкор адамдын курмандыгы болуп отурат. Алдына койгон бийик  максаттарына жетпей кете берди. Биз 27-сентябрдан бери издебеген жерибиз калбай калды эле. Тирүү табылып калса деп Кудайдан тиленгенбиз...

«Милиция кызматкерлери дароо реакция кылганда тирүү табылат беле…»

Ал күнү күн жарыкта жакшынакай эле ата-энесинен суранып, Барскоондон Покровкага жолго чыгат. Ошо менен айтып кеткен курбусунукуна жетпей калып жатпайбы. Курбусунукуна барбай, телефон байланышы үзүлгөндө эле баары сарсанаа болуп сураштыра башташат. Дайыны билинбей баштаганда жергиликтүү милициянын участкалык бөлүмүнө кайрылышат. Тилекке каршы, милиция кызматкерлери Айсулуунун ата-энесин, жакындарын кабыл албай, тескерисинче  ата-энесин күнөөлөп орой мамиле кылышкан. Качан гана жетекчилерине байланышка чыкканда издешкен. Ошондо эле жакшылап реакция кылып койгондо балким тирүү табылып калат беле? Эмнеге Кыргызстанда кылмыштуулук жоюлбайт? Эмнеге айыл эли, коңшу айылдагылар баары издеп жатканда МЧС кыймылдабайт? Карапайым эл машина барбаган жерлерге аттар менен барып издешти. Көл жээгин, сууну, токой, талаа...  издебеген жерибиз калган жок.  Качан гана МЧС, прокуратура, милициянын чоңдоруна чыкканда гана кыймылдашты. 

«Айсулууну зордуктап, муунтуп өлтүргөн дешти»

Акыры Боом капчыгайынан табылды. Ишти териштирип жаткан кызматкерлер Айсулууну зордуктап, муунтуп күч колдонуп өлтүрүп туруп таштап кеткен дешти.  Жоопкер «жазасыз калбасын»  деп суранат элек. Учурда эжем менен жездемдин бир туугандарынын абалын сөз менен жеткире албайм. Жаныбыз күйүп жатат. Кудай берген чырактай кызды бирөөгө жем болсун деп алпештеп өстүргөн жокпуз да. Ал мыкаачы адам зордуктоо фактысы менен буга чейин да соттуулугу бар экени айтылып жатат. Айсулуу жол тосуп турган кезде салып кеткени май куюучу жердин видео камерасына түшүп калган экен. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алдында эң оор мыйзам менен жазалансын. Бул иш көз жазымда калбашы керек. Айсулуу сиңдимдин окуясы, кордолушу мамлекетибизде эң акыркы окуя болуп калсынчы! Эч бир ата-эне кызым деп боздобосун!