Назира Усупова, Уулжандын апасы: "Буга чейин сууга чөгүп балам чарчап калган, дагы бир кызымды жоготкум  келбейт" 
4 декабрь

Назира Усупова, Уулжандын апасы: "Буга чейин сууга чөгүп балам чарчап калган, дагы бир кызымды жоготкум  келбейт" 

Турмуштун оор сыноосуна кабылган замандашыбыз Назира үч баланын энеси эле. Мындан бир нече жыл мурун жалгыз эркек баласы сууга чөгүп чарчап калса, учурда 11 жаштагы кызы аты жаман илдет менен алышып Түркияда ооруканада жатат. Жолдошу да майып.  Улуу кызы Инаят гана  апасына көмөктөшүп жаткан чагы экен. 

"Жыл жаңырганы үйүбүзгө кырсык кошо келди" 

– Ушул жылдын 8-январь күнү жолдошум Улан Асаналиевди көчөдөн машина коюп кетиптир.  Дароо ооруканага алып кетишкен экен, жандандыруу бөлүмүндө бир жумага жакын жатып араң эсине келди. Баш мээсине эки ирет оор операция жасалды. Ошентип 2024-жыл жаңырганы үйүбүзгө кырсык кошо келип жаркыраган күнүбүз түнгө айланды. Таянган адамыбыз кырсыктап жан айлабызды таппай, айлап ооруканадан чыккан жокпуз.  Көрсө, Кудайым ал сыноодон да эң оорун берем, көтөрөр бекенсиң десе керек... 

"Катардагы оорудай кабыл алдык эле..."

– Атасынын ден соолугу менен алпурушуп жүргөн күндөрүбүздүн биринде кызым Уулжан: "Апа, тепкичтен чыксам эле бутум ооруп жатат",- деп ден соолугуна даттана баштады. Катардагы оорудай кабыл алдык. Февраль айлары болчу. Уулжан аксап баштаганда эле ооруканага алып бардык. Жаман дарт дароо аныкталган жок. Жакшы эле экен, салмак таштасын дешкенинен "жакшы болуп кетет" деп ойлогонбуз. Бирок Уулжандын басканы начарлай берди. Эки айдай диагнозун табышкан жок. Улуу кызым бир тааныш дарыгерине алып барды эле, жамбаш сөөгүн оору жеп катуу жабыркай баштаганын, кызыма рак илдети жабышканын ошол жерден укканда эмне кыларымды билбей калдым.  Дароо онкологияга алып бардык. Ал күн 22-май эле. 

"Колумдан гана келбейт, жанымды берерге даяр элем"

– Ошентип анализден-анализ тапшырууга өттүк. Кызым үч ирет химия алды.  Көз алдымда кыйналып кусуп, тамак жебей, арыктап, мурдунан кан токтобой жатканын көрүү мен үчүн абдан оор болду. Айлам гана жок, болбосо жанымды берерге даяр элем. Өзүбүздөгү болгон каражатты чогулттук, жакындар, дос-туугандар угуп жардамын берип жатышты.  Ушундай оор учурдан, кайгыңдан акча жасаган шылуундарга да жолуктук. Дары алып беребиз деп алдап кеткен алдамчылар көп экен азыр. Жакшы адамдар андан да көп экен. Креативдүү команданын жардамы менен каражат чогултуп, кызым жакында эле Түркияда операция болду. Жабыркаган сөөктү алып протез коюшту. Кыргызстанда врачтар кызымдын оорусун акыркы стадия дешкен эле. Түркиядан өткөн бир топ дарылануулардан улам жеңилирээк түрү экенин угуп, кызымдын жашап кетишине чоң үмүт пайда болду.

"Кайрадан баланын азабын тратпасам экен..." 

– Буйруса алдыда дагы бир чоң дарылануу этабы турат.  Ошого кайрымдуу элден жардам сурап айлабыз куруп турат.  Мен Уулжанды жоготуп алгым келбейт. Баланы жоктоо эне үчүн канчалык азап экенин билем. Буга чейин жалгыз уулум сууга чөгүп чарчап калган эле. Кайрадан баланын азабын тартпасам дейм. Мындан аркы сыноону көтөрө аламбы жокпу, бир Кудайым билет. Башында Уулжанга оорусун айтпай жатканбыз. Кайрымдуу элден каражат чогултуп жаткан кезде классташтары инстаграмдан маалыматты жиберип айтып коюшкан экен. "Мен жаман оору менен ооруйт турбаймымбы. Жашагым келет" деп көпкө ыйлап жаман болду. Айыгам деп өзү да жашоодон үмүт кылып, аракеттенип оор операцияларды, химияларды көтөрүп жатат. 11 жаштагы кичинекей кызым чоң адамдардай көтөрүмдүү, чыдамдуу болуда. Канчалаган элибиз дуба кылып жардамын берип жатышат. Ошол тилектер кабыл болуп кызым эртерээк сакайып кетсе экен.

РЕКВИЗИТТЕР:

MBANK (VISA)
996 999 54 04 52 
4177 4901 7424 3016
(Инаят А. эжеси)

 Элкарт 
9417 0891 2501 3616
 0709 00 65 444
(Венера У. таежеси)

Optima bank
 4169 5853 5099 1989
 0999 54 04 52
(Инаят А. эжеси)

СБЕРБАНК
40820810240011416678 
 +7 926 424-57-70
(Асаналиева Ш. таежеси)