Полина Фурсова: Өз сезимдерин так тааный билген адам эмоциясын башкара алат
23 январь

Полина Фурсова: Өз сезимдерин так тааный билген адам эмоциясын башкара алат

Эмоциялар бул биздин психиканын көптөгөн маанилүү жана зарыл функцияларды аткарган бөлүгү, дейт биздин туруктуу эксперт, педагог-психолог Полина Фурсова. Чынында эле, алар адамдардын мамилелеринде маанилүү роль ойношот. Эгер аларды башкара албасак, бул көптөгөн конфликттерге же атүгүл мамилелердин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Аларды кантип туура билдирип жана пайдалануу керектигин атайын “Каравае-Инфо” үчүн даярдалган интервьюдан окуңуздар.

– Полина, келиңиз, бүгүн эмоция жөнүндө сүйлөшөлү. Эмоция деген эмне жана ал биздин жашообузда кандай роль ойнойт?

– Эмоциялар – бул биздин психикабыздын бир бөлүгү, ал көптөгөн маанилүү жана керектүү функцияларды аткарат. Адам үчүн эмоцияларга ээ болуу эволюциялык жактан маанилүү болгон. Бала жашап кетиши үчүн энеси аны унутпай тамактандырып жана жылыуулап турушу керек. Бала бул нерсени энесинин эсине эмоция аркылуу салат: ыйлайт, күлөт. А энеси жооп иретинде камкордук көрөт. 

Эс тарткан сайын эмоциялар биздин жашообузда өзүбүздү жана башкаларды түшүнүүгө жардам берип, башкы ролду ойнойт. Бала кездеги жашап кетүүгө көмөк болгон эмоциялар, эрезеге жеткенден кийин өзүн-өзү жөнгө салуу, аң-сезимдүүлүк жана жеке өнүгүү куралдарына айланат.

– Эмоцияны көзөмөлдөгөндү кантип үйрөнсө болот? 

– Эмоцияны башкаруу – бул көзөмөл эмес. Эмоцияны башкаруу – бул мен өз сезимдеримди айырмалап тааный билгеним. Сүйлөшүүнүн ылайыктуу вариантын таба билүү. Мисалы, баарлашып жаткан адамга каршы ачууланууңду же эмоцияңды так, айкын сөз менен жеткирүү: "Мен ар кимдин өз пикири болоорун түшүнөм, бирок мен муну кабыл алууга даяр эмесмин, мага бул туура келбейт". 

Биринчи учурда мындай мамиле көбүнчө конфликтке алып келип, мамилени бузушу мүмкүн.  Экинчи учурда эмоциялар жеке сезимдердин негизинде билдирилип жатат.  Мында, таарыныч эмес, диалогго орун калтырылды. 

Бул жерде мага Оскар Уайльддын фразасы жакын сезилет: “Мен өз эмоцияларымдын башкаруусунда болгум келбейт. Мен аларды колдонууну, башкарууну жана ырахаттанууну каалайм”. 

– Анда суроону башкача берейин: жеке эмоцияларды башкарууну кантип үйрөнсө болот? 

– Биринчиден, мен жеке эмоцияңызды байкоону үйрөнүүнү сунуштайт элем. Көбүнчө биз тиричиликтин түйшүгүнө түшүп кетип, эмне сезип жатканыбызды так билбей калабыз. Өзүңүздөн: “Мен азыр эмнени сезип жатам?”, “Бул денемдин кайсы жеринде?” – деп сураңыз. 

Экинчиден, эмоцияңызды сын такпай кабыл алуу маанилүү. Көбүнчө биз эмоцияларыбызды “жакшы”, “жаманга” бөлүп салабыз, бирок ошол эле учурда эмоциялар бизге белги беришет.  Мисалы, коркуу коркунучту эскертет, а кайгыруу жоготууну жашап өтүүгө жардам берет. 

Андан ары эмоциялык ийкемдүүлүктү өнүктүрүңүз. Бул бул же тиги кырдаалга кандай реакция кылууну тандоо мүмкүнчүлүгү. Эмоциялар күндөлүгүн түзүңүз, ал сизге сезимдериңиздин динамикасын байкоого жардам берет.