Миллионер Элдос Кыдынов: Ийгиликке жеткирчү үч сапат
19 жаштагы Элдос Кыдынов россиялык Wildberries маркетплейси аркылуу биринчи миллионун 17 жашында тапкан. Жаш миллионер “Караван-Инфо” редакциясына басып өткөн жолу, ийгилиги жана келечек максаты тууралуу айтып берди.
– Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылында төрөлүп-өскөм. Окуучулук курагымда спорт менен активдүү алектенгем. Келечекте спортчу болууну балким кыялдансам керек, бирок анын өтөөсүнө чыккан жокмун. Кичине кезимден дагы бир тилегим бар эле – бизнесмен болуу.
Орто билимди төрт мектептен алдым, 9-классты аяктагандан кийин колледжке тапшырып, бирок бир жыл окугандан кийин таштап койдум. Негизи мен 5 жашымдан баштап бизнесмен болом деп айтчумун. Окуучу куракта соодага аралаштым, мен жасаган иш калбады, бизнестин дээрлик бардык тармактарын кыдырып көрдүм: пляжда пирожки сатуудан баштап мал алып кайра сатууга чейин. Анын ортосунда металл, корн дог, телефон алып кайра саттым, телефон оңдогуч болдум, Жалал-Абаддан Бостериге дарбыз ташыдым, тамак-аш жеткирген курьер, кондуктор, эмгек биржасында, автоунаа жуучу жайда иштедим, ал турмак жүк ташуучу унаа да айдадым. Ашпозчулук, тигүү цехи, дыйканчылык, ассистент, ГУМда сатуучу, курулуш, жүк ташуучу таксист, суткага батир берүү – булардын баары менин артымда калган “кесиптерим”. Айтор, бардык тармактан өзүмдү издедим. Тилекке каршы, анын биринен да жыйынтык чыккан жок. Каражат чогултпадым, тескерисинче жоготтум. Натыйжада мага эч ким, ал турмак жакындарым да ишенбей калган. Акыркы жол Wildberriesке алып келди. Ичимден бул жерди аягына чейин иликтеп, жакшы жыйынтыкка жетем же болбосо Москвага кетип жалданма жумушчу болуп иштейм деп чечтим. Жаңы иштеп баштаганда бир ай 3-4 сааттан эле уктап жаттым, калган учурларда товар алып, товар жөнөтүп, а түнү сайты бар, аны карачумун. Ошентип, биринчи айда эле бир миллион сомдук товар жүгүртүүгө чыктым, - дейт Кыдынов.
Булардын баары анын жашоосундагы чоң тажрыйба бойдон калып кетти. Андан сырткары сатуу бөлүмүндө алты айлап айлык албай, тажрыйба топтоо максатында иштегенин да эскерди. Андан соң бир кокустук жашоосун түп тамырынан өзгөрткөн. Ал – Wildberries боюнча тренинг. Капысынан кабылып, окууга дароо жазылган дагы, биринчи эле саатта бул тармак ага ылайыктуу экенине көзү жеткен.
– Мен Nike, Adidas сыяктуу бренд товарларын сатып баштадым. Дордойдон сатып алып, Wildberriesке Бишкектеги кампасы аркылуу жөнөтчүбүз. Биринчи айдагы жакшы жетишкендик шык берди, анан акырындык менен сатууларымды көбөйтүп жүрүп отурдум. Бирок “алтын доор” көпкө созулган жок, бренд товарлар блоктолду, бир гана Маката калды. Бул албетте, кейиштүү болду, бирок мен жолумду баштап алган болчумун, эми эч нерсе токтото алмак эмес. Москвага квалификациямды жогорулатуу үчүн бардым, окуп бүтүп, ал жерге кампа ачтым. ФБО схемасы боюнча сатып баштадым, киреше эки эсеге көбөйдү. Ошону менен ишим алдыга жылды: башка кабинеттер, ОЗОН аркылуу жаңы сатуу каналын ачтык. Баары жакшы болуп турган кезде бизнес-өнөктөштөр тарабынан четке кагылдым. Келишим бузулду, а мен ВБдагы эки аккаунтум менен гана калдым... – деп эскерди Элдос Кыдынов.
Бирок мындай сыноо болочок миллионердин шагын сындыра алган эмес. Ийгиликтүү адамдардын бир өзгөчөлүгү – алар жыгылган сайын өйдө тура алганында. Аны Элдос өз мисалы менен далилдеп бергенин айтат. Кайрадан өз алдынча аракеттенип, бир жылдын ичинде финансылык эркиндикке чыккан.
17 жашымда бир миллион сом тапсам, азыр 19 жаштамын, компаниябыздын товар жүгүртүүсү бир миллион доллар. Мен алектенип жаткан иш – онлайн соода, заман талабына ылайыкташкан жаңы агым, жаңы бизнес. Жогоруда айтканымдай, өзүм да бир кезде анын сырын үйрөнүү үчүн курстарда окугам, а азыр менден кийинки жаштарды үйрөтүү үчүн курстарда аларды окутуп жатам. Онлайн-сооданын артыкчылыгы – маалыматтардын өтө көптүгү жана алгоритмдердин дайыма жаңыланып турганы. Маалыматтар агымы эч убакта үзүлбөйт. Ага үлгүрүү үчүн дайыма сергек болосуң, улам жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтуласың. Булардын баары сенде жакшы сапаттардын пайда болушун шарттайт. Бул нерсеге кызыккан жаштар азыр абдан көп, дээрлик бардык жаштар өзүн онлайн-соодада сынап көрүүнү каалашат десем жаңылышпайм”, - деп белгиледи.
19 жашта болсо да, көп жолду басып өткөнүн айтат. Жашоосунда баары болду: түйшүк, эмгек, ийгилик, банкроттук, кайра көтөрүлүү. Аны менен кошо балалык “травмалардан” да куру калбаган.
Ата-энем окуучулук кезимде бизди таштап Россияга иштегени кетишкен. Бизди багып жаткан адамдар менен тил табыша албай, ызаланган оор учурлар көп болду. Ойлоп көрсөм, менде “комфорт зонасы” болбогон экен. Ошондон уламбы, 5 жашымда биринчи акчамды таап, 14-15 жашымдан тартып өзүмдү багууга жарап калдым. Мен эч убакта жөн отура албайм, дайыма иштеп турушум керек, күнүмдүн көп бөлүгү жумуш менен өтөт. Балалыгымда ата-энеме жакшы шарт түзүп берүүнү, кымбат унаа белек кылууну кыялданчумун, - деди.
Сөз соңунда жаш миллионер ийгиликке жетүүнүн сырын үч сөз менен атады: ишеним, өжөрлүк жана чыдамкайлык.
