Кубанычбек Ысабеков: 2025-жылы кичи жана орто бизнес “боштондукка” чыгабы?
28 декабрь

Кубанычбек Ысабеков: 2025-жылы кичи жана орто бизнес “боштондукка” чыгабы?

Президент Садыр Жапаров жакында Мамлекеттик салык кызматынын жаңы төрагасы Алманбет Шыкмаматовго ишкерлерге көйгөй жаратып жаткан ЭТТК маселесин кайра карап чыгууну жана аны негизинен ири товарларга гана калтырууну тапшырды. Мамлекет башчы: “Салык элдин жонунан кайыш тилбегендей болуусу керек”, - деп белгиледи.

Мындан улам, учурда коомчулук, айрыкча ишкерлер чөйрөсү бул иш кандай багытта өңүт алаарын күтүүдө. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун “Биринчи радионун” түз эфиринде айтымына караганда, 2025-жыл салык жаатындагы дагы бир катар өзгөрүүлөргө жол ачат. 

- 2021-жылды Салык Кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыккан. Өлкө жетекчиси саясий эркин көрсөтүп, буга чейин айтылып, бирок аткарылбаган көп жакшы нерселер ишке аша баштады. Мисалы, патент боюнча, аны жок кылабыз деп көп жылдардан бери айтылган, бирок сөз жүзүндө калган. Патент – өз убагында керектүү система эле, аны менен ишкерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз башка профессиядан рынокко өткөндө жөнөкөй салыкты төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бирок заманбап агымдан артта калбашыбыз керек. Азыр дүйнө жүзү салыктык акыйкатуулукка, ким канча киреше тапса, ошого жараша салык төлөшү керек деген принципке өттү. Биз да ушул принцип менен реформа жасадык. Патент жоюлбаса, акча жүгүртүү көлөмдөрүн көрүү мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ишкер канча товар жүгүртүүсү болсо да, бир сумманы төлөчү. Администрлөө күчөтүлгөндөн кийин, патент жоюлат, 8 миллион сомго чейин жылдык товар жүгүртүүсү барлар салыктан бошотулат дегенде, ишкерлер өздөрү бизге чыгышты. Мында, бирдиктүү салыкты төлөйлү деген маселе жаралды. Ошол эле 0 пайыз, 0,5 пайыз, 1 пайыз деген сунуштарын мамлекетке ишке ашырып берди. Бирок чынында, ишкерлердин товар жүгүртүүсү ошол суммадабы деген суроо жаралганда, аны аныктай турган салык инструменттеринин зарылчылыгы келип чыгат. Өндүрүлгөн же импорт болгон товардын акыркы керектөөчүгө жеткенге чейинки жашоо жолу көрүнүп тургандай болушу керек, - деген Кубаныч Исабеков ЭТТК, ЭЭФ ушул максатта киргизилгенин белгиледи. 
Айтымында, учурда ЭТТКга байланыштуу маселелер ага товарлардын көптөгөн тизмеси киргенден улам жаралып жатат. Салык кызматынын жаңы төрагасы Алманбет Шыкмаматов жетекчилик ишмердүүлүгүн баштаган алгачкы күндө эле ЭТТКны ири товарларга гана калтырып, ал эми орто жана чакан ишкерчиликти кыйнабай, тескерисинче колдоого алып, жөнөкөй, ыңгайлуу шарттары түзүп берүү керектигин айткан. Реформа, Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, бул чоң өзгөрүү. Анын туура, идеалдуу болоорун так эсептеп, кылдаттык менен ишке ашыруу эбегейсиз эмгек жана ошончолук кыйынчылык. Ошондуктан, эгерде кемчиликтер кетип калса, аны кайра карап, оңдоп кеткенге мүмкүнчүлүк табылат. 
- ЭТТК беш чоң категорияга гана колдонулушу керектигин мамлекет башчы белгиледи. Ошондуктан, эгерде бул боюнча чечим кабыл алынып калса, анда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз беш категориядан башка товарларга карата жоюулуп кетиши мүмкүн, - деди ал.
Ошондой эле, Кубанычбек Ысабеков алдыдагы өзгөрүүлөрдү утурлай, Салык Кодекси кайрадан жаңыртылабы деген суроого мындай жооп берди: 
- Бизнес ассоциациясынын өкүлү 2021-жылы Салык Кодекси кабыл алынганда бизнес коомчулугунун айрым сунуштары эске алынбай калганын айтты. Бирок мында түшүнүү керек: бизнестин 100 пайыз сунушун эске алганга кээде мүмкүнчүлүк жок. Анткени, айрым сунуштары мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербей калат. ЭТТК Салык Кодексине тиешеси жок, ал өкмөттүн чечими, токтому менен ишке кирген. Ошондуктан аны кайра чыгуу үчүн кайра эле өкмөттүн токтому менен өзгөртүп койсо болот. 
Биз киргизилип жаткан системаларды жөнөкөйлөштүрүп, кичи жана орто бизнеске жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Андан сырткары буга чейин патент  менен иштеген ишкерлер ошол маалда сатып алган товарларынын сатылбай калгандары дагы деле бардыгын айтып чыгышкан. Биз бул маселени мыйзамдуу чечип берели деп мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Ага ылайык, патент менен иштеп жатканда алынып, бирок убагында сатылбай калган товарлар 2025-жылдын 1-апрелине чейин документтештирилип, системага киргизилет дагы, Салык кызматында бул боюнча маалымат пайда болот. Андан ары ал товарларды сатууда эч кандай кыйынчылык болбошу керек.  Ал эми 1-апрелден кийин дагы документтештирилбеген товарлар болуп калса, алардын орточо баасынын 5 пайызын кармоо керек деген талап кирип жатат. Бирок бул келечекте, а азыр, келерки жылдын 1-апрелине чейин эч кандай айыппул дагы же башка чара да көрүлбөйт.