Токтогул Какчекеев: Трамптын согушту токтотом деген убадасы соодалашууга айланды
Учурда бүткүл дүйнө Американын айланасында болуп жаткан окуяларга көз салууда. Анткени, ири оюнчу катары АКШ жетекчилигинин саясаты дээрлик бардык мамлекеттердин жашоосуна таасирин тийгизет. КР коргоо министринин мурдагы жардамчысы, аскердик эксперт, саясат таануучу Токтогул Какчекеев дүйнөдөгү саясий кырдаал боюнча пикирин Караван-Инфого бөлүштү.
– Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунасага келе албаса, Америка Иранга сокку ураарын билдирди го?
– АКШда жөөт элинин саясатка, банк системасына, финансы тармагында өтө чоң таасири бар. Демек, Израиль жакынкы чыгыш чөлкөмдө АКШнын көзөмөл жүргүзчү ишенимдүү мамлекети болот. Айрыкча радикал исламчылардын санын кыскартуу, баш ийдирүүнү максат кылган кичинекей зулум мамлекет экенин көрүп жатабыз. Эң негизгиси алар Иран мамлекетине тоскоолдук жаратып, аларга каршы террордук операцияларды, чабуулдары улантууну каалашат.
Иран – толук кандуу өнүккөн, көз карандысыз диний мамлекет. Алар кандай жагдай жаралса дагы улуттук саясатын жүргүзө берет. Ошондой эле Иран Израилдин агрессиясына, террордук чабуулдарына каршылык көрсөтөт жана аны талкалаганга кудурети жетет. Ирандын колунда ядролук куралдарды жарата турган мүмкүнчүлүгү бар. АКШ менен Израиль Иран ядролук куралдын ээси болушунан коркуп, түрдүү амал менен аларды алсыратуунун аракетин көрүп жатышат.
– Бирок Америка диалогго умтулуп, компромисске келүү каалоосун ырастап, дипломатия натыйжа бербесе, катаал чараларды колдонууга даяр экенин да айтты го...
– Америка Израиль менен бирдикте буга чейин эле колунан келген кордукту көрсөттү. Ирандын ядролук изилдөө мекемелерин бомбалашты. Белгилүү физиктерин, технологдорун, генералдарын өлтүрүштү. Колунан келишинче азгырышты. Бирок Иран өзүнүн улуттук кызыкчылыгынан баш тарткан жок. АКШ Израилдин кызыкчылыгын коргойт жана жан тартат.
– АКШ Иранга каршы «максималдуу басымды» Израилдин негизги душманын алсыратып, Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербөө жана баллистикалык ракеталардын учуу аралыгын чектөө үчүн жасап жатабы?
– Израилдин 200 ашык ядролук куралдары бар, Иранда технология бар. Ошон үчүн ушундай басым кылып, түрдүү амалдарды жасап жатышат. Жогоруда айткандай, АКШ менен Израиль Иран ядролук куралдын ээси болушунан коркот.
– Дональд Трамп «мен президент болсом, дүйнөдө согуш токтойт» деген эле. Анын теңирден тескери аракети эмнеден кабар берет?
– Согушту токтотом дегени шайлоого карата айтылган сөздөр болгон. Иш жүзүндөгү аракети айткан сөзүнө коошпой жатканына баарыбыз көрүп турабыз. Ошон үчүн согуштар уланып жатат. Трамптын согушту токтотуш үчүн соодалашкан амалдары көбөйүп кетти. Маселен, Трамп Украинаны орус федерациясына беребиз, бирок КНР, КНДР, Иран, менен карым-катнашын токтотуш керек деген талап коюп жатат.
