Айкан Шукурова: Кандай бизнес болбосун өзүңө ишенишиң керек! 
22 ноябрь

Айкан Шукурова: Кандай бизнес болбосун өзүңө ишенишиң керек! 

Кыргызстанда бүгүн, 22-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкерчилигинин күнү белгиленет. БУУ 2014-жылдан тартып колдоого алып келаткан бул глобалдуу демилге дүйнөдөгү ишкер айымдарды колдоого жана укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Учурда дүйнөнүн 140 өлкөсүн камтыйт, анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул күнгө байланыштуу ишкер айым Айкан Шукурова кыргызстандык ишкер айымдар кандай көйгөйлөргө туш болушат жана өлкөбүздө иштиктүү аялдарга инвестициялоо канчалык маанилүү экенин айтып берди. 

– Айкан, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, бизнеске кантип келип калдыңыз эле? 

– Менин атым Айкан, 43 жаштамын. Турмушка чыккам, үч сонун балдардын энесимин. Абдан көп убакыттан бери, тагыраагы, 13 жашымдан тартып бизнес менен алектенип келем. Союз тарагандан кийин, көпчүлүк үй-бүлөлөрдөй эле биздин үй-бүлө дагы жаңы экономикалык шарттарга ыңгайлашып, ишкердик менен алектене баштаган жана бүгүнкү күнгө чейин улантып келатат. 

– Демек, сиз сериялык ишкерсиз. Бир убакта бир нече бизнес-багыттарды ишке киргизүү кыйынбы? 

– Албетте, оор. Айрыкча, бизнести бутуна тургузганга чейинки убакта. Бирок кийин милдеттердин баарын өзүмө үйө бербей бөлүштүрүп, өзүм үчүн убакыт табууга үйрөндүм, антпесе болбойт.

– Айым-ишкер катары кандай негизги маселелерге кабылдыңыз? 

– Эркектин күчү зарыл болгон иштер мага кыйынчылык жаратты. Анын үстүнө мен жубаймын, үч баланын энесимин, үй тиричилигине, балдарга камкордук көрүүгө, үй-бүлөгө да убакыт табышым керек. Бирок жогоруда айтканымдай кийинчерээк, милдеттеримди бөлүштүрө алдым. Ошентип, жардамчыларым пайда болду, жеңилдик жаралды. 

– Аялдардын ишкерчилиги эркектердин ишкерчилигинен эмнеси менен айырмаланат? Сиздин аял экендигиңиз бизнести алып кетүүнү кыйындатабы же тескерисинче жеңилдетеби? 

– Билесизби, мен айырмачылыгын деле сезбейм, бул балким, жолдошум дайыма менин жанымда болгонунан улам болсо керек. Биз бизнести биргеликте жүргүзөбүз, ал бардык жактан мени колдойт жана жардам берет. 

– Сиздин оюңузча, ишкер аялдарга инвестиция салуу маанилүүбү жана эмне үчүн?

– Менимче, аялдарга инвестиция салуу абдан маанилүү. Байкашымча, биздин өлкөдө күчтүү, акылдуу, демилгелүү аялдар көп. Бирок сырттан колдоо болбогондуктан алар өсө алышпайт, кээде жеке бизнесин да баштай алышпайт. Мындан тышкары, биздин аялдардын негизги милдеттери: күйөө, балдар, тиричилик, туугандар. Ошондуктан алар кошумча колдоого муктаж. Бирок мындай кыйынчылыктарга карабастан, көптөгөн аялдар жашоонун бардык тармактарын айкалыштырууга жана аны татыктуу алып кетүүгө үйрөнүштү. Биздин аялдардын потенциалы чоң, алар эмгекчил, стресске чыдамдуу, демилгелүү жана чыгармачыл, так ушундан улам аларга инвестиция салууга болот. Кошумчалай кетсек, аялдар жетектеген бизнеске инвестиция салуу аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

– Ишкер кандай жөндөмгө ээ болушу керек деп ойлойсуз?

– Биринчиден, өзүңө ишенүү керек, андай болбосо бизнес баштабай эл койгон оң! Дайыма өзүн-өзү өнүктүрүү абдан маанилүү: эгер бүгүн сиз жогоруда болсоңуз, эртең жаш жана дымактуу адистер сизден ашып кетиши мүмкүн. 
Ошондой эле ийкемдүү, тобокелчиликке баруудан коркпоо жана ыкчам болуу да маанилүү. Анан, албетте, өзүмдү сүйүү жана сыйлоо  - бул менин философиям!