
Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев: Биз июлдан тартып 1996-жылга чейинки маянаны тастыктоону сурабай калдык
“Караван-Инфо” редакциясы кайсы бир себептер менен Соцфондго төлөй албай келген жарандар эмне кылышы керектиги боюнча Социалдык Фонддун төрагасы Бактияр Алиевге кайрылды.
- Кайра куруу маалында жана эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында иштеген, бирок документтери сакталып калбаган адам эмне кылышы керек?
- Социалдык фонддо пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 2 бөлүккө бөлүнөт – 1996-жылга чейин жана 1996-жылдан, персоналдашкан эсепке алуу киргизилгенден кийин.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү белгиленип, биз 1996-жылга чейинки маянаны тастыктоону талап кыла баштаганда көпчүлүк пенсионерлерде көйгөй жаралды. Көбүнчө пенсионерлер ар кандай – архив өрттөнүп кеткен же суу каптаган, Советтер Союзу урагандан кийин мекеме маяналар боюнча эсептик документтерди архивге өткөрбөгөн ж.б. – себептерден улам тастыктай алышкан эмес.
Бул пенсионерлерибиз үчүн абдан чоң ыңгайсыздык жаратты. Ошондуктан пенсия системасын реформалоонун алкагында биз 2024-жылдын 1-июлунан тартып пенсияга чыгууну жеңилдеткен жаңы норма киргиздик, башкача айтканда, азыр биз 1996-жылга чейинки маянаны тастыктоону сурабайбыз. Паспорту менен эмгек китепчесин көрсөтүү гана жетиштүү, ушул эки документтин негизинде Социалдык фонд пенсия белгилейт. Башка учурларда, мисалы адам ден соолукка зыяны тийген шартта эмгектенсе, кошумча, ырастоочу документтерди көрсөтүүгө тийиш.
- Эгерде пенсияга чыккан учурда эмгек стажы боюнча бардык документтер чогулбай калган болсо, аны азыр жасаса болобу же эскирүү мөөнөтү барбы?
- Пенсионер эмгек стажы боюнча кошумча маалыматтарды каалаган учурда берүүгө укуктуу. Социалдык фонд тастыктоочу документтер берилген күндөн тартып пенсияны кайра эсептейт.