
Эмир Сарпашов: Кошоматчыларда бир гана кызыкчылык бар – бүгүн сага, эртең башкага пахта коет
«Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет» деген сөз бар эмеспи. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлү Эмир Сарпашев ар тараптуу суроолорду берип, анын бүгүнкү саясий жана экономикалык акыбалга болгон көз карашын тыңдадык.
– Өкмөт башчы өз милдетин кандай аткарып жатат?
– Өкмөт башчыбыз өз милдетин кандай аткарып жатканына баа бере албайм. Бирок өлкөбүздө кымбатчылык (инфляция) күчөп жаткандай. Ал эми жакында премьер-министр алмашаарына ишенүү кыйын. Бат-бат эле премьер министрди алмаштыруунун кереги барбы? Иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз керек го...
– Кыргызстанда оппозиция жоголуп, пахтакорлор көбөйдүбү?
– Менин жеке оюм, оппозиция жок дегенге ишениш кыйын. Жада калса Түндүк Кореяда дагы бар, болгону аны билүү кыйын.
Азыркы учурда оппозициянын кызыкчылыгына геосаясаттын таасири чоң болуп жатат.
Ал эми кошоматчылар азыркы тил менен айтканда пахтакорлорго ишенүү кыйын. Алардын акылын пайдалануу да опурталдуу. Анткени, кошоматчыларда бир гана кызыкчылык бар. Алар өзүнүн жеке кызыкчылыгын баарынан жогору коёт.
Бүгүн сени менен болсо эртең башкага пахта коёт. Алар менен реформаны, экономиканы өнүктүрүү кыйын.
– Шайлоо мыйзамы өзгөргөндөн бери депутаттар округдарына бара баштады. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтүшү мүмкүнбү?
– Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн. Бирок, анын себебин түшүндүрүү мен үчүн кыйын. Себеби, бизге белгисиз жагдайлар бар.