Азамат Болотов:  Пенсиясы 10 миң сомго жетпеген пенсионерлер үчүн мончого, тиш догдурга акча бөлүнөт. Кандай социалдык жардамдарды алууга болоорун билесизби? 
17 август

Азамат Болотов:  Пенсиясы 10 миң сомго жетпеген пенсионерлер үчүн мончого, тиш догдурга акча бөлүнөт. Кандай социалдык жардамдарды алууга болоорун билесизби? 

Кыргызстанда калкка социалдык кызмат көрсөтүүнүн деңгээли кандай? Жөлөк пулдар жана ар кандай жардамдар жарандарга кайсы критерийлердин негизинде көрсөтүлөт? Ушул жана башка суроолорго Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Азамат Болотов жооп берди. 

– Даректүү социалдык жардам алчу адам кандай талаптарга жооп бериши керек? 

– Бишкек шаарындагы эң негизги талап – Бишкек шаарында каттоосу болушу керек. Анын негизинде, пенсиясы 10 миң сомдон ашпаган пенсия курактагы адамдарга мончого, чачтарачка жана тейлөө көрсөтүү кызматтарына чыгымын төлөп беребиз. Сөөк коюу кызматына дагы акчалай жардам беребиз. Ошондой эле, стоматологиялык поликлиникалар менен келишимибиз бар, пенсиясы аз жарандар кайрылса, тиш жасатууга ошол поликлиникаларга жиберип, бекер жасатып беребиз. 

– Ушундай жардамды бүгүнкү күнү канча адам алат? 

– 2025-жылдын 1-январына карата даректүү социалдык жардамды 4 миңден ашуун адам алган. 

– Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулу боюнча кандай талаптар бар? 

– Бул жөлөк пул шаарда туруктуу каттоону талап кылбайт. Биздин райондун аймагында жашаган, бирок каттоосу жок жарандар кайрылса, текшерип, талаптарга жооп берсе чегерилет. Көп балалуу – учурдун ченеми менен алты жана андан көп бала.  Бирок бир балалуу үй-бүлө дагы жөлөкпулга муктаж болсо, турмуштун оор кырдаалына кабылса, аларга да берилет. 

Мында жалпы үй-бүлөнүн кирешеси бир адамга 1000 сомдон ашпоого тийиш. Мисалы, үй-бүлө мүчөлөрү беш адамдар турса, айлык кирешеси 5 миңден ашпашы керек.  

– Үй-бүлөнүн жөлөкпулга муктаж экенин кантип аныктайсыздар? 

– Алар арыз менен кайрылышат, биз үйүнө барып, акт түзөбүз. Азыр “Түндүк” тиркемеси аркылуу маалыматтарды алуу жеңил болуп калды. Ал жактан карап, изилдейбиз, кыймылсыз мүлкү бирөөдөн ашык болбоого тийиш. Эгерде айылда үлүш жерлери болсо, анда аларга жөлөкпул чектеп берүү кыйын болуп калат. Анткени, үлүш жерден Соцфондко төлөм төлөнөт, жер ээлери иштеген адамдардай эле кийин пенсияга оңой чыгышат. Кээ бир учурда бизге үлүш жерлери бар адамдар жөлөкпул маселеси менен кайрылышат. Биз аларга түшүндүрүп бергенибизде, көбү жөлөкпулдан баш тартышат. Биз Мамлекеттик каттоо кызматы, патент алды беле, ишкердик жүргүздү беле деген негизде Мамлекеттик салык кызматы, Соцфонддон маалыматтарды алабыз. 

– Машинаң болсо дагы жөлөкпул ала албайт экенсиң деп айткандар бар. 

– Машина боюнча айтсам, 20 жылдан жаңы болбогон машина болсо ал эсепке алынбайт. Мурдагыдай үйүң мыкты салыныптыр, мотоциклиң бар экен дегендей талаптар азыр жок. 

– Калктын аярлуу катмарларына кимдер кирет? 

– Биринчи май району борбордук район болгондуктан, 250 миңдей адам жашайт. Бирок ошонун ичинен 120-124 үй-бүлө гана үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулун алат. Булар биздин талаптардын баарына жооп берип, чын эле аз камсыз болгондор. Мына, ошолор турмуштун оор кырдаалында калган үй-бүлө деп эсептелинет. Арасында шаарда туруктуу каттоосу жок болсо дагы, факт жүзүндө жашаган, бүт документтери барлар дагы бар. 

– Үй-бүлөдө пенсия алган жаран болсо, анын пенсиясы да киреше катары эсептелинеби? 

– Жок, улуу адамдардын пенсиясы жалпы кирешеге кошулбайт. Балдарына жөлөкпул алууну каалаган үй-бүлөнүн атасынын жана апасынын гана кирешеси, ишмердүүлүгү текшерилет.