Чынара Мамажакыпова: «Дүйнө жана аял» долбоору аркылуу кыйналган айымдарга жардам бергим келет
Буга чейин ишкерлик менен алектенип, коомдогу окуяларга кайдыгер карабаган, кыйналган аялзатына колдоо көрсөтсөм деген ниет менен «Дүйнө жана аял» долбооруна Кыргызстандын атынан катышып жаткан Чынара Мамажакыпованы кепке тарттык.
– Чынара айым, «Дүйнө жана аял» долбоорунун бет ачаарын жасадыңыз. Бул долбоордун максаты кандай? Эмне иштер менен алек болот?
– «Дүйнө жана аял» долбоорунун тушоо кесүү аземи мен төрөлүп-өскөн Алайдын Гүлчө айылында өттү. Бул долбоор Кыргызстанда алгачкы жолу ишке ашып жатканы менен бул багытта 10 жылдан бери аракеттенип келдим. Көп жылдардан бери ишкерлик менен алектенип, аярлуу аялзатына «Аяр зат» коомдук бирикмеси аркылуу жеңилин жерден, оорун колдон алдым. Ошондуктан «Дүйнө жана аял» долбоору мен мурда эле жасап жүргөн иштин уландысы десем да болот. Долбоордун максаты – аялдардын укугун коргоп, кандай кыйынчылыкка кабылса да, ар тараптан колдоо көрсөтүү.
– Жоопкерчилиги чоң, түйшүгү көп долбоор сизди чарчатып койбойбу?
– Айымдардын көйгөйлөрүн сезген, билген адам катары «Дүйнө жана аял» долбоорун Кыргызстанда ийгиликтүү алып кете алам деп ишенем. Себеби, «Аяр зат» коомдук бирикмеси бир гана Кыргызстандагы айымдар менен чектелбей, жардамга муктаж бардык жарандар менен иш алып барчу. Россияда, Түркияда жана башка Азия өлкөлөрүндө мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз менен тыгыз иштешчү. Башкасын кой мамлекеттик кызматта туруп, жардамга муктаждарга да колдоо көрсөтчү.
– Бул долбоорго турмуштан запкы чеккен аялдар гана катышабы же катарыңарда телегейи тегиз айымдар дагы барбы?
– «Дүйнө жана аял» долбоору аял заты кайда болбосун өзгөчө көңүл бурууну ниет кылат. Тагыраагы, мигрант болобу, өлкө ичинде жашайбы, бардык айымдар менен ар тараптуу иш алып барат. Бул долбоор дүйнөнүн 35 өлкөсүндөгү айымдарды бириктирип, аялдардын улутуна, статусуна, сырткы келбетине карабастан бирдей мамиле кылууну максат кылат. Анткени, долбоорду негиздегендер дүйнө жүзүнөн чыккан ийгиликтүү ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана дүйнөлүк деңгээлде таанылган аялдар. Мага да долбоорду түзүүчүлөрдүн катарына кирүү оңой болгон жок. Ошентсе да, бул багытта өз жоопкерчилигимди сезип, колумдан келишинче салым кошууга аракет кылып жатам.
– Сыр болбосо бул долбоор кайсыл тармактар боюнча иш алып барат?
– Ден соолук, сулуулук
Моралдык жана психологиялык жардам
Материалдык жардам
Жумуш орундарын түзүү
Заманбап онлайн кызмат көрсөтүүлөр
Саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү. Ошондой эле Германияда айыккыс оору менен жабыркаган айымдарды акысыз дарылатууну көздөйт.
– Аталган долбоордун тоолуу райондо бет ачаарын кылууга эмне себеп болду?
– Тоолуу райондордо жашаган айымдарга өзгөчө көңүл буралы, алардын көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө аракет кылалы, зордук-зомбулукка жол бербейли деген ниетте бет ачаарын тоолуу райондо кылдык.
– Дүйнө жана аял долбоорунун максаты бийик экен. Анын баарын ишке ашыруу убакыт менен каражатты көп талап кылбайбы?
– Албетте, бул долбоор убакытты да, каражатты да талап кылат. Мен буга чейин эле мындай маселелерден аянбай эле чоң каражаттарды жумшап келдим. Себеби, күн сайын зордук-зомбулукка кабылып, кыйналган айымдарга колдоо көрсөттүм. Тилекке каршы, айрым учурларда жабырлануучуларды коргоо мыйзам жүзүндө жетишсиз болуп, кылмышкерлер жазасыз калып, зордук-зомбулукту уланып жаткан учурлар болду. Ошон үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн чыккан айымдар биригип, «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей кор болгон аялдарды дүйнөдөгү бардык аялдар коргойт деген маанайда ишти баштап жатабыз. Жакынкы күндөрү 35 мамлекеттен келген айымдар Стамбул шаарында биринчи курултайы өтөт. Андан кийин ар бир өлкөдө курултай өткөрүүнү пландап жатабыз. Мен дагы Кыргызстандан 35 өлкөдөн келген айымдардын курултайын өткөрүүнү самап жатам. Сентябрь айынан баштап 7 дубанды кыдырып, айымдар менен тыгыз иштөөнү баштайм.
Бул долбоор менен аялдардын үнүн угузуп, жашоодо өз ордун табуусуна жардам бергим келет.
