Бурулкан Карагулова, акын: Сын айткандар, ачык жаздың деп уяткаргандар, артыман кеп кылгандар көп...
20 сентябрь

Бурулкан Карагулова, акын: Сын айткандар, ачык жаздың деп уяткаргандар, артыман кеп кылгандар көп...

Жүрөк дирилдеткен саптарды жаратып, окурмандардын сүйүктүү акынына айланган Бурулкан Карагулова эжени кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Бурулкан эже, ырларыңыз калың элдин катмарына сиңген мыкты акынсыз. Айрымдарды акындыкка тагдыр, кээ бирин ашыктык каттары алып келет экен. Сизди акындыкка сүйүү ырлары алып келди десек болобу?

– Мен Ноокатта интернатта окуп калдым (өзүм токтогулдукмун). Мектепте кичине кезде эле Омар Хайямдын китеби колума тийип калды. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин устатым О.Хайям менен жашайм. Тагыраагы, төрт сапка, анан сүйүү ырына жакынмын.

– Акындар жакшы саптарды  жаратыш үчүн көптү сүйүшү керекпи?

– Ыр жаза алган кишиге миңди сүйгөн менен бирди сүйгөндүн айырмасы жок.

– Бурулкан эже, сүйүү деген эмне? Керемет сезимби, түшүнүшүүбү же жашоого болгон эсеппи?

– Медицинада айтылат го, мээ күчтүү, мээ баарын башкарат деп. Жок! Мээ күчтүү эмес, жүрөк күчтүү. Эгер жүрөгүң буйруп турса, мээң сөзсүз аткарат. Эгер жүрөгүң айтып турса, акылың баш ийет. Мээ сүйбөйт, жүрөк сүйөт. Сүйүү деген бул – жүрөктүн өзү.

– Акындык өнөрдүн жыргалы да, азабы да болот дешет. Сиз жыргалын көбүрөөк сездиңизби  же түйшүгүн тарттыңызбы?                                                              

– Жыргалын көрө элекмин. Акындыктын азабы көп. Сын айткандар, ачык жаздың деп уяткаргандар, артыман кеп кылгандар, ырларымдын кимге арналганы жөнүндө божомолдор, наамга татыксыз экеним,  мени ээрчип жүргөн толгон-токой ушактар, жана башка нерселер  кээде мени өлтүрүп коё жаздайт.

– Окуган сайын өзүңүзгө керемет сезим тартуулаган ырларыңыз барбы?                                        

– Бардык ырларым  ичимен чыккан ийри жыландарым, баарын бирдей көрөм.

– Акындар ыр кудай берген ырыскы дешет экен. Сиз ырды күндө жазасызбы же анда-мында жазасызбы?                               

– Күндө жазбайм, бир эргүү келип мени бөлөк жакка алпарып таштайт, ошондо чыдамым кетип калат. Анан жазам...

–  Аял кишиге акын болуу кыйын дешет. Жазган жалындуу ырларыңыз үчүн жолдошуңуздун алдында  актанган, кимге арнап жаздың эле десе, керемет саптар үчүн ыңгайсыз абалда калган  күндөрүңүз болду беле? 

– Акын болуу – ары жагыңан. Эгер сел жүрүп келатса аны кол менен тосо албайсың же көчкү урап келатса токтото албайсың. Сел жүрөт, көчкү түшөт. Күйөөлөрү жазганга каршы чыккан аялдар жан оорусу менен ооруп калат же түбөлүк депрессияга түшөт.

Менин күйөөм тескерисинче кээ бир ырларымды оңдоп коёт, табигый жаз, жашырба деп. Мисалы:

"Ойношум жок, күйөөм бар" деген ырымды:

Ойношум бар, күйөөм жок деп оңдоп койгондо, ошол ырым аябай жаңылык жараткан. Ошон үчүн кимге жаздың деген суроолор,  актануулар түшүбүзгө да кирбейт.

– Акын болууну самагандар көп, мыкты акын болуш үчүн эмне кылыш керек?                               

– Мыкты акын болууну самагандар намаз эмес, китеп окуш керек. Тагыраагы, адам окуп, акыл казынасын байытып, өсүш керек.

– Союз мезгилиндей эл аралап, ыр окугуңуз келеби?    

– Ооба. Союз мезгилиндей элди аралап, жалындуу ырларды окугум келет...

– Азыр бешиктен бели чыга электер деле наам алып жатышат. Эмнеге наам алууга ашыкпадыңыз?

– Наамды каяктан алат, кимден алат, ким берет – такыр билчү эмесмин. Гүлсайра Момунова эжем өмүрүнүн акыркы жылдары 2 жыл катары менен мага наам алып берем деп чуркады. Бирок, эже өзүнөн кичүү агайлардан мен үчүн кагуу жеп калды. Эми бейиште жүрсүн.

А наам боюнча азыр такыр ойлонбойм, себеби, менин өзүмүн атактуу наамым бар:

БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА (БУ КАРА) деген.