Айсалкын Кыйыкбаева, КР Эмгек сиңирген артисти: "Марат жанымда жүргөндөй эле сүйлөшө берем" 
5 декабрь

Айсалкын Кыйыкбаева, КР Эмгек сиңирген артисти: "Марат жанымда жүргөндөй эле сүйлөшө берем" 

Бир кезде Марат Козукеев менен Айсалкын Кыйыкбаева чыгармачыл үй-бүлөнүн катарын толуктачу. Бул түгөйлөр көптөгөн жаштарды суктандырчу эле. Атактуу режиссёр бул дүйнөдөн эрте өтүп, азыркы тапта жубайы Айсалкын Кыйыкбаева айым аталган театрда кызматын өтөп, жолдошу режиссёрлук кылган спектаклдерде ойноп, кыздарына татыктуу тарбия берип келет. Бүгүнкү күндө чыгармачылыкта, жеке жашоосунда кандай жаңылыктары болуп жатканы боюнча маектешип кайттык. 

– Саламатсызбы Айсалкын айым? Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Жакында эле тартылган "Жеңижок" тарыхый тасмасында Жеңижоктун аялынын образын (Көксулуунун улгайган кезин) жараттым. Ал эми театрда болсо спектаклдер өз нугунда жүрүп жатат. Жашоонун күзгүсү биз болгондон кийин коюлган чыгармабыз, аткарган ролдорубуз менен элге сабак, үлгү бергенге аракет кылып келебиз. Учурда жаңы спектаклдин үстүндө иштеп жатабыз. Андан сырткары театралдык окуу жайда сабак берет эмесминби.  Жаш таланттарды да таптап, билим берип жаткан чагым.   

– Театрдын репертуарында Марат Козукеев коюп кеткен спектаклдер элге көрсөтүлүп жатабы?

– Марат коюп кеткен "Саманчынын жолу", "Коркут Ата", "Тумар ханыша", акыркы чыгармасы болгон "Боромбай" спектаклдери Эл аралык фестивалдарга катышып, баш байгеден тарта бир нече сыйлыктарга ээ болуп келди. Учурда да театр сахнасынан алынбай элге көрсөтүлүп келет. Эмгек жолу эскирбей уланып жатканы кубандырат. 

– Жакын адамыңыз жаныңыздан биротоло кеткени оор болсо керек?

– Көзү өткөндө баарыбыздын ичибиз өрттөнгөн эле. Кантебиз?! Артында калган балдары кантет? Чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде жапжаш бойдон ушинтип эле өтүп кетеби? деп кайгы азабын тарткан элек. Театр жамаатына да оор болгон. Марат кыздарын өзгөчө жакшы көрчү. Мээримдүү, камкор мыкты ата болчу. Эзилип мээрим төгүп турар эле. Кандай кырдаал болбосун кыздарына убакыт көп тапчу. Ал жок ичибиз эңшерилип  көпкө жаман болдук. Акыры турмуштун жазмышына баш ийдик. "Жан бөлөк". Өлгөндүн артынан эч ким кеткен эмес" деп коёт го кыргызда. Ошол кеп бекер айтылбаптыр. Жашоо уланып келет. Азыр балдар  чоңоюп, Мараттын уучу уланып неберелер төрөлүп жатат. 

– Жолдошуңуз түшүңүзгө кирип турабы?

– Эмнегедир Марат түшүмө кирбейт. Бирок анын руху жанымда жүргөндөй сезиле берет. Кээде ал жанымда жүргөндөй сүйлөшүп алам. Кесиптештери, окуучулары, бир туугандары дайыма эскерип турабыз.  "Марат Козукеев" атындагы фонд түзүлүп,  өткөн жылы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын жаш актёруна 25 000 сом акчасы менен бул сыйлык берилген. Төш белгисине Мараттын сүрөтү чегерилген. Бул фонддун түзүлүшүнө кайнагамдын салымы чоң. Буюрса, ысымы өчпөйт деген үмүтүм чоң. 

– Жеке жашооңузга өзгөртүү киргизүү оюңузда жокпу?

– Андай ойду ойлогон деле жокмун. Чыгармачылыктан бошобой убакыт кандай өтүп жатканын деле билбейм. Менин максат тилегим экинчи кызыбыздын бак торуна кондурсам дейм. Бой жетип калды. Татыктуу жигиттин колуна тапшырып берсем дейм. Биз энелер бактыбызды балдарыбызга арнап жашайт турбайбызбы.   Кыздарым турмушта өз ордун таап бактылуу болсо менин бакытым ошондо.